|
Кыргыз эл макалы
Ачык айтсам, балким, окурманды терең ойго салармын, бирок, түз эле айтып коеюн: Кыргызстан президенттерге жарыган жок.
Биздин эркиндикти сүйгөн, миңдеген жылдардан бери кулчулукту билбеген элибиз өткөн кылымдын аягында, биринчи президент Аскар Акаев жакшы көрүп, көп кайталагандай, Борбордук Азиядагы “демократия аралчасына” айланды. Аны мамлекеттик саясий түзүмдүн бирден бир гана мүмкүн болгон формасы катары кабылдай албаган коомго демократияны күчкө салып киргизүүгө эч качан мүмкүн эмес. Сын айткандар демократияны башкаруунун начар формасы деп айтышат, бирок, биздин эл аны өзүнүн үмүт-тилектерине жооп бере ала турган табигый нерсе катары кабыл алды. Арийне, демократияны анын идеалдуу калыбында орнотуу дүйнө жүзүндө эч кимдин колунан келген эмес. Ал тургай, «эзелки демократиялар» деп аталгандары деле идеалдан алыс. Ал эми жетимиш жылдан ашуун тоталитардык режим шартында жашап келген коомдо демократиялык өзгөрүүлөрдү кыска мөөнөттө жасоого мүмкүн эмес.
Бул канчалык таң каларлык болбосун, саясий багыттын бурулушу менен байланышкан кескин өзгөрүүлөр алып келген сыноолорду бийлик жөнүндө теориялык түрдөгү маалыматтары гана бар, бирок иш жүзүндө конкреттүү мамлекеттик курулуш маселелери менен алектенбеген окумуштууларга караганда, советтик доордогу башкаруу тажрыйбасы бар, күчтүү экономист жана чарбачыл лидерлер кыйла оңтойлуу ишке ашырышканы көрүнүп турат. Алардын катарына мен Казакстандын жана Өзбекистандын президенттери Нурсултан Абишевич Назарбаев менен Ислам Абдуганиевич Каримовду кошо аламын. Өз бийлик ыйгарым укуктарын ишке ашыруудагы, демократиялык баалуулуктарды кабылдоодогу жана принциптериндеги айрымачылыктарга карабастан, алар экөө тең СССР талкалангандан кийинки узак убакыт бою өз өлкөлөрүндөгү саясий, экономикалык жана социалдык туруктуулукту сактап калууга жетише алышты. Казакстан азыркы кезде өзүн 2050-жылга чейин дүйнөнүн өнүккөн 30 өлкөсүнүн катарына кире ала турган өлкө катары карап жатат, жана да эл аралык аренада кадыр-баркка татыктуу болгон, бардык тараптан алып караганда калыптанган мамлекет болуп эсептелет. Өзбекистан советтик доордон калган инфраструктураны сактап калып, өзүнүн экономикасын ийгиликтүү өнүктүрүп, куралдуу күчтөрүн бекемдеп жатат. Түркмөнстандын ийгиликтери да, алардын каршылаштары айткан сындарга карабастан, бир кыйла катуу таасир калтырат. Албетте, Эмомали Рахмондун жетекчилиги алдындагы Тажикстандын аракеттерин дагы белгилөө зарыл. Бул өлкө жарандык согуштун оор кесепеттеринен арылып, чарбасын калыбына келтирип, экономикасын өнүктүрө баштады. Өнүгүүдөгү кыйынчылыктарга карабастан, Тажикстан туура жолдо бара жатат. Анын президенти абдан сабаттуу экономист жана чарбакер ишкер болуп саналат. Мен бул тууралуу аны менен узак убакыт бою кызматташып жүргөн тажрыйбамдан улам билемин, биз ал экөөбүз биргелешип, өз ара пайдалуу негизде көпчүлүк чектешкен аймактардын маселелерин жана талаштуу суроолорду чечкен болчубуз. Биздин улуу коңшубуз Кытай жөнүндө өзүнчө сөз кылуу керек, ал Кыргызстан өз алдынча өнүгө баштагандан бери анын ийгиликтерине өтө көңүл коюп карап, бир нече ирет ар кандай зарыл колдоолорун көрсөтүп, өнүгүп келе жаткан өлкөнүн муктаждыктарын азыркы күнгө чейин эстен чыгарбай келе жатат.
Саясатта достор болбойт, кызыкчылыктар боюнча өнөктөштөр гана болот деп коюшат эмеспи. Бирок, дос мамиледеги коңшулар болот, буга эч кандай шектенүүгө да болбойт. Тарыхый жактан ушундай кырдаал түзүлүп калгандыктан, Кыргызстан өз айланасында татыктуу лидерлер башкарышкан мамлекеттердин курчоосунда турат, ушунун өзү эле ал үчүн абдан жагымдуу фактор болуп кала бермекчи. Эгерде айланасында туруксуз абалда болушкан коңшу өлкөлөр жайгашып, ал жакта такай революциялар, төңкөрүштөр, кагылышуулар болуп турса, Кыргызстан кыйла кыйын кырдаалга кептелип калмак. Азыр болсо алар үчүн, тескерисинче, биздин өлкө тынчы жок коңшу болуп, чек ара аркылуу аларга ар кандай кооптонууларды жараткан агымдар кирип кетип жатат.
Тарыхты, белгилүү болгондой, артка кайрууга эч мүмкүн эмес. Эмне болгон күндө да, аны чийип сала албайсың. Асыресе, олуттуу талдоо аркылуу, Кыргызстандын биринчи президентине байланыштуу болгон кайгылуу жыйынтыктарга алып келген жаңылыштыктарды аныктоого болот. Жаш муундар азыркы кезде Аскар Акаев кантип көз карандысыздык жолун тандап алган мамлекеттин башчысы болуп калгандыгын жакшы билишет.
1990-жылдын октябрь айынын кооптуу күндөрүндө биздин өлкөнүн тагдыры чечилип, анын пайдубалынын эң алгачкы ташы коюлган. Көпчүлүк үчүн мамлекет башчысынын кызмат ордуна эң эле татыктуу талапкер – Советтер Союзу талкаланганга чейин Кыргызстандын Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары болуп иштеп турган тажрыйбалуу партиялык кызматкер, чарбалык курулуш боюнча олуттуу тажрыйбасы бар Абсамат Масалиев экендиги ачык эле көрүнүп турган. Азыркы күндө бул бийик кызмат үчүн зарыл болгон бардык ишкердик жана инсандык сапаттар анда бар болгондугун танууга болбойт. Бирок, Жогорку Кеңештин депутаттары тарыхый жоопкерчиликти сезе алышпай, биримдиктери жок болгондуктан улам, ал булганыч саясий интригалардын курмандыгы болуп калды.
Кыргыз ССРинин Верховный Советинде (ал кезде Жогорку Кеңеш расмий түрдө ушундай деп аталчу, - котормочунун эскертүүсү) бул кызматка 40тан ашуун талапкер көрсөтүлгөн. Ал тизмеде кимдер гана жок! Кимдир бирөөлөрдүн талапкерлигин көрсөтүшсө, дагы бирөөлөр өзүн өзү көрсөтүп чыгышты. Айрым гана талапкерлер жок дегенде бир аз гана колдоо табышаары ачык эле көрүнүп турган. Баары тең добуш берүү жакындаганда көрсөтүлгөн талапкерлер өз талапкердиктерин алып коюшат деп күтүп жатышкан. Бирок, эч ким өз талапкердигин алган жок. Анын ичинде, А.Жумагулов менен М.Шеримкулов дагы. «Ким өз талапкердигин алып салат?» деп суроо берилгенде, баары тең жогоруда аттары аталган Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин бюро мүчөлөрү өз талапкердиктерин алып салышат го деп күтүшкөн, себеби, алар бюро жыйынында А.Масалиевдин талапкердигин колдошкон. Арийне, тигиниси да, мунусу да талапкердигин алып салган жок. Жеке амбициялар, атаандаштык сезимдер акыл-парасаттан, партиялык этикадан жана да эң эле жөнөкөй адамгерчиликтен салмактуулук кылып кетти.
Коммунисттердин трагедиясы дал ушундан башталды, ал эми алардын жалпы саны кийинчерээк легендарлуу деп аталып калган парламент депутаттарынын арасында 90 пайыздан ашуун болчу. Добуш берүүнүн натыйжасында бардык ысымдар электен өтпөй калып, баарынан көп добуш алышкан эки гана реалдуу талапкер - А. Масалиев жана А. Жумагулов калышты. Эгерде ошондо экинчиси өз талапкердигин алып койсо, менин оюмча, Масалиев аны премьер кылып дайындамак - ошентип, алар экөө тең бийликте калышмак. Арийне, алдыңкы планга регионалдык каршылашуу чыгып, эки талапкер тең трайбализмдин, интригалардын жана айланасындагылардын көз боемочулук алдамчылыгынын жетегинде калышты. Ошонун натыйжасында баары тең утулушуп, бийликке А. Акаев келди.
Кыргыз Республикасынын экинчи президенти болгон мен дагы бир нече ирет тагдырдын катаал сыноолоруна кабылдым. Али президент болуп шайлана элек кезимде эле, КР премьер-министри болуп иштеп турганымда, мага бир нече ирет А.Акаевдин жеке өзүнө карай багытталган отту тосуп алууга туура келип, жалган жалааларга калган учурларым да болду. Ал эми президенттик кызматта иштеп турган соңку учурларымда коркунучтун чыныгы масштабдарын, оппозициянын өз кызыкчылыктарына жетүү үчүн кан төгүүгө дагы даяр экендиктерин жеткире толук баалаган эмес экенмин. Өздөрүнүн көкүрөктөрүн койгулап, элге абдан берилгендиктери тууралуу ант берип жүрүшкөн адамдар элге каршы кылмыш жасоого бара алышпайт го деп ойлогонмун. Жаңылышыптырмын, - алар ага барышпадыбы.
Дата добавления: 2015-11-15; просмотров: 84 | Нарушение авторских прав
<== предыдущая страница | | | следующая страница ==> |
СӨЗ БАШЫ | | | Аксы күйүтү дале жүрөк өйүтөт |