Студопедия
Случайная страница | ТОМ-1 | ТОМ-2 | ТОМ-3
АрхитектураБиологияГеографияДругоеИностранные языки
ИнформатикаИсторияКультураЛитератураМатематика
МедицинаМеханикаОбразованиеОхрана трудаПедагогика
ПолитикаПравоПрограммированиеПсихологияРелигия
СоциологияСпортСтроительствоФизикаФилософия
ФинансыХимияЭкологияЭкономикаЭлектроника

Кумтөр долбоору

СӨЗ БАШЫ | Куштун баары шумкар болбойт | Аксы күйүтү дале жүрөк өйүтөт | МСН» газетасы, 2005-жылдын 11- марты. | Http://mbrtwrw.turmush.kg/ru/news:5527 | Кыргызстандын экономикасы жөнүндө азыноолак сөз | Жалпы кыйроонун мезгили | Талкалануунун кесепеттерин жоюу | Бишкекте 7-апрельде | жылдын июнундагы трагедиялуу күндөр |


Соңку 15-20 жылдан бери «Кумтөр» темасы Кыргызстандын маалыматтык-экономикалык аймагында биринчи орунда келе жатат. “Кумтөр” боюнча «Алтын папка» легендарлуу парламентти таркатууда машаанын ролун аткарган. Кыргызстандан Швейцарияга алтынды ташып кетүү жөнүндө сөздөр, ар кандай күбүр-шыбырлар жана да ойго да келбей турган ири өлчөмдөгү пара берүүлөр, шалаакылык, кыргыз чиновниктери тарабынан “Кумтөр” маселеси боюнча улуттук кызыкчылыктарды сатып кетүү сыяктуу сөздөр азыр өлбөс-өчпөс уламышка айланып калды. 2003-жылы эле “Кумтөргө” ээлик кылуу укугуна ээ боло турган Кыргызстан, андан бери 12 жыл өткөнүнө карабастан, дале болсо бул маселени чечүүдөн абдан алыста калып келе жатат.

 

Айта кете турган бир нерсе, 2010-жылдын апрелинде куралдуу мамлекеттик төңкөрүш жасашкан оппозицияда да “Кумтөр” темасы эң башкы ураандардын бири болуп калган. Бийликке каршы чыккандар андан бул долбоорду улутташтыруу боюнча абдан чуу көтөрүп, кыйкырып чыгышкан эле. Ачыгын айтканда, бул иштеп жаткан комбинатты бардык мыйзамдарды бузуп туруп, тартып алып, канадалыктарды кууп чыгуу боюнча, башкача айтканда, ишкананы рейдерлик жол менен тартып алуу жөнүндө айтылып, Кыргызстандын элин алтынга бөлөп коюуу жөнүндө сөз жүргөн болчу. Эмне демекчибиз, Бакиевден кутулууну ушунчалык самашкан оппозиция лидерлери өз максатына жетишти. А бирок, бул мезгил ичинде, ушунча жылдан бери реалдуу эмне жасай алышты деген суроо туулат? Жана да Бакиев “Кумтөр” маселеси боюнча жетише алган жыйынтыктыр менен салыштырып көрүү керек. Мындай болгон учурда эч нерсени жашырууга болбойт, ал лидерлерге түрткү болгон ар кандай көз караштар жана келишпестиктер жана да себептер келип ачыкка чыгат.

Газеталык билдирүүлөрдөн:

«Ошентип, 1994-жылы ачык бөлүктөгү кенди иштетүү Кумтөр алтын кенинде 316 тоннага барабар болгон. Жер алдындагы бөлүгү - 399 тонна. Ошентип, жалпы запасы 716 тонна алтын болгон.

2007-жылы пайдалуу кен байлыктар боюнча Мамлекеттик комиссия (ГКЗ) аныктаганы боюнча, Кумтөрдө ошол кезге чейин 352 тонна алтын запасы калган.

2010-жылдын 1-январына карата 266 тонна алтын иштетилип чыккан. Ал эми ачык кендеги алтын запасы 129 тонна болгон.

Акаевдин тушунда 1997-жылдан бери – 2004-жылга чейин дээрлик 156 тонна алтын иштетилип чыгып, анын жалпы наркы – 1 млрд. 617 млн. 955 миң АКШ долларына барабар болгон.

Бакиевдин тушунда 2005 – 2009-жылдарда 68 тонна алтын иштетилип чыгып, анын жалпы суммасы 1 млрд. 597 млн. 419 миң АКШ долларына барабар болгон.

Убактылуу Өкмөттү башкарган Р. Отунбаеванын тушунда жана Атамбаев президенттик кылган 2010-жылдан 2014-жылга чейин 87 тонна алтын иштетилип чыгып, ал рекорддук суммага – 3 млрд. 909 млн. 338 миң АКШ долларына жеткен.

Суроо пайда болот – азыркы бийлик бул каражатты кайда жок кылып жиберди?

Анча татаал эмес эсептөөлөр боюнча, алтындын калган запасы азыркы учурда бар болгону 41 тоннаны түзөт. Эми ушунун баарын Центерра 2026-жылга чейин, 11 жыл бою казууну көздөп жатабы? Же алар жер алдынан дагы ачык ыкма менен кошумча алтын казышабы? Бул эмне дегенди билдирет?

Эгерде жер алдындагы алтын бөлүгүн ачык ыкма менен казып алыша турган болсо, анда азыркы технология боюнча Борбордук, Сары-Төр жана Түштүк-Батыш деп аталган участоктордогу мөңгүлөр толугу менен жок кылынат. Бул эбегейсиз чоң кен запасын иштетүү үчүн дагы бир хвостохранилище курулушу керек. Анткени, азыркысы 316 тонналык карьер запастарына толуп калган.

Бул экологиялык катастрофанын масштабын эки эсеге көбөйтөт. мөңгүлөр эрип, карьерлерге агып кирип, толуп калат. Муну болтурбоо үчүн топурак көчкүнү башка жакка ташуу керек болот, ал төгүлгөн топуракты мөңгү басып калгандыктан, мөңгүнү да жылдыруу керек. Бийлик ушунун баарына билип туруп барууну көздөп жатат. Ушунун өзү эле диверсия жана өз өлкөсүнө карата жасалган кылмыш эмеспи?

2012-жылы парламенттин тапшырмасы боюнча, жана да КР өкмөтүнүн токтомунун негизинде ЗАО «Кумтор Оперейтинг Компани» тарабынан табигый ресурстарды рационалдуу пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо, калктын өндүрүштүк коопсуздугун жана социалдык коргоо боюнча нормалардын жана талаптардын аткарылышына текшерүү жүргүзүп, изилдөө үчүн Мамлекеттик комиссия түзүлгөн.

Комиссия 25 адамдан туруп, алар үч топто Артыкбаев Осмонбектин жетекчилиги алдында иш алып барышкан (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын мурунку директору) - экологиялык жана тоо техникалык экспертиза боюнча топтун башчысы, Шыкмаматов Алманбет (мурунку юстиция министри) – юридикалык тарап боюнча жумушчу топтун башчысы, Байгончоков Мирлан (мурунку финансы министри) – финансылык бөлүм боюнча жумушчу топтун башчысы.

Жети жыйын өткөрүлгөн. Алардын баары тең ачык болуп, коомчулуктун жана журналисттердин катышуусу менен өткөн.

2013-жылдын февралында Мамлекеттик комиссиянын отчетун угуп, Кыргызстандын Жогорку Кеңеши “Кумтөр” боюнча токтомдун бирдиктүү долбоорун колдоп берди».

(Булак - газета «ResРublica" 15.06.2015ж.)

Ал кездеги кырдаалдын уникалдуулугу ушунда болчу, 2005-жылы мага бул алтын кени жыртык тепшидей болгон абалда колума тийген. Кыргызстандын “Кумтөр” боюнча акциялары бар болгону 16% ды түзүп калган эле. Эң соңку 17% дык акцияны премьер Н.Танаев жана анын өкмөтү 86 миллион АКШ долларына сатып жиберген экен. Бакиевдин колуна дал ушундай мурас тийген! Калган акциялардын - 16% дын баасы 85 миллион АКШ долларына барабар болуп, Кумтөр жыл сайын 2-3 миллион доллардын тегерегиндеги салыкты төлөп калган болчу.

Ал эми дагы беш жыл башкарган соң, Бакиев өз элине эмнени калтырды? 16% дын ордуна 33% Кумтөрдүн акциясын калтырганмын, ал кездеги биздин үлүштүн наркы 2010-жылы 1 миллиард 750 миллион АКШ долларына барабар болгон, башкача айтканда, Кыргызстандын үлүшү 85 миллион доллардан 1 миллиард 750 миллион долларга өскөн! Жаңы макулдашуу 2025-жылга чейин, башкача айтканда, бул ишкананын иши аяктаганга чейин Кыргызстан бул компаниядан салык төлөмдөрүнүн эсебинен 3 миллиард АКШ долларын алууга жол ачкан. Ошондуктан, биздин сырткы карызыбыз биздин өлкөгө саясий жактан да, экономикалык жактан да коркунучсуз болуп, анын көз карандысыздыгына кооптонуу туудура алмак эмес. Анын үстүнө, экономиканы турукташтыруу процесси андан аркы өнүгүүлөргө масштабдуу перспективаларды ачмак, дал ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өнүгүү Фонду түзүлгөн, бирок, бул өзүнчө башка тема.

Атамбаев 2007-жылы премьер болуп иштеп турган кезинде Кумтөр тарыхына өз салымын кошууга далалат жасагандыгын эске салып койгум келет. Кумтөр менен жаңы макулдашуу иштелип чыгып, кол коюлган эле, бирок, бул келишим Кыргызстан үчүн биринчи иретте экономикалык көз караш боюнча алып караганда такыр эле пайдасыз болуп калган эле. Ошондуктан, парламент ал келишимди четке каккан. 2009-жылы жаңы пайдалуу келишимге кол коюлуп, ал азырга чейин иштеп, менин элиме өз пайдасын берип келе жатат.

 

Бакиев кеткенден кийин өлкөнү алтынга чөгөрүп салмакчы болгон Атамбаевдин бийлиги “Кумтөр” боюнча бир дагы суроону чече албай келе жаткандыгы абдан өкүнүчтүү. Мыйзамченемдүү жыйынтык болду: “Кумтөр” боюнча салыктык төлөмдөр азайып, азыркы кезде жылына 100 миллион долларга түшүп калды. Ал эми биздин 1 миллиард 750 миллион долларлык наркы бар акциябыздын аасы 350 миллион долларга чейин азайды. Жалгыз гана ушул долбоор боюнча, кыргыз эли Бакиевди Атамбаевге алмаштыруу менен 1.5 миллиард АКШ долларынан кол жууп калды. Атамбаевдин бийлиги кыргыз элинин чөнтөгү үчүн абдан кымбатка түшкөн, оор жүк болуп калды.

 

АКШнын «Манастагы» базасы жөнүндө

Бириккен аскерлердин коалициясынын «Манастагы» авиациялык базасы (АКШ деп оку) 2001-жылы киргизип, Акаев Кыргызстанда орун берген эле, ал эң эле мыкты делген учурда Кыргызстанга бар болгону 2 миллион доллар төлөп жүргөн. Ал эми менин тушумда бул “Манас” аскердик базасынан түз жана кыйыр үшкөн төлөмдөрдүн баасы жылына 150 миллион долларга чейин өсүп жетти.

Атамбаев америкалык базаны чыгарып жибергенден кийин бюджетке акча түшпөй калды. Ал эми саясий пайдага келсек, бул деле талаш жараткан маселе бойдон калууда. Ал эми «Кумтөр» боюнча, чыр-чатактардан, талаштардан жана эксперттерге акы төлөп берүүгө кеткен мамлекеттик бюджетке келтирилген көп миллиондук чыгымдардан башка, өлкө эч кандай пайда көрө алган жок. 2009-жылдагы келишимден улам гана Кыргызстан “Кумтөрдөн” алтынга болгон дүйнөлүк баа 30% га азайганына карабастан, чоң суммадагы каражатты алуусун улантып келе жатат. Биздин урпактарыбыз менин өкмөтүм “Кумтөр” боюнча да, “Манас” аэропортундагы база боюнча да Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоодо жасаган жакшы нерселери үчүн өздөрүнүн оң бааларын беришерине мен ишенемин.

 

“Кумтөрдөн” башка өндүрүштүк компаниялар боюнча айта турган болсок, Кара-Балтадагы килем комбинаты 1984-жылы ишке киргизилип, биздин өлкөдө советтик доор учурунда курулган эң соңку ишкана болуп калды. Ал эми 1990-жылдардан кийин өнөр жай ишканаларынан бир гана Токмоктогу айнек заводу ишке киргизилди. Ошондон бери Кыргызстанда бир дагы тигил же бул өлчөмдөгү мааниси бар өндүрүш курулган жок, менин учурумда гана бул жааттагы иш мурдагы өлгөн калыбынан тирилип, кайрадан козголду. Кызыл-Кыядагы кубаттуулугу 1 миллион тонналык цемент заводу, «Камбар-Ата-2» гидроэлектростанциясы курулуп, пайдаланууга берилди. Бул ГЭСтин экинчи жана үчүнчү агрегаттарын пайдаланууга берүүгө негиздер түзүлдү. «Джунда» нефти иштетип чыгаруучу заводдун курулушу башталды. Дагы бир кичинекей сүртүм: Ыссык-Көлдө көз карандысыздык мезгилинде Акаевдин тушунда бир дагы жаңы пансионат курулбаса, мен башкарып турган кезде 5 жыл ичинде 11 жаңы пансионаттар курулду.

 

Атамбаев жана анын командасы жалпы улутташтыруу боюнча процессти баштап алышып, алиге чейин аны бүтүрө албай келе жатышат. Бул китепте белгиленген реалдуулуктар эки президенттин ишмердигиндеги олуттуу айрымачылыктарды көрүүгө мүмкүндүк бере алат. Менин тушумда “Каражатка жараша жашоо керек” деген ураан гана айтылып тим болбой, колдо бар каражаттарды да акыл-эс менен чыгымдоо адаты пайда болду, бул айрыкча гранттарга тиешелүү болду. Мен бир нече мисалдарды келтиргим келет. 2008-жылы менин Кытай Эл Республикасына жасаган расмий иш сапарымдан соң, Кытай тараптан Кыргызстанга абдан чоң суммадагы грантты бөлүп берүү жөнүндөгү келишимге жетиштик. Андан соң бул грантты кандай түрдө алуу пайдалуураак болот деген суроо жаралганда, мен эч ойлонбостон туруп, ал грантты айыл-чарба шаймандык техникалары түрүндө алуу биздин фермерлердин эң эл орчундуу муктаждыктарына жооп бере алат жана да алардын айыл чарбасындагы милдеттерди чечүү талабына жооп берет деп чечтим. Өлкөгө 1000 трактор келип, бул техниканы бардык областтар жана райондор алышты, ал техника азырга чейин иштөөнү улантып келе жатат. Эсимде, Ошто тракторлорду тапшыруу учурунда аянтта бир аксакал мага мындай деди: «Мына, эми сен чыныгы азамат экениңди баарына көрсөтө алдың. Акаев биздин станокторду жана заводдорду Кытайга металл сыныктары түрүндө жөнөтүп жиберсе, сен аларды кайра трактор түрүндө кайрадан кыргыз элине алып келип бердиң. Бул үчүн сага чоң ырахмат, уулум». Мындан сырткары, ушул аталган КЭРнын грантынын эсебинен ШКУнун Кыргызстандагы юбилейлик жыйыны алдында мамлекеттик резиденцияда 6 конок үйү, конгресс-холл курулуп, мамрезиденциянын өзүн олуттуу реконструкциялоо иши жүрдү. Ал жерде 1960-жылдардан бери такыр эч нерсе курула элек болчу. Ошентип, дээрлик 40 жыл өткөн соң, мен өңү өчө түшкөн өлкөнүн кадыр-баркын кайрадан көтөрүүгө, Кыргызстан татыктуу жана жагымдуу жүзгө ээ болушу үчүн колумдан келген аракетимди жасадым. Менин учурума туш келгендей эле мөөнөттө азыркы бийлик бүгүнкү күнгө чейин кайсыл бир олуттуу ишти бүткөрө алдыбы? Кыргызстанга гранттар келүүсүн улантып жатат, бирок ага эл муктаж болгон тракторлорду алып келбей, ал каражатка тар чөйрөдөгү жакын адамдар жана элита үчүн мерседес жана кадиллактарды сатып алып жатышат.

 

«Кыргызгаз»

Менин тушумда биздин Өзбекстан менен болгон өз ара байланыштарыбызда мурда эч качан болуп көрбөгөндөй бири-бирибизге болгон ишеним, чыныгы бир туугандык мамиле жаралды, бирок, азыр болсо ал мамилелер түп-тамырынан бери кыйрап калды. “Кыргызгазды” бир долларга сатуу жөнүндөгү чечим элге каршы жасалган иш, ачыгын айтканда кылмыш болуп эсептелет, мен муну башкача деп атай да албаймын. Депутаттардын бири айтмакчы: «Биз Кыргызгазды сатып жибердик, эми болсо бизде “Кыргызгаз” да, газ да жок». Бирок, биздин ал компаниядан айрылып калганыбыз - бул газ маселесинин жалпыга көрүнүп турган гана чокусу болуп эсептелет. Балким, Атамбаев өзүнүн кызматка дайындалышы үчүн акы төлөп берип, өзүн колдоп беришкендердин ишенимин актагысы келген чыгар, бирок, ал мындай болгон кезде акы төлөөнүн абдан туура эмес эсебин тандап алган. Биздин убакта, мен бийликке келгенге чейин көп мезгил мурда эле газ маселеси пайда болуп турчу, бирок, биз аны чеччүбүз. “Кыргызгаз” компаниясы эч качан чыгымдуу болгон эмес, анын карыздары айдан айга, жылдан жылга өтүп туруучу, ал эми газ иш жүзүндө керектөөгө жараша төлөнүп турчу. “Кыргызгаздын” уланып жүрүп олтурган карызы болжолдуу алганда 2-3 млн. АКШ долларына жакын болчу. Мен бул багыттагы ишти кыйла ийгиликтүү деп эсептечүмүн, дал ошондуктан улам, өз кезегинде “Кыргызгаздын” жетекчиси Игорь Чудинов Кыргыз Республикасынын премьер-министри болгон. Демек, бул компанияны бир долларга сатуудан мурда, 40-50 млн долларлык карыз кантип чогулуп калганын талдап көрүп, кимдин мында күнөөлүү экендигин аныктоо керек болчу. Биринчи иретте, андай зыянды ким алып келгендигин тактап, андай уурдоолорго катыштыгы барлардан бул чыгымды жабуусун мыйзам боюнча эң катуу талап кылуу керек болчу. Ошондон кийин гана Атамбаев эгерде “Кыргызгазды сатууну чечсе”, бүткүл системанын реалдуу наркын аныктоо зарыл болчу. Ал системада узундугу 120 км магистралдык чоң диаметрдеги жогорку басымдагы түтүкчөлөр, узундугу 700 км магистралдык орточо басымдагы орто диаметрдеги түтүкчөлөр, жана дагы узундугу 12 миң километр келген төмөнкү басымдагы түтүкчөлөр бар болчу. Буга дагы кошумча иретинде Сокулуктагы жана Жалал-Абаддагы эки бириккен газ станцияларын, үч жүздөн ашуун газды бөлүштүрүүчү щиттердив (ЩРП), Майлуу-Суудагы жана Шахимардандагы сыйымдуулугу 5млрд.куб болгон 2 чоң газ сактоочу жайды айтуу керек. Ушунун баары башка жабдыктарды жана шаймандарды эске албай туруп айтканда гана. Менин оюмча, аны баалоодо “Кыргызнефтегаз” чалгындап чыккан, Кыргызстандын жер астындагы 7 млрд куб газ запастары, жана да газ транспорттоо инфраструктурасы үчүн бөлүнүп берилген, “Кыргызгаздын” өз менчиги катары саналган жердин наркы да эске алынышы керек болчу».

 

Кыргызстан – чакан гана тоолуу өлкө, анын Армения менен айрым окшош жактары бар, калкынын саны боюнча бул республикадан чоң экендигине карабастан. Мына эми карап көргүлөчү, “Армянгаз” ошол эле Газпромго Бажы биримдигине жана Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүнүн алдында 750 млн АКШ долларына сатылган. Менин оюмча, “Кыргызгаз” андан арзан эмес эле, тескерисинче, андан кымбатыраак болушу мүмкүн эле.

Андай болсо эмне үчүн өзүнө турган наркы бери эле болгондо 750 млн доллар турган элдин менчиги 1 долларга сатылып кетти? Ким бул үчүн жоопко тартылышы керек? Ким буга уруксат берди жана ким ушундай бүтүмгө барды? Жок эле дегенде, бул суроону референдумга коюу керек болчу. Республиканын мүлкүн мындай чарбасыз шалаакылык менен чачып кылууга, анын ичинде юридикалык жактан да өзүнүн баасы берилип, элдик байлыкты жок кылууга багытталган мындай чечимди кабыл алышкандар татыктуу жаза ала турган убакыт келерине мен ишенемин.

 

Окурман Бакиев өзүн өзү мактап жатат деп ойлоп калбасы үчүн, мен социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү айрым бир негизги көрсөткүчтөрдү таблица түрүндө келтирип кетким келет. Анда Акаев мезгилиндеги статистикалык маалыматтар биздин 2009/2010-жылдардагы жыйынтыктар менен салыштырылган.


Дата добавления: 2015-11-15; просмотров: 94 | Нарушение авторских прав


<== предыдущая страница | следующая страница ==>
Энергетикадагы реформалар| Жылдардагы Конституциялык реформалар

mybiblioteka.su - 2015-2024 год. (0.009 сек.)