Студопедия
Случайная страница | ТОМ-1 | ТОМ-2 | ТОМ-3
АрхитектураБиологияГеографияДругоеИностранные языки
ИнформатикаИсторияКультураЛитератураМатематика
МедицинаМеханикаОбразованиеОхрана трудаПедагогика
ПолитикаПравоПрограммированиеПсихологияРелигия
СоциологияСпортСтроительствоФизикаФилософия
ФинансыХимияЭкологияЭкономикаЭлектроника

Талкалануунун кесепеттерин жоюу

СӨЗ БАШЫ | Куштун баары шумкар болбойт | Аксы күйүтү дале жүрөк өйүтөт | МСН» газетасы, 2005-жылдын 11- марты. | Http://mbrtwrw.turmush.kg/ru/news:5527 | Кыргызстандын экономикасы жөнүндө азыноолак сөз | Quot;Кумтөр" долбоору | Жылдардагы Конституциялык реформалар | Бишкекте 7-апрельде | жылдын июнундагы трагедиялуу күндөр |


 

Алдын ала ойлонулбаган саясаттын, негизги фондуларды талкалап, жок кылуунун кесепеттеринен биз кандайча арыла баштаганыбызга токтоло кетейин. Мамлекеттин сабаттуу экономикалык саясаты көп учурларда жол инфраструктурасына пайдалуу инвестицияларды тартуу үчүн ишенимдүү иштей турган механизмди түзүп, жолдордун өзүн өзү актап, иштеп турушун камсыз кылып, аларды натыйжалуу пайдаланууда турат. Өнүккөн өлкөлөрдөгү бардык чарбалык маселелердин чечүүнүн алгоритми ушундай калыптанган, биз деле ошол жалпы эрежелерден чыгып кете албайбыз. Бул механизм канчалык кеч киргизилсе, - а ансыз эч нерсе болушу да мүмкүн эмес, жол сапаттары ошончолук начарлай берет, ал болсо кийинки муундарга мураска калат.

Биз көрүп тургандай, Кыргызстандын тышкы карызынын 40%зы биз тараптан стратегиялык маанидеги жолдорду курууга жана кармап туруу үчүн салынган каражаттар болуп эсептелет. Ошентсе да, бул каражат да жетпегендиктен, жол инфраструктурасынын абалы абдан эле начар болчу. Бул маселенин абдан олуттуу экендигин түшүнүү менен бирге, мен президент болгон алгачкы жылдардан баштап, башкача айтканда 2006-жылдан баштап, биз бул тармактагы эң эле ири долбоорлорду ишке ашырууга киришкенбиз. Алардын катарында, Кыргызстандын ички региондорун өз ара байланыштарын камсыз кылып турган магистралдык жолдордун маанилүү участокторун куруу же толугу менен реконструкциялоо эле эмес, «Нарын – Бишкек – Торугарт», «Ош – Иркештам», «Ош – Баткен – Исфана» сыяктуу коңшулаш өлкөлөргө чыга тургандары да бар эле. Бул жана дагы «Ош – Бишкек» жолундагы проблемалуу участок болгон Маданият айылы менен Жалал-Абад шаарынын ортосундагы аралыкты кайрадан жаңылап, «Талас – Тараз – Суусамыр» маршруту боюнча азыркы учурдун талаптарына жооп берген автомобилдик жолду куруу болчу.

 

Бардык күчтү жана ресурстарды эң башкы багыттарга карата чечкиндүү түрдө бөлүштүрүп, аларга буруу менен бирге биз эң эле туура чечим кабыл алганбыз деп эсептеймин, башкача айтканда, дал күрөө тамырды кармаганбыз. Турмуш өзү биздин стратегиялык жактан абдан терең ойлонулган, зарыл чараларды жасаганыбызды тастыктап турат, ушунун өзү өлкө ичиндеги транспорттук байланыштын жана жүк ташуунун жакшырышына гана көмөкчү болбостон, экономиканын, ишкердиктин көтөрүлүшүнө да жигердүү таасир этип, эбегейсиз көп жаңы жумушчу орундарын түзүүгө шарт түзөт. Жалпы жыйынтыгында, ушул чаралардын баары чогулуп келип, сөзсүз түрдө биздин реалдуу көз карандысыздыгыбызды чыңдоого багытталат, а бул болсо мамлекет башчысынын алдында турган базалык, негизги милдет болуп эсептелет.

 

Маалыматтарды дыкаттык менен талдоого алуу, Кыргызстандын азыркы бийлигинин мамлекеттик төңкөрүштөн кийинки беш жылда эң эле маанилүү болгон инфраструктуралык ишмердик айдыңында жок дегенде бир жаңы долбоорду ишке ашырууга да ниети жок экендигин көрсөтүп турат.

 

Суу жөнүндө

СССР кулагандан кийин борборлоштурулган каржылоо токтоп калган соң, биз жол маселеси менен гана бет келбестен, өлкө экономикасын кыйрата баштаган маселелерге туш болдук. Ал кезде кардиналдуу түрдө, шашылыш чараларды талап кылбаган электр менен камсыз кылуу системасы гана туруштук бере алды. Ошентип, эгерде жолдорду тез аранын ичинде оңдоп, реконструкциялап, жана да жаңыларын куруу үчүн инвестиция салууда жол тармагы биринчи орунда турган болсо, андан кийинки орунга суу менен камсыз кылуу системасы туруп калды, анткени, ал дагы абдан эле өлөсөлүү абалга жетип, оор участоктору иштен чыгып бара жаткан. Айылдардагы, посёлоктордогу суу сактоочу курулуштар, суу түтүктөрү жана колонкалар талкаланып, биринин артынан бири иштен чыга баштаган кезде, мунун баары кандайча болгондугу урматтуу окурмандардын эстеринде болсо керек. Андан соң бул талкалануунун масштабдары дагы кеңейип, өсүп олтуруп, алгач чакан шаарларга, андан кийин ири шаарларга чейин жетти. Акыры аягында, Ош, Бишкек сыяктуу эң ири шаарлардын жашоочулары да турмуш-тиричиликтеги кыйынчылыктарга туш болушту, суу менен камсыз кылууда үзгүлтүктөрго учурап, иче турган суунун сапаты да начарлады.

 

Кыргызстандын өкмөтү мындай кыйраткыч агымдарга каршы турууда, эл аралык донордук уюмдардын колдоосу менен, ошондой эле жергиликтүү коомчулукту жана калкты бул демилгелерге тартуу жолу менен тез аранын ичинде көрүлүүчү чараларды жасап жатты. Көз карандысыздыктын жылдарында, айылдык калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча программага ылайык, иштен чыгып бара жаткан суу менен камсыз кылуу тармагын реабилитациялоо максатында, донорлор тарабынан өлкөнүн экономикасына 650 миллион АКШ доллары сарпталган.

Бул жагдайда айрым бир оң натыйжаларга жетише алсак да, бул маселени толугу менен чече алган жокпуз. Тилекке каршы, бул тармакты оңдоого жана кармап турууга өтө көп каражат сарпталганына карабастан, суу менен камсыз кылуу жалпы республикалык деңгээлде жакшырып кетти деп айтууга болбойт. Анысы аз келгенсип, бул абал мурдагыдан да начарлай баштады, азыркы кезде айыл жерлериндеги калктын 60 % зы иче турган таза сууга жетпей калды. Абал ушунчалык катастрофалуу деңгээлге жеткендиктен улам, эксперттердин пикири боюнча, республикадагы суу менен камсыз кылуу системасын камсыз кылууга жана бардык суу сактоочу курулуштарды кайра калыбына келтирүүгө бери эле болгондо 10 жыл убакыт, ошондой эле, 2 миллиард АКШ долларына жакын инвестициялык каражатты тартуу талап кылынат. Казынада мындай акча жок. Аны карызга алууга болот, бирок аны ким, качан жана кантип төлөп берет? Азырга чейин өлкөдө анын эксплуатациялоого жана башка иштерине кеткен чыгымдарын, суунун өзүнө турган наркын жаба ала турган, суу менен камсыз кылуу боюнча акы төлөө механизми биротоло иштелип чыга элек. Бул маселе бардык жакыр өлкөлөрдүн маселеси болуп эсептелет. Бул абалдан чыгуу үчүн карызга акча алып, адистерди тартып, маселени республикалык масштабда кардиналдуу түрдө чечүү зарыл, бирок, андан соң дагы ондогон жылдар бою моюнга илинген карыз оор, майыштырган жүк бойдон кала берет. Арийне, эгерде карызга акча албай жана да бул маселени жакынкы аралыкта чечпесе, анда бул тармак азыркы жарым бүлүнгөн абалынан толук талкаланган абалга чейин жетет да, андан дагы бир аз убакыт өткөн соң, кайра калыбына келтирүү үчүн 10 эсе көп каражатты талап кылат. Бул абдан олуттуу маселе, аны чечүү үчүн бардык колдон келген жана андан да ашыкча аракеттерди көрүү өкмөттүн биринчи иреттеги милдети болуп саналат.

 

Электроэнергетика жөнүндө

 

Энергетиканын азыркы кооптуу абалы жөнүндө ар бир Кыргызстандык жаран билет, анткени, менин тушумда да, азыркы бийликтин учурунда деле, башкача айтканда, соңку 10 жыл ичинде өлкө биздин энергосистемада түзүлгөн кырдаалды кыжалаттануу менен талкуулап келе жатат. Гидроэлектростанциялардын, жогорку вольттогу электр тогун өткөргүч линиялардын, трансформатордук көмөкчү чордондордун эскилиги жетип, канчалык ишпалдасы чыккан абалда экендиги, бөлүп берүүчү компаниялар, жылуулук берүүчү борборлору жана казан түйүндөрү кандай шарттарда иштеп жатышкандыгы, жалпыга маалым. Энергетикалык чарбанын жалпы абалы абдан жаман абалда калды. Соңку жылдарда эле энергетика системасына сырткы карыздын ичинен дээрлик бир миллиард АКШ доллары жумшалды. Ошол эле учурда, жакшыруу багытында кескин өзгөрүүлөр болгон жок: бул система кандай болуп келсе, так ошондой эле жексен болуп бара жаткан бойдон кала берди. Бул маселенин маңызы боюнча олуттуу маалымат бар болгондуктан, түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун бирден бир гана туура жолу бар экендиги билинип турат: позитивдүү өзгөрүүлөр жаңы кубаттуулуктар киргизилип, жаңы технологиялар өздөштүрүлгөндө гана болушу мүмкүн. Менин командам дал ушул программанын үстүнө иштешкен, ошондуктан улам мен президент кезимдеги эң эле маанилүү болгон долбоорлордун бири «Камбар-Ата-2» гидроэлектростанциясын куруу болуп калды. 100 миллион АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартуудан улам, биз 120 мегаваттык жаңы энергетикалык кубаттуулукту пайдаланууга киргиздик. Ошол эле учурда, «Камбар-Ата-2» ГЭСинде иштелип чыккан бир эле киловатт/сааттын өзүнө турган наркы болжолдуу алганда 15 тыйынга барабар болду.

 

Азыркы өкмөт энергетика тармагындагы абдан чоң долбоорлор тууралуу дүңгүрөтө рапорт берип, биз Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялар каскадын курабыз деп айтып жатышат. Беш жылдан бери ошол анча чоң эмес станциялар жөнүндө сөз болуп келе жатат, бирок, менин түшүнгөнүм боюнча, азыркы кезде ал тургай бул станцияларды куруу үчүн жер да бөлүнүп бериле элек, ал эми гидроэлектростанцияларды долбоорлоо иши аягына чыга элек. А эң башкысы, - аталган ГЭСтерди каржылоого байланышкан бир дагы документке кол коюла элек. Андай болсо эмне тууралуу сөз болушу мүмкүн? Кандай курулуш жөнүндө сөз болушу мүмкүн? Биздин ошол кездеги Россиянын президенти Д. Медведев менен «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу боюнча 1,7 миллиард АКШ долларына барабар болгон макулдашуубуз ошол бойдон бир сөөмгө да алдыга жыла элек бойдон турат. Эгерде кандайдыр бир өзгөрүүлөр болгон болсо, анда бул артка кетүү жагында гана болуп, ал макулдашуулардын саясий, экономикалык жана юридикалык тарабына олуттуу таасир этет.

 

Мен Россиянын президенти менен ар тараптан алып караганда тең укуктуу, стратегиялык жактан Кыргызстан үчүн маанилүү келишим түзгөнмүн. Ал келишимге ылайык, Кыргызстан менен Россия бул долбоорлордун теңата ээлик кылуучулары болуп калып, үлүштөрү - 50 жана 50 пайыздан турган. Атамбаевдин өкмөтү кол койгон документтер боюнча, Кыргызстандын үлүшү 25 пайызга чейин кыскарган, ал эми Россиянын үлүшү, тескерисинче, 75 пайызга чейин көбөйтүлгөн, ошол эле учурда, биздин республика 50 пайыздык үлүшкө гидроэлектростанция өзүнө коротулган чыгымдарды актагандан кийин гана ээ боло алат деп сөз жүзүндө жазылган. Ал эми жаңы макулдашуулар боюнча, «Камбар-Ата-1» ГЭсине кеткен чыгымдар менин бийлигим тушундагыдай 1.7 миллиард АКШ доллары эмес, 3.5 миллиардга чейин көбөйтүлгөнүн эске ала турган болсок, гидроэлектростанция өзүнө кеткен чыгымды болжолдуу болгон алыскы перспективада деле актай албайт, жана да Кыргызстан көрүнүп турган келечекте анын тең укуктуу ээлик кылуучусу боло албайт.

 

Ушул келтирилген маалыматтардан улам, мен бул келишимдердин айрым негизги детальдары аларга кыргыздар тараптан кол койгон адамдын такыр эле акыл-эси жайында эмес экендигин, же атайылап кылмыш жасоого барууга ниети бар болгондугун ачык далилдеп тургандыгын өзгөчө белгилеп койгум келет. Себеби, ал келишимдерде, жаңы Жогорку-Нарын гидроэлектростанцияларындагы электроэнергиянын өзүнө турган наркы, дегеле ал эгерде 729 миллион АКШ долларына курула турган болсо, болжолдуу алганда бир киловатт/сааты үчүн 5 сом турат деп жазылган. «Камбар-Ата-1» ГЭСинде иштелип чыккан электр энергиясынын наркы да болжолдуу алганда ушундай эле, же андан да жогору болот. Ушуга байланыштуу мыйзамченемдүү суроолор жаралат: «Ким ошол электроэнергияны бир киловатт-саатын 5 сомдон сатып ала алат? Эгерде алардын чыгарган продукциясы ушунчалык кымбатка турса, анда ал гидроэлектростанцияларды куруп эмне кереги бар? Же чын эле эптеп акчаны уурдап, ал эми дароо бир нече эсеге өсүп кеткен сырткы карызды Кыргызстандын элинин мойнуна илип коюу үчүнбү? Азыркы бийликтегилердин мындай иш-аракеттерин экономикалык кылмыш катары баалоого толук негиз бар деп эсептеймин.

Ал эми ата-мекендик энергетикадагы техникалык жоготууларды азайтууга мүмкүндүк берген ийгиликтүү ишмердиктер жана жетишкендиктер жөнүндө, жаңы трансформаторлорду орнотуу, кышкы чубалгы түйүндөрүн алмаштыруу, Токтогул ГЭСиндеги агрегаттарды реконструкциялоо, андан башка гидроэлектростанцияларды реконструкциялоо боюнча бардык пландар, ошондой эле “Датка”, “Кемин” көмөкчү станцияларын куруу, “Датка-Кемин” жогорку вольттуу электр өткөргүч линиясын монтаждоо жөнүндө жеңиштүү маанайда берилип жаткан рапорттор жана отчеттор тууралуу айта турган болсок, - бул бардык макулдашууларга жана долбоорлорго менин учурумда эле кол коюлуп, бардык маселелер дыкаттык менен иликтөө аркылуу иштелип чыгып, эң соңку чечимди мен өзүм кабыл алганмын (башталышы 2010-жылдын январында, КЭРна жасаган иш сапар учурунда болгон).

 

Балким, менин белгилүү бир маанайдагы терс мамилем азыркы бийликтин ишиндеги жакшы бир нерсени көрүүгө тоскоолдук кылып жаткан чыгар, мүмкүн, бул китептин окурмандары аны эске салып коер?

 


Дата добавления: 2015-11-15; просмотров: 59 | Нарушение авторских прав


<== предыдущая страница | следующая страница ==>
Жалпы кыйроонун мезгили| Энергетикадагы реформалар

mybiblioteka.su - 2015-2024 год. (0.007 сек.)