Студопедия
Случайная страница | ТОМ-1 | ТОМ-2 | ТОМ-3
АрхитектураБиологияГеографияДругоеИностранные языки
ИнформатикаИсторияКультураЛитератураМатематика
МедицинаМеханикаОбразованиеОхрана трудаПедагогика
ПолитикаПравоПрограммированиеПсихологияРелигия
СоциологияСпортСтроительствоФизикаФилософия
ФинансыХимияЭкологияЭкономикаЭлектроника

СӨз башы

Аксы күйүтү дале жүрөк өйүтөт | МСН» газетасы, 2005-жылдын 11- марты. | Http://mbrtwrw.turmush.kg/ru/news:5527 | Кыргызстандын экономикасы жөнүндө азыноолак сөз | Жалпы кыйроонун мезгили | Талкалануунун кесепеттерин жоюу | Энергетикадагы реформалар | Quot;Кумтөр" долбоору | Жылдардагы Конституциялык реформалар | Бишкекте 7-апрельде |


Курманбек Бакиев

 

Менин оорум, сүйүүм жана үмүтүм -Кыргызстаным

Жыл

 

 

СӨЗ БАШЫ

 

Тагдырдын жазганына баш ийип, өз мекенинен алыстап кеткен адам гана мекендин чыныгы баркын билип, бул канчалык оор жоготуу экендигин толугу менен сезе алат. Ал түшүндө да ак мөңгүлүү чокуларды, тунук, таза тоо, көлдөрүн көрүп, көктөмдөгү эрте ойгонгон тулаң чөптүн, алгачкы жазгы жамгырдын жытын сезип, түбөлүк муз чүмкөнгөн мөңгүлөргө чагылышкан көзү уялгандай болот. Бул – чабандын түндүгүнөн бурулдап, көтөрүлгөн көк түтүндөй эле ачуу чындык. Арийне, бул – лирикалуу жагы гана. Ал эми турмуш чындыгы, акын жазган сымал, андан алда канча катаал эмеспи.

 

Айрымдар мага мындай деп айтышы да мүмкүн: сен биринчиси эмессиң, сага чейин эле бизде бир качкын президент болгон деп. Бирок, биздин ортобузда абдан чоң айырмачылык бар. Аскар Акаев өлкөдөн кыжыры кайнаган элден коркуп качкан. Мен болсо, Түштүктөгү июнь айындагы окуялардан соң, жарандык согуш отунун тутануусуна бир гана кадам калган кезде, аны токтотуу үчүн Кыргызстанды таштап чыгып кеттим.

 

Мага эмне үчүн бул китепти жазуу керек болду?

Демейде, чоң нерсенин карааны алыстан жакшы көрүнөт эмеспи. Мен өзүм туулуп-өскөн, эбак эле талкаланган үйдөн алыста жашап жүрүп, алгач өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн башына түшкөн оор учурда мага колдоо көрсөткөндүгү үчүн, мен ага ыраазычылыгымды билдирген башка өлкөнүн жана анын президентинин коногу катары болуп, эми болсо урматка татыган жараны болуп калсам да, оюмдан Кыргызстаным күндүр-түндүр чыкпай жүрөт. Менин ысымым өз жердештеримдин эсинде – мен жетектеген заводум үчүн, областтар үчүн жана Кыргызстан үчүн бүт аракетимди жумшап жасаган жакшы нерселердин баары тең көрүнбөй, - менин саясий каршылаштарым абдан далалат кылуу менен шыбашкан булганыч катмардын алдында калып, жалаң гана жаман жагынан эстелип каларын ойлогондо, көңүлүм ооруган абалга кабыламын. Балким, башка бардык адамдар сыяктуу эле мен деле сынга алууга татыктуу чыгармын, бирок, мындай бир беткей, кара ниеттик менен көөлөп жамандоо акыйкаттыкка жатпайт.

Анын үстүнө, мен кокустуктан улам гана өлкө президенти болуп калган жокмун да.

 

Баарынын өз башаты бар

Мен мындан 65 жыл мурда Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Масадан айылында Сали Бакиевдин үй бүлөсүндө төрөлүп, жети бир тууган эркектердин эң улуусу болуп калдым. Колхоз башкармасы болуп иштеген атам таң заардан кеч күүгүмгө чейин иш менен талаада жүрө турган. Биздин апабыз Тотукан чырайлуу, өңү-түсү ажарлуу, башкаларга тик жана түз караган аял эле. Абдан мээримдүү эне жана күйөөсүн терең сыйлаган аял катары апам биздин чоң үй-бүлөнүн бүт түйшүгүн өз моюнуна илип, эч кандай кыйынчылыктарга моючу эмес. Күйөөсү жана уулдары менен сыймыктанчу. Биз баарыбыз тең ата-энелерибиздин алдында карыздар-милдеттүүбүз, муну мен азыркы кезде абдан ачык сезип жүрөмүн.

 

Жетилген курагым, башка көп теңтуштарым сыяктуу эле, кызыктуу жана келечекте керектүү адистикти тандап алып, билим алуудан башталды. Куйбышевдеги политехникалык институтту бүтүрүп, советтик армиянын катарында кызмат кылган соң, 1979-жылы орус улутундагы кызга үйлөнүп, аны Жалал-Абадга алып келдим. Мен 1985-жылга чейин иштеген штепсель разъемдорун чыгаруучу завод ал кезде СССРдин электрондук өнөр-жай министрлигине карай турган. Ал учурду мен өзгөчө ырахаттануу менен эскеремин. Жаш элем, күчкө толуп-ташып турган учурум, алган билимим жаңы бойдон, башка көптөгөн идеялар келет. Алгач ага инженер болуп иштей баштадым, андан соң жаңы гана түзүлгөн эсептөө борборунун начальниги болуп калдым. Менин чакан коллективим республиканын түштүгүндө биринчилерден болуп өндүрүштөгү автоматташтырылган башкаруу системасын киргизди. Бул чынында эле алга озуу эле. Эсептөөчү машиналардын кубаттуулугу жана сапаты эң мыкты дегенден али алыс болсо да, биз бул жаңы багыттын келечеги абдан кең экенин дароо сезгенбиз.

 

Андан ары да менин кызматтык карьерам кыйла эле ийгиликтүү улана баштады, бирок, азыркы кезде көп учурагандай, тааныштык байланыштардан улам эмес, кандайдыр бир табигый жол менен, алган билимиме, иштөө жөндөмүмө жана эсептөө борборунун бөлүмүнүн начальниги кезимде, андан кийин заводдун башкы инженери катары алган тажрыйбама жараша өзүнөн-өзү эле улангансып жүрүп олтурду. 1985-жылы мени ошол кезде көндүм сыяктуу айтылгандай, артта калган өндүрүшкө “ташташты” – мен Көк-Жаңгак шаарындагы «Профиль» заводунун директору болуп калдым. Ал мурунку ишкана свяктуу, ошол эле «Ала-Тоо» өндүрүштүк бирикмесине кире турган. Бул дайындоо абдан оор түйшүктөрдү алып келди. Завод бир нече жылдан бери планын аткара албай калыптыр, сыйлык акы төлөө жөнүндө унутуп да калышкан. Жумушчуларга айлык акысын эптеп араң таап берип калыптыр. Бир жылдан кийин ишкана сыйлык акыларды ала баштады, ал эми дагы төрт жыл өткөн соң, заводго Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин Кызыл Туусу тапшырылды, ошондой эле завод борбор шаар Фрунзедеги Ардак Тактадан орун алды.

1990-жылдын 5-майында мен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу атаандаштык (альтернативалуу) жол менен Көк-Жаңгакта компартиянын шаардык комитетинин биринчи секретары болуп шайландым. Дагы жарым жыл өткөн соң элдик депутаттардын шаардык Кеңешинин шайлоосу өтүп, мени төрага кылып шайлашты. Ошол жылы күздө Советтер Союзунун бүт бардык аймагында көптөгөн адамдардын, анын ичинде менин да, тагдырыма таасир эткен чоң өзгөрүүлөр болуп өттү. Жалал-Абадга элдик депутаттардын областтык Кеңешинин төрагасынын орун басары болуп кайра барууга туура келди. Андан соң, менин ишке болгон жөндөмдүүлүгүмдү сыноо үчүн, алыскы Тогуз-Торо районуна мамлекеттик администрация башчысы кылып жиберишти. Ал жакта ишти нормалдуу калыбына келтирүү керек эле, мен аны тез эле жөнгө сала алдым. Андан кийинки тепкич – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлк Фондунун төрагасынын орун басары кызматы болуп, бирок, мен ал кызматта бар болгону үч ай гана иштедим. Андан соң өзүм туулуп-өскөн Жалал-Абадга областтык элдик депутаттар Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары болуп кайра бардым. Андан кийин Жалал-Абад областынын губернатору болуп дайындалдым. Бул 1995-1997-жылдарга туш келди. Андан соң мен Чүй областына губернаторлукка которулдум да, ал жерде үч жылдан ашык – 1997-жылдан 1999-жылдарга чейин, - эмгектендим. 2000-жылдын январында мен Кыргыз Республикасынын өкмөтүн башкарып калдым, 2002-жылдын май айында Аксыдагы трагедиялуу окуяга байланыштуу мен бул кызматтан кеттим. Бул тууралуу кийинчерээк дагы сөз кыламын.

 

 


Дата добавления: 2015-11-15; просмотров: 43 | Нарушение авторских прав


<== предыдущая страница | следующая страница ==>
РАСПРЕДЕЛЕНИЕ ДИСЦИПЛИН ПО СЕМЕСТРАМ| Куштун баары шумкар болбойт

mybiblioteka.su - 2015-2024 год. (0.007 сек.)