Студопедия
Случайная страница | ТОМ-1 | ТОМ-2 | ТОМ-3
АрхитектураБиологияГеографияДругоеИностранные языки
ИнформатикаИсторияКультураЛитератураМатематика
МедицинаМеханикаОбразованиеОхрана трудаПедагогика
ПолитикаПравоПрограммированиеПсихологияРелигия
СоциологияСпортСтроительствоФизикаФилософия
ФинансыХимияЭкологияЭкономикаЭлектроника

Аксы күйүтү дале жүрөк өйүтөт

СӨЗ БАШЫ | Http://mbrtwrw.turmush.kg/ru/news:5527 | Кыргызстандын экономикасы жөнүндө азыноолак сөз | Жалпы кыйроонун мезгили | Талкалануунун кесепеттерин жоюу | Энергетикадагы реформалар | Quot;Кумтөр" долбоору | Жылдардагы Конституциялык реформалар | Бишкекте 7-апрельде | жылдын июнундагы трагедиялуу күндөр |


2002-жылдагы Аксы окуясы Кыргызстандын соңку жаңы тарыхындагы бурулуш жасаган оор трагедия болуп калды. Камакта жаткан ошол кездеги өз депутаты Азимбек Бекназаровду колдоо үчүн райондун борборуна карай бара жатышкан тынч жарандарды милиция кызматкерлери талаадан ок атуу менен тосуп алышкан. Айылдык жети киши тек гана өздөрүнүн жарандык укуктарын ишке ашырууга умтулушканы үчүн курман болушкан.

 

Албетте, укук коргоо органдарынын кызматкерлери ок чыгарбашы керек болчу, анткени, адамдардын колдорунда куралы жок болгон, эч кимге чабуул жасашкан эмес, администрацияны басып алууга да эч кандай аракет жасашкан эмес, ал тургай алар райондун борборуна да жетише элек болчу. Кыргызстандын Конституциясында коомдук тартипти сактоону камсыз кылууга милдеттүү болгон мамлекеттик органдардын иш функцияларын жөнгө салган ченем каралган, анын ичинде тынчтык түрдөгү акцияларды жана демонстрацияларды өткөрүү учурундагы милдеттери да каралган. Мамлекеттик органдардын ишине карата өз көз караштарын билдирген тынч митингге катышкандар өз өкүлүн - бийлик кысымына кабылган Жогорку Кеңештин депутатын ачык колдоп чыгышкан, мында мыйзамсыз эч нерсе жок болчу.

 

Мен ошол оор убакта министрлер кабинетинин башчысы болуп турганым үчүн гана, Кербендеги трагедия боюнча менин дарегиме көптөгөн айыптоолор айтылды. Конституцияга ылайык, мындай операцияларды иштеп чыгып, ишке ашыруу менен түздөн-түз өлкө президентине баш ийишкен тиешелүү күч түзүмдөрү алектенишет. Ошол күндөрдө да дал ушундай болгон. Кийинчерээк белгилүү болгондой, демонстрацияга чыккандарга каршы атайын операциялык чара көрүү үчүн "Тайфун" деп аталган бир план иштелип чыгыптыр, мен ага кол коймок турсун, аны көргөн да эмесмин. Мага эч нерсе айтышкан да эмес, балким, өздөрүнүн конституциялык укуктарынан пайдаланып жатышкан тынч жарандарды күч колдонуп кууп-таркатууга мени каршы болот деп ойлошсо керек. Анын үстүнө, ал окуялар мен туулуп-өскөн түштүк тарапта болуп жатпайбы. А кийин баары үчүн мени жаман көрсөтүү идеясы президент Акаевдин эң жакын чөйрөсүнө тиешелүү болушу ыктымал. Жарандардын өз эрктерин мындай ачык формада билдирүүсүнө анын мындай коркоктук менен мамиле кылуусу жана күч органдарынын кызматкерлеринин ойлонбой жасаган аракеттери ушундай трагедиялуу кесепеттерге алып келгендигин ал кеч түшүндү. Өз башына туш келе калган оору маселени башка бир соо адамга түртө салуу жагынан ал алдына эч качан киши салдырчу эмес. Ошентип, менин ысымымдын айланасында таркатылган ар кандай ушак-айың сөздөрдүн айынан мен сындын бутасына айландым да калдым, ал бутага карай элдин кыжыры кайнаган жебелери президенттин кишиси тарабынан атайылап мага карай бурулуп турду.

 

Болбогон ишти төгүнгө чыгарууга аракет кылуунун өзү бошко кеткен аракет эмеспи, - эгерде сен кандайдыр бир нерсени түшүндүрүүгө аракет кылып, актана баштагандай болсоң – дароо эле айыптуу адамдай болуп көрүнөсүң. Акаевдик чиновниктердин бейкүнөө адамдарды айыптоодогу устаттыгы дал ушундай ыкмалар менен, жалган жалааларды чүргөө менен жогорку чеберчилигине жеткен. Бул эки жүздүүлүктүн жана арамзалыктын өзгөчө бир түрү: адамды көөлөп, жалаа жаап туруп, элдин алдына, мына, силердин ушундай акыбалга кабылганыңарга дал ушул күнөөлүү деп түртүп коймой адат! Арийне, Аксы эли болуп өткөн кан төгүүлөр боюнча менин эч кандай күнөөм жок экендигин эң жакшы билишкен. Мен кызматтан кеткенимден кийин Ала-Бука, Чаткал жана Аксыны камтыган округ боюнча депутаттыкка көрсөтүлдүм. Аксы районунун шайлоочулары мага 95% добуш берүү менен колдошкон. Эгерде менин Аксы трагедиясына кенедей эле тиешем болгондо, ал жердеги шайлоочулар мага чоң ишеним көргөзүп, мен үчүн добуш беришмек турсун, мени алгачкы жолу талапкер катары барганымда эле өз аймактарынан кууп чыгышмак. Ушунун өзү эле качандыр бир кезде буга ишенип алышкандарга жана да азырга чейин Аксы трагедиясына менин тиешем бар деп жүрүшкөндөргө берилген жооп деп ойлоймун.

 

Кербендин кара кийген, азалуу күндөрү жөнүндө биздин өзүбүздүн жана чет өлкөлүк журналисттер, адабиятчылар жана саясат таануучулар тарабынан көптөгөн макалалар жана китептер жазылды. Бул адамдарга каран түндүү кайгы алып келген окуя, ошол эле учурда кийинки өзгөрүүлөргө жол ачкан, элдин эркиндикке жана демократияга болгон моюбас умтулуусунун жаркын күбөсү катары тарых барактарында сакталып калары шексиз. Албетте, Аксылык жөнөкөй карапайым жарандардын бул эрдиги адабий чыгармаларда, живописте жана музыкада өзүнүн чагылышын дале болсо күтүп келет. Азыр деле абдан тыкандык менен жазылган, эки тараптын тең кыймыл-аракеттерин ар бир мүнөтүнө чейин чагылдырган аналитикалык изилдөөлөр бар, алар бийликтин өзүм билемдигине каршы чыгышкан жөнөкөй адамдардын каармандыгынан эч шек туудурбайт. Бирок, кургак, протоколдук сүрөттөп жазуулар элдин рухун, анын эркиндикке жана акыйкаттыкка болгон умтулуусун, керек болсо өз өмүрүн кыйып болсо да, күрөшкө даяр тургандыгын толук өлчөмдө чагылдыра албайт. Биздин тарыхтагы бул кара тактар түбөлүккө сакталып кала берет.

Ошол трагедиялуу күндөрдө мамлекеттик жогорку кызматта иштеп туруп, туура эмес чечим кабыл алып таштоо тобокелчилдиги абдан чоң болсо да, өзүмдүн туура кадамдарды жасай алгандыгым үчүн, кырдаалды жөнгө салууга жетишип, от чыккан кагылышууну басып, трагедияны андан ары өрчүп кетүүдөн токтотуп калганым үчүн мен өмүр бою сыймыктанамын.

Март революциясы жөнүндө

Ар бир жетекчинин жана элдин жашоосунда өзүн өтө жоопкерчиликтүү сезип, айткан ар бир сөзүн, жасаган ар бир кадамын терең ойлонуу менен жасоого зарыл болгон кездер учурайт. Биздин өлкөдө 2005-жылдын март айында болуп өткөн окуялар Кыргызстандын тарыхында сейрек кездеше турган дал ошондой окуялардан болуп эсептелет. Биздин урпактар дагы жүздөгөн жылдар өткөндөн кийин деле, биздин ар бирибиздин аткарган ролубузду биз Март революциясы күндөрүндө баррикаданын кайсыл тарабында болгонубузга жараша баалай беришет.

2005-жылдын 15-мартындагы Жалал-Абаддагы жана 2005-жылдын 24-мартындагы Бишкектеги элдик толкундоолорду мен тагдыр чечүүчү окуялар катары караймын, ал күндөрү Кыргызстан өзүнө бүт дүйнөнүн көңүлүн бурду. Жараткан өзү биздин акыйкаттык үчүн күрөшкөнүбүздү көрүп, бизди колдоп, жашоого жаңы дем берүү үчүн кубат берип жаткандай туюлду. Мезгил өткөн соң гана, алдын ала белгиленген нерселердин баары тең ишке ашырылбай калгандыгы жана да көп нерселерди мындан кыйла жакшы жасоого мүмкүн болгону тууралуу түшүнүк келет. 2005-жылдын мартында биз баштаган жана бүт көңүл-дитибизди коюп, ушунчалык чоң далалат менен аткарган ишибиздин аягына чыкпай калганы үчүн мен өзүм да өлкө президенти катары жоопкерчиликтүү экендигимди толугу менен сезип турамын. Арийне, чындык биротоло жеңип чыгып, ким канчалык деңгээлде туура же айыптуу экендиги ачыкка чыгат деп үмүттөнөмүн.

Мен кыргыз парламентинин депутаты болуп калган учур өлкөдө ар кандай партиялар жана саясий кыймылдар тездик менен кулач жайып, кубаттана баштаган кезге туш болду. Ачыгын айтканда, Жогорку Кеңештеги жумуш мага анчалык жаккан деле жок, анткени, мен мүнөзүм боюнча ишкер адам болгондуктан, дайыма өндүрүштө иштеп, бир нерселерди жасап, жаратып, куруу менен алек болчумун, а бул жерде болсо мыйзам чыгаруу ишмердиги менен алектенүү керек эле. Ошентсе да, мен парламент жыйындарына такай катышып жүрдүм, эч ким мени эч качан жыйынга кечиккендигим үчүн жемелей да албайт. Мыйзам чыгаруу иштеринде мен өз мүмкүнчүлүктөрүмө жана жөндөмүмө жараша катышып жүрдүм, ошол эле учурда өзүм өндүрүш тармагына тиешелүү укуктук-ченемдик актыларды жана жоболорду иштеп чыгып, эски жоболорду жаңы шарттар, нормалар жана реалдуулук менен шайкеш келтирүүгө менен алектендим.

 

Акыйкаттык үчүн айтып коюу керек, Акаевдин 1997-жылга чейинки башкаруусу өзгөчө нааразычылыктарды жараткан эмес, себеби, ал кезде кийинки былыккан бийлик системасы курала элек болчу. СССР таркап кеткен кезде Кыргызстандын экономикасы агрардык-индустриалдык өлкө катары жашап кетүүгө толук жөндөмдүү бойдон калган эле. Советтик мезгилде өнөр жайды өнүктүрүүгө көп көңүл бурулчу, анда негизги ролду станокторду куруу, тоо-кен тармагы, радиоэлектроника жана башка ушул сыяктуу тармактар ээлеп турар эле. Тилекке каршы, 90-жылдардагы реформалар ийгиликсиз жүргүзүлгөндүктөн улам, республика өзүнүн индустриалдык потенциалын жоготуп, агрардык өлкөгө айланды.

 

Алгачкы пландар терең таасир калтырып, Кыргызстандан «экинчи Швейцарияны» куруу сыяктуу батылдык менен жасалган билдирүүлөр угулду, буга өлкөнүн масштабы, климаты, географиялык жактан окшоштугу дагы негиз болуп турган. Бул аша чапкан куру убадалуу билдирүүлөр популисттик мүнөздө болуп, сыйкырдуу күч менен өзгөрүүлөр болот дегенге элдин ишенимин ойготууга болгон далбаса сыяктуу эле. Иш жүзүндө болсо, баары тескерисинче болуп чыкты: кагазда баары тең жайында болгону менен, алар аркылуу басып өтүш керек болгон өңгүл-дөңгүл өткөөлдөр жөнүндө унутуп коюшкан болчу, Гогольдун каарманы маниловчосунан куру кыялдарга берилип, баары өзүнөн өзү эле жасала берет, эл жыргап жашап калат деп ишенбей, билек түрүнө иштеш керек болчу. Андай болуп кеткен жок. Көздү чоңураак ачып караганда гана, иш жүзүндө өлкөдө бардык тарапта тең туура эмес жолго түшүп калганын көрүштү, баары тең талкаланып жок болуп, айыл чарбасында жана өнөр жайда, билим берүүдө жана маданиятта, негизги жана киреше берүүчү фондуларда сатууга мүмкүн болгон нерселердин баары сатылып жаткан.

 

Айтып коюшум керек, абал бардык жерде эле бирдей жаман эмес эле. Апас Жумагулов губернатор болуп иштеген Чүй областында көз карандысыздыктын алгачкы жылдарындагы псевдореформалар учурунда агрардык тармак андай бүт баарын бүлүнткөн сатып-тоноодон аздыр-көптүр дурус абалда сакталып калды. Бирок, жалгыз область бүт өлкөнүн кургуйга түшүп баратканын токтото алмак эмес. Кыргызстандын келечек тагдыры үчүн күйүшкөн көп саясатчылар жана коомдук ишмерлер Аскар Акаевден президент катары көңүлдөрү гана калышпастан, ушул түзүлгөн кырдаалдан кантип чыгуунун эң натыйжалуу жолдорун издеп жатышкан.

 

1999-жылдын ошондой күндөрүнүн биринде, мен А.Жумагуловдун ордуна Чүй областына губернатор болуп калган кезимде, мага Абсамат Масалиев келди. Биз экөөбүздүн тең тынчыбызды алган, эң маанилүү маселелерди талкууладык, маектешүүнүн аягында ал күтүүсүздөн эле мага мындай деген сөздөр менен кайрылып калды: «Курманбек Салиевич, мен сизге азыр бир сунуш жасаймын, мага дароо жооп бербеңиз. Мен дагы 10 күндөн кийин жооп алганы келемин. 2000-жылы президенттик шайлоодо мен сиздин талапкердигиңизди көрсөтүшүңүздү суранам».

 

Чынын айтканда, бул сунуш мен үчүн такыр эле күтүүсүз болду. Абсамат Масалиевич андан ары сөзүн улантты: «Сизде жеңишке жетишүү үчүн дурус мүмкүнчүлүктөр бар. Биринчиден, биз - коммунисттер – сизди колдойбуз. Экинчиден, сиздин чоң кадыр-баркыңыз бар. Сиз көп жылдар бою түштүктө Жалал-Абад областын башкардыңыз, сизди ал жакта жакшы билишет. Республиканын түндүгүндө дагы сиз үч жылдан бери Чүй областын башкарып келе жатасыз. Сизде мүмкүнчүлүктөр бар, биз колдойбуз, - сиз жеңишке жетесиз».

 

Туура 10 күн өткөндөн кийин ал жооп алганы келди. Мен А.Масалиевдин сунушун этикалык себептерден улам кабыл ала алган жокмун да, муну ага түшүндүрүп берүүгө аракет кылдым: «Абсамат Масалиевич, азыр мен президенттин командасындамын, ал мени алгач Жалал-Абад областына, эми болсо Чүй областына губернатор кылып дайындады. Эгерде мен Кыргызстандын президенттигине өз талапкердигимди көрсөтсөм, мунум Акаевди сатып кеткеним сыяктуу болуп калат».

 

Мен Акаевге карата мындай туура эмес ниет менен мамиле жасай алган жокмун. Менин бул сөздөрүмдү Үсөн Сыдыков тактап бере алат, ага Абсамат Масалиев менин талапкердигимди ылайык көрүп жатканын айтыптыр. Мен кийин гана мени эмне үчүн мурдагы кызматым менен бирдей деңгээлдеги Чүй областына которушканын түшүндүм. Кийин мага урматтуу аксакал, депутат Дооронбек Садырбаев айтканына караганда, Жалал-Абад областынын губернаторунун ордун Бекболот Талгарбеков үчүн бошотуу керек болуптур. Мага болсо абдан сылык ишарат кылуу менен гана, жергиликтүү депутаттар Жалал-Абад областында Талгарбековду кабыл алышы керектигин түшүндүрүштү, ал эми Чүй областында мага жардам кылышарын айтышты. Мен Жалал-Абад областтык кеңешинин депутаттарынын сессиясында чыгып сүйлөп, алардан Талгарбековдун талапкердигин колдоп берүүлөрүн сурандым, өзүмдү Чүй областына которуп жатышканын, ал жакта да мени депутаттар колдой турушканын билдирдим.

 

2000-жылы Акаев мени атаандаш талапкер катары Амангелди Муралиев менен чогуу Кыргыз Республикасынын премьер-министрлик кызматына көрсөттү. Биздин ал экөөбүздүн басып өткөн кызматтык жолубуз бирдей болуп, кээде кесилишип жүрүп олтурду. Биз экөөбүз эки түштүк областын бир учурда башкарып турдук - Муралиев - Ошту, мен - Жалал-Абад областын. Мен Чүй областынын губернатору болуп турган кезде ал КР министрлер кабинетин башкарып турду. Кезегинде ал маммүлк Фондунда мен анын орун басары болуп иштеген учурум да болгон, биздин өз ара мамилебиз жакшы жолдоштук деңгээлде калыптанган эле. Албетте, менин талапкердигим Муралиев ээлеп турган кызматтык орунга альтернативалуу негизде көрсөтүлгөн соң, экөөбүздүн мамилебиз да бузулуп калды. Анын үстүнө, мен ошондо аны абдан чоң үстөмдүк кылуу менен утуп чыкпадымбы. Эсимде калганы боюнча, аны бар болгону 9 же 10 депутат гана колдоп чыгышты, калгандары баары тең менин талапкердигимди колдошту. Ошондо президенттин администрациясында абдан катуу кармаш жүрдү. Накен Касиев мамлекеттик катчы эле. Мисир Аширкулов – администрация жетекчиси болчу. Жогорку Кеңштин депутаттары абдан татаал тандоого кабылышты, “аксарайдын” амалкөй интригаларын баары эле жакшы түшүнө беришпегендиктен улам, туура эмес добуш берип алып, сызга олтуруп калуудан чочулашты. Кимге добуш берүү керек - премьер-министрлик кызматта олтурган Амангелди Муралиевгеби, же жаңы талапкер Курманбек Бакиевгеби? Албетте, көбү эмне кылууну да билбей, баштары айланып калды, айрымдары Бакиевди колдоп жатышса, башкалары - Муралиевди колдоп жатышкан.

 

Мен бир нече депутаттык топтор менен жолугуштум, алардын суроолоруна өзүмдүн эки областтагы губернатор болуп иштеген ишим тууралуу жооп берип, Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө карата болгон өз көз карашымды айтып бердим. Кандай нерселерди туура деп эсептей турганымды, тигил же бул кырдаалда кандай жасоо туура экендиги тууралуу ойлорумду бөлүштүм. Ошондон кийин депутаттар мага премьер-министрлик кызматты ишенип тапшырууга болот деп калышты окшойт. Сөзүмдүн аягында: «Мен сиздерди уят кылбаймын деп үмүттөнөмүн» дедим. Депутаттык топтор менен болгон бул жолугушуулар менин пайдама иштеди. Менин атаандашым Муралиев парламентарийлер менен жолугушуунун кереги жок деп эсептеп койду, балким, ал өз жеңишинен эч күнөм санабаса керек. Натыйжада, мен Кыргыз Республикасынын премьер-министри болуп калдым.

 

Жогоруда айтылгандай, Аксыдагы Боспиек айылынын жанындагы кан төгүлгөн трагедиядан соң, мен ага эч кандай тиешем жок болсо да, Кыргызстандын премьер-министрлик кызматынан кетүүнү зарыл деп эсептедим. Мен эми Акаевдин командасында кала алмак эмесмин, айрыкча, ал менин бул кызматтан кетүүмдү ыйламсырап сурангандыктан улам. Акаевге мен бул кызматтан кетсем эле бул өлкөнүн турукташуусуна жардам бере тургандай сезилген болчу. Балким, мени каралоо үчүн колдон келгендин баарын жасашкан анын жакын чөйрөсү ага дал ушундай кеңеш беришкен чыгар. Асыресе, андай үмүттөр акталган жок, тескерисинче, баары теңирден тескери болуп чыкты. Оппозициялык белгилүү газеталардын бири жазгандай, Бакиевдин премьер-министрлик кызматтан кетиши Акаевдин бийлигинин тез арада алсыздануусуна алып келди. Бийлик менен коомчулуктун ортосундагы карама-каршылык жоюлган жок, конфликтти тынч жол менен чечүү Кербендеги окуялардан кийин кайра курчуп, такыр мүмкүн болбой калды. Эл өзүнүн кайратын жана куралсыз өз элине каршы ок чыгарган коркок бийликтин алсыздыгын сезип калды. Ошентсе да, премьер-министрлик кызматтан кетип жатканда менде оппозициялык ишмердик менен алектенүү жөнүндө, анан калса, бийликти кулатуу тууралуу ой дегеле башыма да келген эмес. Бирок, эл мени Жогорку Кеңештин депутаты кылып шайлады, болгондо да дал Аксынын эли, мени чоң саясатка кайра алып келип, менин ысымым менен өздөрүнүн келечектеги оң өзгөрүүлөргө байланышкан үмүттөрүн байланыштырган ишенимин көрсөтүштү.

 

Көп Кыргызстандыктар 2002-жылдын жазынан соң, өлкө баш-оту менен чумкуп кирген саясий караңгылыкты эсинен чыгарышпаса керек. Аскар Акаевдин айтканы бир башка, жасаганы такыр башка болгон бетпардасы биротоло ачылып, чыныгы жүзү көрүнүп калган. Көп жылдар бою ал чыныгы президент-демократтын маскасын жамынып жүрдү, дүйнөлүк коомчулук да, Кыргызстандын калкы менен бирге, анын саясатчы жана мамлекет башчысы катары чыгаан жөндөмүнө, Борбордук Азиянын башка лидерлеринен аны артык көрсөтүп, айрымалап турган өзгөчөлүгүнө ишенип калган эле. Анын жоопкерчиликтүү жана компетенттүү өкмөттүн башкаруусу алдында ачык жана акыйкат коомду курамын деген убадалары чет өлкөлүк инвесторлордун башын айландыруу үчүн айтылган тек гана куру сөз болчу, алар биздин өлкөгө ишенип, жардамдарын берип, кредиттерди бөлүп жүрүшкөн, ал карыздар азыркы күнгө чейин өлкө үчүн оор жүк болуп, желкеден ныгырып басып турат. Жакшы нерсе дайыма жамандыкты качырат эмеспи. Көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында Кыргызстандан экинчи Швейцарияны курууга болгон ой авантюра гана болчу, ошонун натыйжасында асмандагы кол жеткис кыялдарга кол сермеп, өз колубузда бар нерселерден айрылып, кол жууп калбадыкпы. Анын ордуна, Кыргызстанга Советтер Союзунан калган завод, фабрикаларды сактап калып, эл чарбачылыгын колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып өнүктүрүп, экономиканын олтуруп калышын алдын алуу керек эле. Мындай жаратмандык күч-кубат чет өлкөлүк гранттарды сурап, тилемчилик кылууга орун берип, бийлик жүзүнө демократиялык маанай сүртүлө баштады.

Кыргызстандын президенти болгондон кийин мен потенциалды куру кыялдуу максаттарды көздөгөнгө коротпостон, жөнөкөй жана акылга сыйган принциптерди кармана баштадым. Ошого ылайык, мен команданы да жыйынтык көрсөтүү үчүн иштей ала турган прагматик, практик-жетекчилерден тандап алдым. Алар өз алдыларына реалдуу максаттарды коюшуп, аларды жигердүү түрдө ишке ашыра башташты. Алардын фамилиялары азыркы кезде Кыргызстандыктардыи терс мамилесин жаратып калса да, мен мурдагыдай эле, алар менен чогуу иштөө аркылуу көп нерсеге жеттик деп ойлоймун. Алар: Марат Султанов, Искендер Айдаралиев, Акылбек Жапаров, Адахан Мадумаров, Данияр Үсөнов, Ахматбек Келдибеков, Элмырза Сатыбалдиев, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Игорь Чудинов, Чолпон Баекова, ыраматылык Медет Садыркулов, Үсөн Сыдыков жана башка дагы көп райондордун акимдери, областтардын губернаторлору.

 

Балким, окурмандардын эстеринен али чыга элек болушу керек. Абсамат Масалиев башкарган учурда аксакал саясатчы Үсөн Сыдыков Ош областын башкарып туруп кандай сындарды уккандыгы эсиңиздерде чыгар? Ошондо кандай гана айыптоолор анын башына агылып түшкөн жок! Арийне, ал чыгаан уюштуруучу болчу, ошондуктан улам мен аны өз командама тартканмын. Менин баамымда андан башка дагы, балким, мага дили боюнча жакыныраак көп талапкерлер бар болушкандыгына карабастан, мен Ү.Сыдыковдун региондордогу кадыр-баркы, ишкердик жөндөмү жана да жетекчилик чоң тажрыйбасын эске албай кое алган жокмун, мындай кылбасам туура эмес жана алысты көрө албоочулук болуп калмак. Данияр Үсөновдун ысымы азырга чейин көп адамдарга кызыл чүпүрөк буканын кыжырын кайнаткандай эле таасир калтырат. Корсураак жана кербезденген мүнөзү бар болсо да, мопеддердин арасында күрүлдөгөн танк сыяктуу энергиялуу болуп, ал башка талапкерлерге караганда бизнес жана өндүрүш маселелерин жакшы түшүнө турган, чарчоо билбеген иштермандыкка, билимдүү жана эрудициялуу сапаттарга ээ эле. Мен бул өтө жоопкерчиликтүү кызматтык орундарга мындай тажрыйбалуу профессионалдарды эмес, тек гана сыртынан жагымдуу жана илберинңки, сылык, жана да фантазиялуу акылдуу адамдарды дайындап салсам, мындан эч кандай жакшы натыйжа чыкмак эмес.

 

Чакан коллективдерде жетекчи болуп иштей баштаган алгачкы жылдарымда эле мен негизги принцибимде команда менен чогуу иштей турган лидер катары калыптандым, ошондой эле, сен аларга ишенген жана дагы алар сага ишенишкен адамдар менен болгон ишкердик кызматташтык натыйжалуураак болоруна мен көп ирет ынандым. Мен үчүн ал адамдын кайсыл региондон экендиги маанилүү эмес, дегеле регионализм мага башынан эле жат нерсе. Эң башкысы ал профессионал болуп, коллектив менен иштеше алып, өз өлкөсүнүн патриоту болсо эле болгону. Ошондуктан, менин командамда оппозициянын өкүлдөрүнөн да жетишерлик санда бар болчу. Кадрдык дайындоолор боюнча кетирген эң жогорку деңгээлдеги олуттуу жаңылыштыгым, - 2007-жылы Алмазбек Атамбаевди Кыргыз Республикасынын премьер-министри кылып дайындоо болду. Бул адам дегеле жетекчи болуп иштегенге жөндөмсүз эле. Бул анын азыркы кезде Кыргызстандын президенти катары беш жылдан берки башкаруусунун жыйынтыгынан дагы ачык көрүнүп келе жатат.

 

2002-жылдын экинчи жарымындагы, тез аранын ичинде чечүүнү талап кылган, конкреттүү милдеттерге караганда, жалаң гана ишке ашпай турган фантазиялары менен өлкөнү жетектеген адамдын бийлиги тушундагы окуяларга кайра кайрылалык. Ал өзү деле ошол кезде өзүнүн бул эбегейсиз жоопкерчиликти аткара албай калаганын түшүнүп, өз күчүнө өзү ишенбей калган, бирок, Аксы окуяларынан соң өз эли менен бетме-бет сүйлөшүүдөн качып, бийликке катуу жармаша баштаган.

 

Мен Жогорку Кеңеште иштеген кезде, күнүмдүк, көндүм болгон майда нерселер менен алектенип жүргөнүмдө, мага Азимбек Бекназаров бир нече жолу кирип, бир эле өтүнүчүн – бириккен бир нече партиялардын бирикмесинин лидери болууну, - бир нече жолу кайталаган (менимче, тогуз партия жөнүндө сөз болгон), алар баары биригип, жалпы бир кыймыл түзүүнү каалап жатышыптыр. Мени ошолордун башчысы бол деп суранышты. Адегенде мен мындан баш тартып жүрдүм, себеби, менин планымда партиялык ишмердик менен алектенүү жок болчу. Бирок, партия лидерлери абдан суранып туруп алышкандыктан, акыры аягында, мен макулдугумду берүүгө мажбур болдум. Бул өтө маанилүү миссия боюнча мага ишеним артышкан адамдарды уятка калтырууга болбойт эле. Кыргызстандын Элдик Кыймылы тез эле кулач жайып, өлкө калкынын арасында таасирдүү күчкө айлана баштады. Мунун себеби, Кыргызстандын коомчулугу Акаевдин бийлигинен жана анын курулай убадаларынан аябай жадагандыгы менен түшүндүрүлүп жаткан. Кеңешип көргөн соң, биз 2004-жылдын күзүндөгү Жогорку Кеңешке болгон шайлоолорго катышууну чечтик. Биз өз жеңишибизге биротоло ишенген элек деп айтууга болбойт, жакынкы келечек тууралуу кандайдыр бир реалдуу божомолдорду жасоо да кыйын эле. Бирок, биз, ошол кездеги оппозиция лидерлери Жогорку Кеңештин жаңы курамынан өз ордубузду ээлегенге, өзүбүз өкүлү болгон элдин жана региондордун кызыкчылыктарын коргогонго даярданып жатканбыз.

Шайлоого даярдыктар башталары менен эле, биз өз жонтерибиз менен административдик ресурс деген нерсе эмне экендигин ачык сезе баштадык. Жергиликтүү жана борбордук органдар тарабынан иштей баштаган мамлекеттик машина ыңгайсыз талапкерлерге каршы катуу күч колдоно баштады, мындай кысымдын мизин кайтаруу оңойго турган жок. Ошол запкы тарткан саясатчылардын арасында мен да болуп калып, менин башка көп жолдошторум сыяктуу эле бийлик тарабынан болгон катуу кысымга туш болдум. 2005-жылдын февралындагы шайлоодо реалдуу түрдө жеңишке жетишишкен көп талапкерлерге карата жергиликтүү бийлик органдары жана шайлоо комиссяларынын өкүлдөрү ачык эле, уят-сыйытты такыр унутушуп, коркутуу, алдамчылык жана көз боемочулук менен бут тосуп жатышкандыгын көргөн калктын нааразычылыгы тез арада жогорку чегине чейин өсүп жетти.

 

Ошондо жасалган мыйзам бузуулардын жана одоно ыпластыктардын бир мисалы катары мен өзүм Тогуз-Торо районуна шайлоочулар менен жолугушууга барганда өз көзүм менен көргөн реалдуу окуяны айтып берейин. Менин шайлоо округума андан сырткары дагы Базар-Коргон районунун бир бөлүгү кирип, аларды күзгү жана кышкы мезгилдерде такыр өтө алгыс тоолор ортосунан бөлүп турган. Казарманга жетиш үчүн миң километрге жакын тоо жолун басып өтүү керек эле. Ушунун өзү эле оңой сыноо эмес эле: жетүүгө кыйын болгон мындай электорат башка эч кимге туш келген эмес. Анысы аз келгенсип, жергиликтүү органдар мени эл душманы катары терс кабыл алышып, бут тосо башташты, шайлоочуларды мени менен эптеп эле жолуктурбай коюш үчүн аракеттерди көрүп жатышты. Кээде атайылап көчкүлөрдү түшүрүшүп, тоо жолунан талапкердин машинасы өтө албагандай кылышып, бир да мектепке киргизбей, бир да коллективге жакын жолотпой жатышты. Ал эми бул учур кышкы мезгилге туш келген, бийик тоолуу аймакта ызгаар суук өкүм сүрүп турган. Мен ошондо жолугушууларды көчөлөрдө өткөргөнгө мажбур болдум. Нарын областында жашашкандар жакшы билишет, Тогуз-Торо районундагы кыш кандай экендигин: күндүзгү аба-ырайынын температурасы минус 30 градус. Эми өзүңүздөр ойлонуп көрө бериңиздер, талапкерге жана анын командасына кандай кыйынчылыктар туш келгендигин! Жолугушуулар кыска гана убакытка болуп жатты, адамдарды аяп, мен адегенде бул жолугушууларды такыр эле өткөрбөй койсомбу деп да ойлогонмун, бирок, адамдар өздөрү талапкер менен көзмө-көз сүйлөшүүгө ынтызар болуп жатышты, өз көңүлдөрүндөгү кайнаган буктарын чыгарып, айтып калууга умтулуп жатышты. Ошондуктан, мен жолугушууларды карандай катуу суукта өткөрүүгө мажбур болуп жаттым. Жергиликтүү бийлик органдарынан коркпой, жогортон берилген буйруктарды аткарбай койгон, эч кимден коркпогон бир гана жетекчи Тогоуз-Торо райондук ооруканасынын башкы врачы Аманкан Жакишев болду. Ал мага оорукананын аймагындагы актовый залда коллектив менен жолугушууга уруксат берди. Мен ошол жерде шайлоочулар менен жолугушууну өткөрдүм. Мага шайлоочулардын алдында сөз берип жатып, башкы врач өзү бардык талапкерлерге бирдей мамиле жасай тургандыгын жана да алардын эч кимисинин имаратты берүү жөнүндөгү өтүнүчүнө баш тартууга акысы жок экендигин ачык билдирди.

 

Февраль айы келери менен, а андан кийин март айында шайлоодогу көптөгөн укук бузууларга байланышкан элдик нааразычылыктар эми бардык жерлерде пайда боло баштады. Бир гана Жалал-Абад областында эмес, Кыргызстандын башка областтарында да массалык түрдө каршылык көрсөткөн пикеттер жана митингдер өтүп жатты. Президент Акаевдин администрациясы жаңы парламентке оппозиция тараптан талапкер болушкан 7 же 8 шайлоодон өтүп кеткен фигураларды эптеп эле өткөрбөй коюш үчүн абдан шалаакылык жана акылсыздык менен аракет кыла баштады, аларды мыйзам чыгаруучулардын арасынан көргүлөрү келишпей, кандай айла жасап болсо да, эптеп кулатуунун амалын издей башташты. Бийликтин кээде ашкере акылсыздык менен аракет кылып, жок эле жерден өзүнө өзү баш оору таап алмай адаты таң калтырбай койбойт. Эгерде ушул шайлоодогу массалык түрдөгү мыйзамды бузуулар, Жогорку Кеңештин 2005-жылдагы шайлоосундагы оппозиядан көрсөтүлгөн талапкерлерге карата каршы бут тосуулар орун албаган болсо, анда каршылык көрсөтүү митингдерине чыгууга да эч кандай себеп болмок эмес. Бирок, бийлик дароо эле көзү сокур болуп калгансып, өзүнө жакпаган талапкерлерди кандай болгон күндө да өткөрбөш керек деген максатты коюп, ага жетүүнү көздөп туруп алды. Алар буга жетишти, бирок бул алар үчүн абдан кымбатка туруп калды!

 

Массалык түрдө бурмалоолор, көз боёмочулуктар, мыйзамсыз аракеттер ушунчалык эле ачык көрүнүп тургандыктан, алар шайлоочулардын кыжырын ого бетер кайнаткан жардыргыч заттын ролун аткаргандай эле болду. Эл бийликтин мыйзамсыз иш-аракеттерине каршы чыгып, көп учурларда жергиликтүү бийлик органдарына баш ийбей калган фактылар орун ала баштады. Бул айрыкча Жалал-Абад областында ачык көрүндү. Ал жерде 2005-жылдын март айынын башында демонстрацияга чыккандар мамлекеттик администрацияны да басып алышкан эле. Кайталап айтып коеюн: ошондо Таласта, Нарында, Ошто, Чүй, Баткен жана Ысык-Көл областтарында эл өзүнүн массалык нааразычылыктарын билдирип жатышкан.

Бийликтин аракеттери ушунчалык мыйзамсыз, акыйкатсыз болуп, иш-аракеттеги мыйзамдарга кайчы келип жаткандыктан, жарандар эми өз үйлөрүндө тынч жатып албай, мындай маскарачылыкка чыдай албай чыгышкан болчу. Элдер Акаев жүргүзүп жаткан саясатка каршы нааразычылыктарын билдирип көчөлөргө чыгып жатышты. Акыры аяганда элдин чыдамы биротоло жетер чегине жетип, жарылуу болду, ал Кыргызстандын тарыхында 2005-жылдын март айындагы революция деп аталып калды. Бүт дүйнөнүн көңүлү бир нече күн бою биздин республикага бурулуп, бардык массалык маалымат каражаттары болуп жаткан окуялар тууралуу репортаждарды жарыялап жатышты.

 

Чынын айтканда, уюшулган оппозиция, Кыргызстан Элдик Кыймылына киришкен саясий партиялардын лидерлери окуялар мындай катаал өңүт алып кетерин ойлошкон да эмес. Биз ошондо доктор Жеңишбек Назаралиевдин клиникасынын алдындагы, Чүй жана Юлиус Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан аянтта чоң митинг өткөрдүк. Ал митингде чогулган элдин алдында мен, Роза Отунбаева, Акылбек Жапаров, Үсөн Сыдыков, Исмаил Исаков, Азимбек Бекназаровдор чыгып сүйлөштү. Ошол кезде КЭКнын чордонун түзгөн, жигердүү тарапкерлери болушкан. Акылбек Жапаров штабды башкарган, ал штабга Азимбек Бекназаров, Роза Отунбаева, Үсөн Сыдыковдор киришкен, а мен болсо КЭКын жетектегенмин. Женишбек Назаралиев ал күнү эртең менен биз менен чогуу болбосо да, бул болуп жаткан окуяларга белгилүү бир салымын кошкон. Февраль жана март айларында беш жылдан бери өтө чукул антипрезиденттик көз карашта болуп келген «МСН» газетасында отуз-кырк миңдеген чоң тираж менен Акаев бийлигинин бет чүмбөтүн сыйрыган макалалардын сериясы жарыяланды. Ал макалалар борбордогу окурмандар арасында олуттуу таасир этүүчү резонансты жаратып, коомчулуктун активдеше башташына көмөкчү болду. Акаевдин режимин кулатууга Замира Сыдыкованын «ResPublica» аттуу орус тилдүү газетасы да өзгөчө салым кошту. Ал эми кыргыз тилдүү басылмалар жөнүндө сөз кыла турган болсок, Бекен Назаралиевдин «Жаңы Ордо» газетасын айта кетүү керек, ал такай кашкайган чындыкты гана жазып турду. Бүткүл дүйнөлүк «Азаттык» радиокызматынын программалары да Кыргызстандагы сөз эркиндигин колдоого белгилүү бир өлчөмдөгү салымын кошуп, болуп жаткан окуяларды чагылдырып турду. Ушул басылмалардын жана маалымат кызматтарынын баары тең чындыктын күзгүсү болуп калышты. Алар биздин командага киришкен эмес, КЭКна дагы тиешеси жок эле, бирок, бизге жан тартышып, биздин туура иштерди жасап жатканыбызга ишенишкен, анткени, алар өздөрү да бийликте турган Акаевдик режим тарабынан акыйкатсыздыкка, кысымга кабылып жүрүшкөн. Маселен, «МСН» газетасы бийликтин жогорку эшелонундагы коррупция жөнүндө, президенттин туугандары жана жакындары жасап жатышкан ээн баштыктар жөнүндө тартынбай, батылдык менен жазышканы үчүн Акаевдин бийлигинин соңку жылдарында катуу кысымдарга туш болуп келген. Бул басылмага каршы ондогон соттук иштер козголгон эле. Анын ээси Александр Ким, - мурда «Вечерний Бишкек» газетасын негиздеп, аны Кыргызстандын массалык маалымат каражаттарынын арасындагы алдыңкы орунга чыгарууга жетишкен, бул басылманы 2000-жылы рейдердик ыкмага салуунун натыйжасында, Акаевдин кызынын күйөөсү Адил Тойгонбаев тартып алган болчу. Айта кете турган нерсе, Март революциясынан кийин мен акыйкаттыкты орнотуу үчүн өзүмдүн колумдан келгендин баарын жасадым. Ошонун натыйжасында, Александр Ким соттук тартипте өз мүлкүн калыбына келтирип, «Вечерний Бишкек» газетасын кайтарып алган.

Тилекке каршы, А. Атамбаевдин бийлиги азыркы тапта бир кезде Акаевдин командасы жасаган нерсени коркунучтуу түштөгүдөй кылып кайталап, дале болсо «Вечерний Бишкекти» тартып алууга аракет кылууну улантып келе жатат. Арийне, бул жерде таң кала турган деле эч нерсе жок. Кыргызстандын азыркы президенти жана анын бардык командасы төңкөрүш жасоо жолу менен - эптеп эле өлкөдө болгон бардык эң баалуу байлыктарды ээлеп алуу деген бир гана максат менен бийликке келишкен. Парламентаризм жана демократия идеяларын жамынып алышып, алар өздөрүнүн чыныгы максаттарын: өлкөнү толук бойдон талап-тоноо, мародерчулук жана да башка бирөөлөрдүн мүлктөрүн менчиктештирип алуу сыяктуу аракеттерин актоого далалат кылышып, жаңы конституцияны жазышты. Алардан экономиканы, маданиятты өнүктүрүп, калктын социалдык жашоо шарттарын жакшыртат деп күтүүнүн өзү баладай баёолук болуп эсептелет. Алардын түпкү максаты такыр башка жакка багытталган.

 

Газеталардын билдирүүлөрүнөн:

 

“Март революциясына байланыштуу бизди, албетте, кандайдыр бир миллиондогон долларлар үчүн да айыптап жиберишке үлгүрүштү, ал акчаларды бизге чет өлкөдөн жөнөтүшкөн имиш. Эмне демекчибиз?! Эч кандай ага окшогон нерселер болгон эмес! Биз эч кимден жардам сурап кайрылган эмеспиз. Мен андан бир аз мурдараак революциялар жасалган Грузияга да, Украинага да тажрыйба алмашууга барган эмесмин. Биз тек гана өз алдыбызча революцияга эмес, 2005-жылдын күзүндө боло турган президенттик шайлоого даярданып жаткан болчубуз. Баары ушундай болуп кетет деген ой биздин башыбызга да келген эмес. орун алган окуяларга эч ким алдын ала даярдык көргөн эмес."

Курманбек Бакиевдин "Коммерсант" газетасына берген маегинен үзүндү (30 марта 2005 г.).

 

Эч кандай финансылык каржылоо болбогондугун ачык айтып коюу керек. Америкалыктар да, россиялыктар да, башка эч ким да бизге финансылык жардам көрсөткөн эмес. Анча көп эмес каражатты төмөнкү төрт адам чыгарышкан: мен, Акылбек Жапаров, Роза Отунбаева, Үсөн Сыдыков. Көчөгө чыгышкан адамдарды плакаттарды, ураандар жазылган транспаранттарды даярдоо үчүн эң эле зарыл болгон жана башка материалдар менен камсыз кылуу максатында, тек гана колдорунан келген жардамды чыгарышкан. Бул абдан эле аз акча каражаттары экендигин эске салып коеюн.

 

Ошол күндөрдө Жалал-Абадда эмне болуп жаткандыгын айта кетүү зарыл, мен ошондогу кырдаалды эң майда аки-чүкүсүнө чейин билемин. Жөнөкөй эле адамдар пикетчиктерге жан тартып жатышты, пенсионерлер 10 сом, 20 сомдон алып келишип, администрациянын жанындагы боз үйлөрдө жана палаткаларда жашагандарга берип жатышты. Эч кандай ысык тамак уюштурулган жок. Элдер суу менен гана нан жеп олтурушту. Башкача айтканда, нан сатып алышып, чай ичип олтурушту. Алдын ала айтып коеюн, 2005-жылдын 4-мартынан 16-мартына чейин Жалал-Абадда болгон окуялар кийинки орун алган окуялардын баарына тең жол ачып берди. Ошол мезгилде ал жакта күн сайын шайлоодогу бурмалоолорго карата нааразычылык митингдери болуп жатты. Жергиликтүү бийлик ал акцияларды токтотууга далалат кылганы менен, кысымдын күчөшү жана провокациялар митингчилерди ого бетер бекем бириктирди. Акыры аягында, аянтта боз үйлөр шаарчасы орнотулуп, нааразычылык көрсөткөндөр облакимиаттын имаратына кирип алышты да, кабинеттерден орун алышты, бирок, анда башламан-тополоңдун изи да жок болчу. Бир да жумушчу столу же компьютер сынган эмес, эч кандай буюмдар уурдалып же зыянга туш болгон эмес. Ошол эле учурда, бийлик активисттерди коркутуу үчүн куугунтуктоочу ыкмаларын күчөтүү менен алек болуп жатты, оппозициянын маалыматтык офиси, компьютерлери талкаланды.

Газеталардын билдирүүлөрүнөн:

“Шаршемби күнү үч саатка созулган пикир алышуулардан кийин каршылашкан тараптардын ортосунда келишим түзүлдү.

Эки тараптан тең күч колдонуучу аракеттерге жол бербөө үчүн Комиссия түзүлүп, анын курамына губернатордун өкүлү Акмат Тенишев, областтык Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Марат Иманкулов, областтык ички иштер башкармасынын начальниги Өмүрбек Эгембердиев, областтык прокурор Байтемир Ибраев, Жусупбек Бакиев, Акмат Бакиев, Медер Үсөнов, Бектур Асанов, Рая Кадырова жана Азиза Абдрасулова киришип, алар өз ара макулдашууга жетишишти.

Бул макулдашууга ылайык, комиссиянын мүчөлөрү бири-бири менен тыгыз байланышта болуп турушат. Эки тараптын тең - демонстрациянын катышуучуларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин коопсуздугу камсыздалат. Өзүнчө бир пункт менен областтык администрациянын имаратындагы митингчилердин тамак-аш маселеси, алардын кирип-чыгуусу, провокацияларга, уулантууга, электр энергиясын, сууну өчүрүүгө жол бербөө, аянттагы палаткалардын жана боз үйлөрдүн жайгашышы боюнча суроолор каралды. Эки тарап ошондой эле ортолорундагы кагылышууга жол бербөө шарты боюнча, өкмөттү жактаган альтернативалуу митингди өткөрүү тартиби жөнүндө да макулдашышты.

P.S. Кечээ күндүзгү саат үчтө келген 30 адамдан турган ыкчам даярдыктагы бөлүкчө тобу депутаттыкка талапкер Жусупбек Бакиевдин штабына кирип барышкан. Терезенин айнектери талкаланып, бардык компьютерлер жана оргтехника алынып кеткен.

Бул макулдашуу комиссиясы тарабынан кол коюлган, эки тараптуу макулдашуулардын биринчи жолку бузулушу эле. Митингчилер: “Үч сааттын ичинде Бакиевдин штабын талкалашкан бузукуларды таап, кармап аларды Бишкекке жөнөтүш керек” деген талапты коюшту.

Бул кол салууда областтык ички иштер башкармалыгынын жетекчилери шектелип жатышат. Бийлик тараптагылар күч колдонбоо жөнүндө келишимди биринчи болуп бузушкандыктан, митингчилер областтык администрацияны курчап турган күчтөрдү алып таштоону талап кылышты, алар бул талап орундалбаса өздөрүн коргоо үчүн активдүү чараларды көрүүгө өтүшөрүн билдиришти».


Дата добавления: 2015-11-15; просмотров: 70 | Нарушение авторских прав


<== предыдущая страница | следующая страница ==>
Куштун баары шумкар болбойт| МСН» газетасы, 2005-жылдын 11- марты.

mybiblioteka.su - 2015-2024 год. (0.024 сек.)