Читайте также: |
|
Ар кандай социалдык толкундоолор адатта көп кырдуу себептерден улам келип чыгып, кээде жарандарды эң эле акыркы деп эсептелген чараларга барууга мажбур кылат. 2005-жылдын март айында түзүлүп калган коомдук-саясий кырдаал абдан чыңалган жана жарылып кете турган чекке жетип калган болчу. Өлкөдөгү терең системалык кризис жана бийликтин реформаларды жасоого барууга жөндөмсүздүгү адамдарды аянтка алып чыкты. 2005-жылдагы парламенттик шайлоолордо өтө орой укуктук бузуулардын орун алышы Кыргызстандын элинин эң соңку чыдамын кетирген, массалык нааразычылыктарга түрткү болгон жардыргыч зат болуп калды, ал нааразычылыктар учурунда элдер акыйкаттыкты жана мыйзамдуулуктун сакталышын талап кылып жатышты. Эреже катары, мындай учурларда саясий оюнчулар абдан активдешип кетишет да, саясий системанын, дегеле мамлекеттин өнүгүшү боюнча ар кандай варианттарды сунуш кыла башташат. Албетте, көпчүлүк жарандар жана коомдук ишмерлер бул кризистен эптеп чыгып кетүүчү жолдорго мүмкүндүк бере ала турган чараларды ак дилинен издөөгө багыт алышат. Бирок, сөзсүз түрдө мындай учурду пайдаланып калып, атайын иштелип чыккан ыкмалардын аркасы менен коомчулукту талаштын чыныгы маңызынан адаштырып, жарандардын башын айлантып, ошол аркылуу өз кызыкчылыгына жетишкен саясатчылар да болушат. Кризистик учурда өздөрүнүн геосаясий амбицияларына жетүүнү көздөшкөн, өз эрежелерин таңуулап, элдик массаны башкарып алууга умтулган сырткы факторлор жана күчтөр да аралашып кетишет.
2005-жылдагы март революциясынан кийин конституциялык реформа жөнүндө мыйзамченемдүү суроо жаралды, жаңы бийлик жарандардын бийликти жана анын институттарын, саясий системаны, мамлекеттик түзүлүштү жана дегеле коомду толугу менен түп-тамырынан бери акыйкаттык менен жаңылап, кеңири масштабдагы экономикалык реформаларга баруу жөнүндөгү талабын канааттандырууга милдеттүү болчу. Ошол күндөрдө менин көп тарапкерлерим бардык маселелерди “декреттик” жол менен чечүүгө барууну сунушташкан, алар кийинчерээк, 2010-жылы бийликке келишкен соң өздөрү ушул жолго барышкан. Бирок, мен мындай мыйзамсыз ыкмаларга барууга караманча каршы болуп туруп алдым. Конституциялык реформа жолу менен чече турган негизги маселе саясий инфраструктуранын ар түркүндүүлүгү менен байланышкан болчу, коом ар кандай саясий багыттагы көп топторго бөлүнүп калган эле. Саясий процесстин субъектилери Кыргызстандын мындан аркы саясий түзүлүшү боюнча диаметралдуу карама-каршы моделдерди сунуш кылып жатышкан. Коомдогу кооптуу же агрессивдүү маанайды басаңдатып, жумшартуунун ордуна, ансыз деле туруксуз болуп турган саясий системаны ого бетер шалдыратып салууга кызыкдар болуп турушкан күчтөр да көп эле. Президенттик башкаруунун америкалык системасынын модели, Батыш Европанын парламенттик системасы, аралашма формадагы башкаруу системалары сунуш кылынып жаткан. Биздин алдыбызда – бардык саясий күчтөрдүн, а эң башкысы - өлкө жарандарынын кызыкчылыктарын канааттандыруу деген абдан кыйын милдет турду. Демек, тарыхый жактан улантып кетүүчүлүктү, жана ошондой эле өлкөдөгү реалдуу саясий жана экономикалык кырдаалды эске алуу менен бирге, эң эле натыйжалуу моделди тандап алуу зарыл эле.
2005-жылдын апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан Конституциялык Кеңеш түзүлгөн, анын курамы өлкөдөгү дээрлик бардык саясий боектун баарын чагылдырып турган. Ага мыйзам чыгаруучу, аткаруучу, сот бийликтеринин, жарандык коомчулуктун өкүлдөрү киришкен. 2005-жылдын апрелинен баштап, бул кеңеш иштей баштаган. Алгач КК 105 мүчөдөн турса, кийинчерээк жарандык коомдун жана саясий партиялардын талабы боюнча 300 мүчөгө чейин кеңейтилген. Конституциялык Кеңештин секретариатына алгач иштей баштаган күндөн баштап эле, Негизги Мыйзамдын көптөгөн долбоорлору, ошондой эле бардык кызыкдар тараптардан конкреттүү сунуштар жана эскертүүлөр келип түшө баштаган.
Сунуш кылынган долбоорлордун арасында Элдик Жыйын идеясы бар академик Т. Койчуевдин иши, депутат К. Байболов менени Ф. Куловдун парламенттик-президенттик башкаруу модели, коомдук ишмер С. Назаровдун кыргыз элинин менталитетине жана каада-салттарына таянган моделдери башка иштерден кыйла айрымаланып турду. Көп долбоорлор жалаң гана элдик каада-салттарга жана да кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхый институттарына негизделиптир.
Асыресе, Конституциялык Кеңештин иши күтүлгөн жыйынтыкты бере алган жок, анткени, анын мүчөлөрү реформанын негизги жоболору боюнча бирдиктүү бир позицияны иштеп чыга алышкан жок. 2005-жылдын күзүндө өткөрүлгөн “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун жалпы элдик талкууга алуу учурунда айтылган сунуштарды жана эскертүүлөрдү талдоо дагы бул маселенин маңызын жеткире түшүнбөгөндүктү жана карама-каршылыктуу көз караштардын орун алгандыгын көрсөттү. Жалпы элдик талкуунун көпчүлүк катышуучулары жана Конституциялык Кеңештин мүчөлөрү биринчи иретте башкаруу формасын тандап алып, андан соң гана Негизги мыйзамдын долбоорун иштеп чыгууга киришүү зарыл экендигин түшүнүштү.
2005-жылдын декабрында Конституциялык Кеңештин жыйынында 2006-жылы башкаруунун формасын, же Конституциянын долбоорлорунун варианттарын бирин тандап алуу үчүн жалпы элдик референдумду өткөрүү чечими кабыл алынган.
2006-жылдын жазынан баштап, атайын түзүлгөн эксперттик топтун Негизги мыйзамдын варианттарынынын маңызын түшүндүрүп берүү үчүн республиканын бардык региондоруна баруулары башталды. Электорат менен болгон ошол жолугушуулардын жыйынтыктары жөнөкөй элдин басымдуу бөлүгү күчтүү бийлик, күчтүү президент жана да элдин алдында жоопкерчиликтүү болгон мамлекеттик органдарды көргүлөрү келип жатканын билдирип турду. Чоң эсеп боюнча алып караганда, элге анын коопсуздугун камсыз кылып, эң эле зарыл болгон керектөөлөрүн жана муктаждыктарын камсыз кыла алган бийлик керек болчу, ал эми ал бийлик кандай башкаруу формасында болот – мунун көпчүлүк үчүн мааниси деле жок болчу.
Ошол эле учурда, өлкөдөгү кырдаал күн өткөн сайын уламдан-улам чыңалып, көп саясатчылар парламентаризм идеясын, референдум мындай турсун, эч кандай талкууларсыз эле күчкө салып өткөрүүгө, тез аранын ичинде парламенттик башкаруу системасына негизделген жаңы конституцияны кабыл алууга далалат кыла башташты. Массалык-маалымат каражаттарында айрым “эксперттердин” жазгандары жарыяланып, алар демократияны элдин көз карашын, каалоосун аныктабай туруп эле курууга болот, мындай ийгиликке жетүүгө күчтүү саясатчылардын тар чөйрөсү эле жетиштүү деп далилдөөгө аракет кылып жатышты.
Негизги талаш президент жана парламенттин ыйгарым укуктарынын тегерегинде жүрдү. Парламенттик республика идеясын кабыл алууга болбой тургандыгын түшүнүү менен бирге, биз белгилүү бир өлчөмдөгү компромисстерге жана макулдашуу жол-жоболоруна барууга мажбур болдук. Ошол эле учурда, өзүбүзгө алган жоопкерчиликти түшүнүп, мен Конституциялык Кеңештин секретариатына компромисстик сунуштарды эске алуу менен, бийликтин аралашма модели боюнча долбоорду даярдоону тапшырдым. Бул долбоордун негизги идеясы күчтүү жана жоопкерчиликтүү бийликти орнотуу менен байланышкан эле, башкача айтканда, - күчтүү президент, күчтүү парламент, көз карандысыз сот жана күчтүү жарандык коом деген схеманы ишке ашыруу каралган болчу. Абдан катуу талаш-тартыштарды жараткан негизги эки суроо - өкмөттү түзүүгө жана анын көзөмөлгө алынып, отчет берүү жол-жобосуна барып такалып жаткан. Экинчи эң эле тагдыр чечүүчү маанилүү маселе – Конституциялык соттун тагдыры болуп калды. Алгач мен Жогорку сот менен Конституциялык сотторду 2010-жылдан кийин жасашкандай, бириктирип салууга ынанып турган элем. Бирок, узакка созулган ойлонуудан жана консультациялардан кийин, мен Конституциялык сотту конституцияны коргоо боюнча өз алдынча орган катары сактап калуу керек деген чечимге келдим. Бул туура чечим болгон деп эсептеймин. Соттук акыйкаттык милдеттери ар түрдүү болгон сот органдарын бириктирип салууга болбойт.
2006-жылдын ноябры бурулуш жасаган учур болуп калды, “Реформалар үчүн” кыймылынын кысмакка алуусу менен, биз конституциянын жаңы редакциясын кабыл алдык. “Ак Үйдүн” тегерегинде жана “Ала-Тоо” аянтында эмне болгондугу баарынын тең эле эстеринде жакшы сакталып калган болушу керек. Бирок, коомчулук ошол күндөрдө республиканын тагдырына байланышкан мамлекеттүүлүктүн негиздерине кандай коркунучтар жаралганы жөнүндө азырга чейин билбейт. Оппоненттер тарабынан чогултулган канчалаган боец-спортсмендер чабуул жасоого даяр турушкан, алардын колдорунда көп куралдар бар болуп, ушунун өзү эле кан төгүүгө алып келиши мүмкүн эле. Куралдар жада калса Өкмөт Үйүнүн жанына токтотулуп коюлган жеңил машиналардын ичинен да табылып жатты. Ошондуктан, конституциянын компромисстик вариантынын пайда болушун ошол кездеги саясий кризистин курчуп кетишинин башкы жыйынтыгы катары эсептөө керек. Көчө жана оппозиция лидерлери ошол жылы ноябрда өз эрктерин абдан катуу таңуулашкандыктан, бул долбоор макулдашуучу жумушчу тобу тарабынан тез аранын ичинде, эч экспертизасыз жана терең талдоосуз даярдалган болчу. Дагы бир жолу кайталап айтып коеюн, - өз пикирлештеринин колдоосуна таянышкан көчө трибуналары тез аранын ичинде Негизги мыйзамды кабыл алууну талап кылышкан. Туруктуулукту сактап калып, алдын ала айтууга мүмкүн болбогон окуялардын келип чыгышын болтурбоо үчүн, биз ноябрдагы конституцияга кол коюуга барганбыз. Мен ошол кезде түзүлгөн кырдаалды драмалаштырып жаткан жокмун, бирок, өлкө чындыгында эле жарандык согуштун, бөлүнүп кетүүнүн жана кан төгүүнүн алдында турган.
Айрым бир тар чөйрөдөгү адамдар үчүн бул өлкө үчүн тагдыр чечүүчү күндөрдө улут кызыкчылыгы улам арылап, артка сүрүлүп, алардын өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары улам барган сайын алдыңкы орунга чыга баштаган. Бул адамдар жаңы бийликтин ишине тоскоолдук кылуу үчүн баарына барууга даяр турушкан. Конституциялык реформа бүтпөй калганын түшүнүп турсак да, биз коомдогу чыңалууну азайтуубуз керек болчу, анткени, кабыл алынган долбоордо көптөгөн карама-каршылыктар орун алып, мамлекеттин негиздерин кыйратуучу нормалар негизделип калган эле. Тилекке каршы, азыркы иштеп жаткан 2010-жылы кабыл алынган Конституцияда да чала иштелип калган жагдайлар бар. Бул партиялардын бөлүштүрүп алуу принцибинин негизинде түзүлгөн бийликтин жоопкерсиздик мамилесин жараткан жана ушуга жол берген жоболорго байланыштуу, бул болсо коомчулуктун бөлүнүп-жарылуусун жаратып, саясий топторго карата көз боемочулук мамиле кылып, аларды бири-бири менен кагыштырууга, алардын ички партиялык ишмердигине бөлүү жана алсыздандыруу максатында таасир этүүгө мүмкүндүк берет. Саясий оппоненттер үчүн ошол кезде президенттин жана парламенттин ыйгарым укуктары жөнүндөгү маселе гана кызыктуу болуп турган. Алар адам укуктары маселесине, соттордун көз карандысыздыгына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жүргүзүлүшүнө кызыгышкан эмес. Эң башкысы - парламенттин пайдасына ыйгарым укуктарды көбүрөөк берип, президенттин бийлигин алсыратуу гана болгон, калган маселелердин баарына тең алар кайдыгерлик менен карашкан.
Биздин соңку жаңы тарыхыбыз абийирлери таза эмес саясатчылар тарабынан жасалган интригалуу, саясий оюндарга жана фактылардын бурмаланган мисалдары абдан көп, алар өз жеке амбицияларын канааттандырып, өз максаттарына жетүү үчүн баарына барууга даяр турушкандыктан, бул көп учурларда өтө трагедиялуу жыйынтыктарга алып келип жатат.
Мен өз ишмердигимде интригачылардын жана абийири таза эмес саясатчылардын кысымын такай сезип келдим, бул айрыкча конституцияны даярдоо мезгилинде болду, бирок, мен аларга коомчулукка жана элге таянуу менен туруштук бергенмин. Дал ошондуктан улам, Конституциялык Кеңештин курамы ушундай чоң болгон. Жарандык коомдун ролу саясатчылардын таасирине караганда алда канча маанилүү болуп келген, анткени, алар конституциялык өзгөртүүлөр боюнча маанилүү эскертүүлөрдү жана түзөтүүлөрдү сунуш кылыша турган. Ошентсе да, эң соңку чечимди кабыл алуу саясатчылардын колундагы нерсе болгондуктан, өлкө жетекчиси үчүн бул маселелердин чечилбестен кала бербей, бузулбай кабыл алынышы маанилүү болчу. Парламенттик башкаруунун натыйжасыздыгын, демек, ушундай ошол кездеги биздин шарттарда жоопкерсиздикти, башкарууну жок кылып, хаосту колдогон системаны кабыл алууга болбостугун тажрыйба көрсөттү. Баштан өткөн тажрыйбадан өткөн мыкты окутуучу жок, - ал кымбат бааны алат, бирок, абдан жакшы түшүндүрөт деген сыяктуу эле болду.
2006-жылдын ноябрында кабыл алынган Конституция бир нече күн өткөндөн кийин эле ыңгайсыз сезимдерди жаратты, анткени, Жогорку Кеңештин депутаттары өздөрү кабыл алууга болбой турган жоболорду камтып калганын түшүнүштү. Анан калса, эң эле уят нерсе, бул текстте Конституциянын өзүнүн иштешине тыюу сала ала турган нормалар кирип калгандыгы болду. Муну кандайча түшүнүүгө болот? Биринчи жободо 1993-жылы 5-майда кабыл алынган КР Конституциясын тиешелүү редакцияда кароо жөнүндө сөз болсо, акыркы жободо аны толугу менен күчүн жоготкон жобо катары кароо айтылган. Ошентип, жаңыланган Негизги мыйзамдын вариантын жазуу менен катар эле, анын иштебей тургандыгын таануу дагы сунуш кылынган. Кабыл алынган конституциянын жоболору өкмөттү түзүү маселесинде да татаалдык жаратты. Мындай учурлар арбын учурады. Мындай мыйзам чыгаруучу нонсенс парламенттик система идеясына үндөшкөн жоопкерчиликсиз саясатчылардын кысмагы алдында гана мүмкүн болду. Эң эле жулкунгандар Өмүрбек Текебаевдин шакирттери болду, ал үчүн болсо парламентаризмди өнүктүрүү эмес эле, Бакиевдин бийлигин алсыздандыруу эң эле маанилүү маселе болчу.
Бул коллизияны түшүнүшкөн соң, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары КР Конституциясынын жаңы долбоорун демилгелеп чыгышты, андан кийин 2006-жылдын 30-декабрында парламент анын жаңы редакциясын кабыл алып, көп карама-каршылыктарды жок кылды, бирок, башкаруу системасы өзгөрүүсүз калтырылды. Эң башкысы, - ноябрдагы жана декабрдагы конституциялар бийликтин колун байлап, масштабдуу реформалардын жүргүзүлүшүн жокко чыгарды. Ноябрдагы жана декабрдагы конституцияларды кабыл алуу учурунда Жогорку Кеңештин депутаттары ЖК регламентине толуктоолорду киргизүү жолу менен кабыл алуу жол-жобосун дагы бузушканы жөнүндө дагы айтпай кое албаймын. Алар конституциянын өзүнүн талаптарын айланып өтүү менен бирге, ага Конституциялык соттун чыгарган жыйынтыгы жок туруп толуктоо киргизүүгө барышты. Ошол эле учурда, аны абсолюттук көпчүлүк добуш менен, эки жолкудан аз эмес окуудан кийин кабыл алуу керек деген конституциялык талапты эки жолу тең бузушту. Жогоруда келтирилген айрым көрүнүштөр биздин көптөгөн карама-каршылыктарды жыйып алгандыгыбьзды, ал эми конституциялык реформа өзүнүн аягына чейин чыгарылбай калганын күбөлөп турат.
Ноябрдагы жана декабрдагы конституциялар кабыл алынгандан кийин мен - аны нейтралдуу, адистер – саясатчылар эмес, юристтер жасашы керек деген жыйынтыкка келдим. Алар дайыма өз кызыкчылыктарына карата тарта беришет. Саясатчылардын милдети принципиалдуу суроолорду компромисстик негизде чечүү менен гана чектелиши керек. 2006-жылдагы Конституцияны кабыл алууга байланышкан бардык процесстер бир гана бийликти бөлүштүрүү максаты менен чектелди. Ошентсе да, кабыл алуу кыска убакытта болуп, кемчилдиктер орун алгандыгына карабастан, бул конституциянын тексттеринде заман талап кылып жаткан жаңы жоболорду жетишерлик санда бекитүүгө жетиштик. Ошондой өтө келечектүүлөрү эркектер менен аялдардын тең укуктуулугун тастыктоо боюнча гендердик теңчилдик жана аны ишке ашыруудагы мүмкүнчүлүктөр жөнүндөгү норманын бекитилиши болуп калды. Адам эркиндиги жана жаран укуктары багытында мамлекет кош жарандуулукту тааныды, өлүм жазасына тыюу салынды. Камакка алуу жөнүндөгү санкциянын сот органдарына өткөрүлүп бериши жөнүндөгү нормада кармалган адам өзүнүн кармалышынын мыйзамдуулугу жөнүндө суроону чечүү үчүн 24 сааттын ичинде сотко жеткирилиши керек деген сыяктуу нормалар да олуттуу жетишкендик болуп калды. Саясий системаны өркүндөтүү маселесинде КР Жогорку Кеңеши 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланышы керек деген жобо да жаңы киргизилди, ошол эле учурда алардын 50 пайыздан кем эмеси пропорционалдуу система боюнча шайланышы керек болду. Ушул позитивдүү өзгөрүүлөрдүн баары тең - аң-сезимдери жогорку деңгээлдеги жарандардын, кайдыгер карай албаган жарандык коомдун сиңирген эмгеги болуп калды.
2007-жылкы Конституциялык реформа 2007-жылдын октябрындагы жаңы редакцияны кабыл алуу менен аяктады. Эми кыйла убакыт өткөн соң, бул документ бир бүтүн, системалуу жана салмактуу болгондугун, бийликке республиканын турмушундагы бардык тармактарда мамлекеттик саясатты өнүктүрүүгө натыйжалуу жана динамикалуу мүмкүнчүлүктөрдү берген деп айтууга болот. Конституциянын 2007-жылдагы редакциясы авторитардык катары сынга алынып келе жатканына карабастан, ал бардык конституциялык институттардын иштешин так жана түшүнүктүү жөнгө салгандыгы менен айрымаланып турат, ар бир конституциялык субъект өзүнүн ыйгарым укуктары жөнүндө ачык түшүнүктөргө ээ болуп, аларды ишке ашыруудагы жоопкерчиликтерин билип келген. Дал ушундай жазылган нормалардан улам гана, биз кыска убакыттын ичинде саясий реформалоодо, экономикада, социалдык тармакта көрүнүктүү жыйынтыктарга жетише алдык.
Кийинки бир нече жылдын ичинде, биз мурунку ондогон жылдарда жасалбаган иштерди жасай алдык. Бул дал ошол 2007-жылы кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынан улам мүмкүн болду. Мен муну ошол жылдардагы көптөгөн жаңы программаларга жана долбоорлорго өздөрү түздөн-түз аралашкан мурунку жана азыркы мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдөрдүн кызматкерлеринин эстеринде болсо керек деп ойлоймун. Алар эки мезгилди тең салыштыра алышат, жана да 2010-жылга чейин алардын эмгеги канчалык натыйжалуу болгондугун белгилей алышат. Биз көп мамлекеттик программалардын жана улуттук долбоорлордун пакетин иштеп чыктык, мамлекеттик, коомдук жана маданий тармактардын баарын өзүнө камтып турган долбоорлорду жана программаларды даярдадык. Эгерде аларды өз учурунда бүтүрүүгө мүмкүндүк түзүлгөн болсо, биз өлкөдөгү абалды жакшы жагына кескин өзгөртүүгө жетише алмакпыз, ал эми өзгөрүүлөрдүн динамикасы жана алардын жыйынтыгына азыркы учурда татыктуу баа берүүгө болмок.
Мен транспорт коммуникациясындагы стратегиялык жактан маанилүү долбоорлор жөнүндө жана да Кыргызстанды башка айланадагы курчап турган өлкөлөр менен байланыштырган, бүт тараптан чулгап турган трассалар жөнүндө, энергетика тармагындагы республиканын чыныгы көз карандысыздыгына пайдубал түзгөн долбоорлор жөнүндө, мен башкарып турган соңку жылдарда Кыргызстанга агып келе баштаган масштабдуу инвестициялар жөнүндө жогоруда айтып кеттим. Бул долбоорлордун бир бөлүгү азыркы бийлик тараптан анын жеке өзүнүн идеялары жана иштеп тапкан жетишкендиктери катары пайдаланылып келе жатканы жашыруун эмес. Мейли, ким аларга автор болгону анчалык деле маанилүү эмес, эң башкысы, алар республикага пайда алып келсе болгону. Тилекке каршы, биздин көп ойлор жана пландар пайдаланылбай, же атайылап жаман көрсөтүлүп калды. Анткени, азыркы жоопкерсиздик системадан жана ишкердиктеги шал болуудан улам алардын ишке ашырылышы мүмкүн эмес. Кытай, Кыргызстан, Өзбекстанды байланыштырган темир жолдук магистральды куруу боюнча долбоорлор жана ойлор ушундай тагдырга туш болду. Эгерде ишке аша турган болсо, Кыргызстанга Пакистан жана Индия аркылуу Индия океанына чыгууга мүмкүндүк берген ТРАСЕКА долбоору дагы бүлгүнгө учурады. Мен башка анчалык глобалдуу эмес болсо да, бирок мааниси боюнча андан кем калбаган, - айыл чарбасын, сот системасын, мамлекеттик башкаруу органдарын реформалоо жөнүндө долбоорлор тууралуу, Кыргызстан Евросоюз менен болгон кызматташтыкта жетише алган тыгыз кызматташтык жөнүндө айтпай эле коеюн. Ушул бардык башталып калган иштер апрельдеги төңкөрүштөн соң түп-тамырынан бери жулунуп жок кылынды.
Бир гана күчтүү, профессионал жана мобилдүү бийлик гана бардык маселелерди тез аранын ичинде чечип, аларды ишке ашыруу боюнча жоопкерчиликти өзүнө ала алат. Баса белгилеп коеюн: 2007-жылы күчтүү президенттик бийлик системасын жана масштабдуу реформаларды камсыз кыла алган, ага ылайык Конституцияны тандап алууну, биз билип туруп жана ошол максаттарга жетүү үчүн тандап алган элек.
Тилекке каршы, азыркы иштеп жаткан 2010-жылы кабыл алынган конституция андан мурунку вариантка салыштырмалуу да алсыз болуп эсептелет. Ал ушундай абалда түзүлүп калгандыктан, эч ким эч нерсе үчүн жооп бербейт, ал эми президент такай өз ыйгарым укуктарынын чегинен сырткары чыгып, ошонусу менен бирге Негизги мыйзамдын жоболорун бузууга барып жатат. Анда өкмөткө көрсөтмөлөрдү берүү боюнча, ички жана тышкы саясатты аныктоо боюнча ыйгарым укуктары жок, бирок ал бул процесстерге такай кийлигишип келе жатат. Президентке ал КР Конституциясынын, адам эркиндигинин жана жаран укуктарынын гаранты деген ыйгарым укук берилген эмес. Андай болгон соң, анын өзү такай конституциялык нормаларды бузуп жатканына таң калуунун деле кереги жок, соттор да, бардык деңгээлдеги чиновниктер да, жада калса мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөш керек болгон прокуратура да дал ошондой кылып келе жатышпайбы.
Ошентип, мен эки жарым жылдан ашуун убакытка созулган конституциялык реформа бекем, туруктуу, мобилдүү жана жоопкерчиликтүү бийликти орнотконуна эч кандай шегим да жок, ал бийлик өлкөдөгү саясий жана экономикалык реформаларды ишке ашырууга, адам эркиндигин жана жарандардын укуктарын, коопсуздукту камсыз кылууга жөндөмдүү болчу. 1993-жылдагы конституциянын эрежелерин жана ыйгарым укуктарын кайра калыбына келтирүүнүн натыйжасында, 2007-жылдагы редакциясы боюнча мамлекеттик бийлик ушул китептин экономикага, стратегиялык долбоорлорго, кризистик кубулуштарды жеңип чыгууга арналган бөлүктөрүндө айтылып кеткен жетишкендиктерге жетише алды. Өлкө бутуна бекем туруп, боюн түздөп алып, абдан тез өнүгө баштаган болчу, - бул дал ошол 2010-жылдын 7-апрелиндеги мамлекеттик төңкөрүшкө чейин дал ушундай болуп келген. Муну баары ачык көрүп турушкан, биздин душмандарыбыз да, эгерде колдон келген бардык ыкмаларды жана каражаттарды колдонуп туруп, өлкөнү өнүгүү жолунан тайбай бара жаткан багытынан тайдырышпаса, анда алардын мындан ары эч мүмкүнчүлүктөрү болбой турганын түшүнүп турушкан.
Убактылуу Өкмөттүн декреттери жөнүндө
Адамдын чыныгы ниетин анын курулай сөздөрү жана убадалары эмес, ошол сөздөрдөн кийин жасаган реалдуу кадамдары жана иштери билдирип турат. Оппозиция лидерлери 2010-жылдын 7-апрелиндеги кан төгүлгөн мамлекеттик төңкөрүштөн кийин бийликке келишкен соң, бул "революционерлер" абдан көп сүйлөшүп, ал тургай курман болгондордун денелеринин жанында туруп ант берип да жиберишкен, өздөрү укуктук, демократиялуу мамлекет курушарын, анда бийлик элге таандык болуп, коррупцияга жана тар чөйрөдөгү адамдардын өз кызыкчылыктары үчүн башкаруусуна жол берилбесин айтышкан. Арийне, Убактылуу Өкмөттүн эң алгачкы кадамдарына юридикалык баа берүү эле, алар өздөрүнүн эң башкы максаттарына – менчиктерди, бийликти бөлүштүрүп, Кыргызстандын бардык улуттук ресурстарын жеке өздөрү пайда табуу үчүн сатууга мүмкүндүк түзгөн мыйзамдарды жаратууга чечкиндүү түрдө бет алышканын күбөлөндүрүп турган.
Убактылуу өкмөттүн декреттерине мыйзамсыз акт катары көп адистер, саясат таануучулар жана юристтер өз бааларын беришкен, мен да алардын пикирине макулмун. Азыркы учурда декрет чыгаруу - нонсенс. Көп адамдарга бул шашылыш кабыл алынган декреттер юридикалык сабатсыздык, убактылуучулардын жоопкерсиздиги жана да мындан дээрлик жүз жыл мурда болгон, романтикалуу сыяктуу сезилген революциялык демилгелерди ашкере тууроодой болуп көрүнүшү да мүмкүн эле. Бирок, алардын кийинки бардык аракеттери жана окуялардын өнүгүү логикасы, алардын мындай чарага алдын ала билип туруп, өлкөнү юридикалык коллизияга алып барып, туюкка камап салып, укуктук жактан башаламандыктардан пайдаланып, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын, биринчи иретте мүлктүк кызыкчылыктарын канааттандырууга багытталгандыгын айкын далилдеп турат. “Жалындуу” декреттер шашылыш кабыл алынган соң, төңкөрүшчүлөр жалаң улутташтыруу маселелерине байланышкан декреттерге гана көңүл буруп олтуруп алышты. Жеке менчиктерди кайрадан бөлүштүрүү – “революциялык акыйкаттык” деген жалган жалбырак менен бул кызыкчылыктарын жабышка аракет кылышканы менен, убактылуучулар башынан эле дал ушунун өзүнө умтулушкан болчу.
Дал акыйкаттык үчүн айтып коюу керек, Убактылуу Өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү ошол сыртынан кулакка жакшы угулган шылтоолорго өздөрүнүн абдан коркунучтуу максаттарын – мамлекеттин негиздерин жана укуктук системанын негиздерин талкалоо үчүн декреттер идеясын атайылап түртө салышканан адегенде түшүнүшкөн да эмес. «Канчалык жаман болсо – ошончолук жакшы» деген ураан, меннн оюмча, Убактылуу Өкмөттүн аракетиндеги логиканы абдан так мүнөздөп турат. Болбосо анын мүчөлөрүнүн аракеттерин башкача квалификациялоо мүмкүн эмес.
Куралдуу күч колдонуп, бийликти тартып алган соң, УӨтүн алдында тандоо мүмкүнчүлүгү бар эле: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жол-жоболордун чегине ылайык легалдашуу, же болбосо бардык укуктук принциптерди жана нормаларды тебелеп-тепсеп, конституцияны жана мыйзамдарды эсепке албоо жолу менен кетүү. Бийлик кылмыш жолу менен тартылып алынгандыктан, эч ким аларга тоскоолдук кылбагандыктан, убактылуучулар өз жоболорун мыйзамдаштырууга, өз абалдарын Кыргызстандын жарандарынын алдында, дүйнөлүк коомчулуктун пикиринде легитимдештирип алууга толук мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Бирок, алар башка бир шашылыш, ак жип менен тигилгендей, оркойгон сымал, өз ыйгарым укуктарын бекитүүгө шашылышты. 2005-жылдагы март революциясынан кийин, оппозициянын мурунку бийликке болгон мамилеси кандай болгонуна карабастан, тандоо жолу бирден-бир туура болгон - баарын тең Кыргызстандын иштеп жаткан мыйзамдарында каралган жол-жоболор алкагында чечүү деген. Биз парламентке бардык, өкмөттү түздүк, премьер-министр президенттин милдетин аткаруучу болуп калды. Баары тең мыйзамдын так сакталышына ылайык жасалган. Албетте, ошондо деле оппозиция арасында кызуу кандуу адамдар бар эле, алар «декреттик жол» менен кетүүнү сунушташкан, бирок, көпчүлүгү мыйзам баарынан жогору экендигин тастыктап беришкен.
Декрет деген эмне? Бул кежирленүү, амбициялар жана адискөйлүктүн жетишпегендиги жана да Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн жоопкерсиздиги. Эмне үчүн конституция кабыл алынгандан кийин да декреттер көп кабыл алынган? Себеби, жогоруда айтылгандай, менчиктерди бөлүштүрүү процессин ишке ашырып бүтүрүүгө үлгүрүп, анын чыныгы себептерин жана кийинки кесепеттерин юридикалык жактан чаташтырып таштоо керек болчу. Укуктук хаосту атайылап, билип туруп күчөтүү декреттер аркылуу конституцияда да, мыйзамдарда да каралбаган бийлик органдарын жана кызмат орундарын түзүү менен коштолуп олтурган. Убактылуу Өкмөт деген, техникалык өкмөт деген, өткөөл мезгилдеги президент ж..б.д.у.с. дегендер эмне болгон нерселер? Ошондой фиктивдүү, мыйзамдык негиздемелери жок органдарды жана кызматтарды киргизүүнүн кандай зарылчылыгы бар эле? Мунун себеби эң эле жөнөкөй болчу. Декрет – деген – бул кылмыштуу банда тарабынан чыгарылган жөн гана бош, юридикалык жактан эч кандай күчү жок кагаз. Анан ошол декреттер эч кандай мыйзамга баш ийбеген орой күч тарабынан кыймылга келтириле баштаган. Демек, кабыл алынгандан тартып, алар эч кандай күчү жок актылар жана эч мааниси жок документтер болгон, башкача айтканда, алар кийинки юридикалык себептерди түзгөнгө жөндөмсүз болчу. Бирок, убактылуучулар аларды эл колдобой коет же кууп чыгат деп коркушкандыктан улам, кандай жол менен болсо да эптеп легалдашууга аракет кыла башташкан. Ошондуктан, ушундай тополоңдук маалында бардык декреттер кабыл алынып, жаңы бийлик органдары бекитилген. Мындай вакханалия жана мыйзамсыздык мурунку бийликке кызмат кылгандарга, бизнесмендерге жана жөнөкөй жарандарга карата мыйзамсыз күч колдонуу жана куугунтуктоо менен коштолуп жүрүп олтурган.
Адамдарды коркутуу процесси азыр деле уланып келе жатат, массалык маалымат каражаттарында азыркы учур өткөн кылымдагы, 1937-1938-жылдардагы репрессиялар менен салыштырылып жатканы кокусунан эмес. Буга Атамбаев өзү шык берип жатат, ал 7-апрельдеги курмандыктарды Эскерүү Күнүндө Кыргызстанда алиге чейин Украинадагыдай люстрация жасала элек деп кейип, саясатчыларды, басмакана ээлерин жана журналисттерди өлкөдөн кууп чыгуу керек деп айткан. Өз жарандарын өлкө тышына кууп чыгууга тыюу салган өзүнүн Конституциясын окубаган мамлекет башчысы, - Кыргызстан үчүн катастрофа. Декреттер мамлекеттин бүт укуктук системасын туюк мыйзамсыздыкка каптады, эми аны бул абалдан чыгарууга азыркы бийлик аракет да кылган жок, себеби, юридикалык жактан алганда ар бир мыйзамдуу чечилиш убактылуучулар үчүн – өлүм менен барабар. Ал эми бир юридикалык түшүнүксүздүк өз артынан дагы көп туюкту пайда кылып, уланып кетип жүрүп олтурат.
Декреттер менен биздин жарандардын, юридикалык тараптардын жеке менчиктерге болгон укуктары бузулган. Ал менчиктердин убактылуучулар тарабынан улутташтырылышы мыйзамды жана соттук чечимдерди кыйгап өтүп, ал объектилердин өзүнө турган наркын төлөбөй туруп жасалган. Эгерде Конституциялык палата өзү декреттер укуктук-ченемдик актылар деп эсептелбейт деп жатса, анда ал эмне үчүн ошол ходатайстволор боюнча кайрылууларды кароодон тек гана баш тарткан жок, тескерисинче, ошол декреттердин мыйзамдуулугун негиздеп, чечим чыгарууга далбас урду? Ошол эле учурда, убактылуу өкмөт мыйзамсыз жол менен табылган байлыктарды улуттуштырган деген болжолдуу ойго гана таянып туруп, айрым адамдардын күнөөлүү экендиги жөнүндө чоттун чечими же өкүмү жок туруп эле бүтүм чыгара салды. Бир дагы цивилизациялуу мамлекетте мүлктүн кандай табылганын болжолдуу негизде гана айтып, улутташтырууга жол берилбейт.
Конституциялык палатанын бул чечими – бул укуктун салтанаты эмей эле, бийлик диктатына баш ийүүнүн, саясий кысымдын жыйынтыгы болуп калган. Өз чечими менен КП өзүн конституцияны коргоо боюнча сот органы катары эмес, убактылуу өкмөттү жана ал тарабынан эптеп чүргөлгөн жасалма документтерди коргоого алууга милдеттенме алган мекеме катары көрсөткөн. Анан дагы өкмөткө улутташтыруу механизмин иштеп чыгууну тапшырган, ал эбактан бери эле мыйзам актыларында бар экендигине карабастан, башкача айтканда, мыйзамды аткаруунун ордуна, өкмөт мурда эле жасалган велосипедди ойлоп табышы керек экен, же бар нерсени кайра ойлоп чыгуу керекпи? А өкмөт болсо бул механизмди иштеп чыгуу жөнүндө ойлоп да койгон жери жок, мурдагыдай эле толугу менен мыйзамсыздык айдыңында аракет кылуусун улантып келе жатат. Ушундай жол менен биздин көз алдыбызда өтө коркунучтуу саясий салт жаралып, ага ылайык ар бир жаңы өкмөт эң эле маанилүү маселелерди өзү каалагандай жол менен чечип, өзүнөн кийинки мураскоруна ушундай эле үйүлгөн укук бузууларды калтырууга укук алды. КП тарабынан өкмөткө көрсөтмө берүү фактысы сыпайычылык болбой калган. Мындай ыйгарым укуктар конституцияда да, мыйзам актыларында да каралган эмес. Конституциялык палатанын бул саясий чечими жогортон берилген тапшырма экендиги ачык эле көрүнүп турат, анткени, соттор арыздарга жана даттанууларга көмүлүп калган. Бишкектин абийирдүү жана чынчыл сотторунун бири карап көрүп, убактылуучулардын декретин мыйзамдык күчү жок деп тааныган, бул үчүн ал өзү иштеп жаткан кызматтан бир күндүн ичинде “өз ыктыяры менен бошонууга” аргасыз болгон. Бул айтылгандар аз келгенсип, Конституциялык палата өз ыйгарым укуктарын чектен ашыруу жолу менен, жалпы сотторго декреттердин мыйзамдуулугун кароого тыюу салып койгон. Бул сот органдардын иштерине түздөн-түз кийлигишүү болуп эсептелет. Бул мыйзамсыз чечими менен Конституциялык палата жарандарды соттук коргоодон ажыратып, мыйзамсыз органдардын түзүлүшүн (Убактылуу Өкмөт) актап салган, ошонусу менен кырдаалдын стандартка ылайык эместигин шылтоо кылуу менен кийинки төңкөрүштөрдүн жасалышына шарт түзүп берген. Башкача айтканда, элдин жаңы толкундоолору (экстраординардык кырдаал) жаңы убактылуу өкмөттөрдү, же органдарды түзүүгө алып келүү менен аякташы мүмкүн. Эксперттер Конституциялык палатанын аталган чечими – бул укуктук чеги жоктук деп акыйкат айтып жатышат. Ал укуктук-ченемдик актыларга укуктук баа гана бериши керек, бирок, саясий процесстерге мүнөздөмө бере албайт.
Укуктук системага жана биздин жарандардын укуктук аң-сезимине 2010-жылы кабыл алынган конституцияны кабыл алуу жол-жобосу өтө чоң зыян алып келди. Өлкөнүн түштүгүндө эмне болгондугун унутуу мүмкүн эмес, Ош жана Жалал-Абад областтарында кан төгүлүп, адамдар өлүп, турак-жайлар өрттөлүп жатты. Анан ошол кездеги убактылуучулар жасаган мамиле уятсыздыктын, абийирсиздиктин жеткен чеги болуп калды, алар кан төгүүнү токтотуп, кырдаалды турукташтыруунун ордуна өздөрүнүн конституциясын кабыл алуу үчүн шашылыш референдум өткөрүүгө даярдана башташты. Ал дагы ошол эле декреттерге негизделген болчу. Цивилизациялуу өлкөдөгү кандай сот болсо да, бул референдумдун мыйзамсыз болгондугун, демек, кабыл алынган конституциянын да мыйзамсыз болгондугун тастыктамак. Ал мыйзамсыз деп гана кабыл алынбай, эч кандай мааниси жок деп да табылмак. Себеби, ошол кезде иштеп жаткан конституция жана мыйзамдык актылар боюнча, референдумду өткөрүүнү бир гана президент чече алмак. Эгерде алар укуктук жол менен кетишкен болсо, эч кандай суроолор пайда болбосу үчүн, адегенде президентти шайлап алып, андан соң гана референдумду дайындоого барышмак. Анын үстүнө, референдум Жогорку Кеңештин депутаттардын макулдугу менен гана дайындалмак. Ошондон кийин гана мамлекет башчысы жарлыгын чыгарышы керек болмок. Убактылуучулар болсо мында да декретти пайдалана коюшуп, референдумду ошол эч кандай юридикалык күчү жок, маанисиз акт аркылуу дайындашты.
Декреттердин тагдыры, декреттердин иштөө мөөнөтү - убактылуучулардын өз өмүр баяндары сыяктуу, алардын бийликте болуу тагдыры жана учуру сыяктуу. Көпчүлүк туура, акыйкат ой жүгүрткөн жарандар жаңы бийлик келери менен Убактылуу өкмөттүн бардык декреттери өзүнүн юридикалык баасын алып, мыйзамсыз деп эсептелерине ишенишет. Бул убак келе турган учур да жакындап калды.
Дата добавления: 2015-11-15; просмотров: 120 | Нарушение авторских прав
<== предыдущая страница | | | следующая страница ==> |
Quot;Кумтөр" долбоору | | | Бишкекте 7-апрельде |