|
Акаевге жана анын 15 жылдык башкаруусуна жалпы эл нааразы болгондугуна карабастан, мурунку президентти, анын үй-бүлөсүн жана жакындарын эч ким кысмакка алып, куугунтуктабагандыгын айтууга мезгил жетти. Ал өзү өлкөнү таштап чыгып кетти, эч ким аны кууган да эмес. Анын эки бир тууган агасы ал президент кезинде кандай кызматтарда иштешсе, менин учурумда деле дал мурдагыдай эле иштегенин уланта беришти. Ал тургай, менин жарлыгым боюнча, вице-премьер Данияр Үсөнов баштаган мамлекеттик комиссия түзүлүп, ага өлкөдө болуп өткөн окуяларды калыстык менен, объективдүү иликтеп, эгерде кандайдыр бир мыйзамсыз нерселер жасалган болсо, бул жөнүндө парламентке билдирүү тапшырылган болчу.
Мен генералдык прокурор Азимбек Бекназаровго өлкөдөгү мыйзамдуулукту орнотууга, биринчи иретте Аксы окуялары боюнча иликтөөлөрдү аягына чыгаруу боюнча тапшырма бердим. Белгилеп коюп керек, Бекназаров адегенде ишти абдан катуу күч-кубат менен баштаган, алгачкы үч айда Аксы окуяларынын маселелери менен алектенди, бирок, жарым жыл өткөн соң анын мурунку деми басаңдап, ишти ыгы жок чубалжыткан агымга өтүп кетти, – ошол эле учурда башка бир багыттагы иликтөөлөр жана иштер кескин көбөйүп кетти. Мага кээде анын бизнести кысмакка алып, кандайдыр бир акчаларды алып, такыр эле иш козгобой, же акча менен кылмыш иштерин жаап салып жатат деген сыяктуу каңшаарлар жетип жатты. Башкача айтканда, өзүнүн өлкөдөгү мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл кылуучу милдетин аткаргандын ордуна, ал өзүн өтө эле кыйын, күчтүү сезип алып, кээде мыйзамдуулукту да буза баштаган. Ушунун өзү эле А.Бекназаровду кызматтан кетирүүгө негиз болду. Тилекке каршы, Аксы окуялары боюнча иликтөөнү ал акыр аягына чейин иликтебей, аягына чыкпаган бойдон таштап салды.
Баары ачык-айкын жасалып жатты. Биз Акаевдин учурунда иштеген кадрларды пайдаландык. Башкача айтканда, кадрлар саясатында 2010-жылдын 7-апрелинен кийин орун алгандай, министрликтердин жана ведомстволордун башына компетентсиз, татыксыз адамдар коюлуп калгандай, эч кандай өзүм билемдиктерге, мыйзамсыздыктарга жол берилген жок. Биздин тушубузда эч кандай куугунтуктоолор, кысымга алуулар болгон жок, - эч ким бирөөлөрдүн үйүн өрттөп, банктарды тоногон эмес, эч ким башка бирөөлөрдүн жеке менчиктерин тартып алган эмес. Башкача айтканда, биз кырдаалды көзөмөлдөн чыгарбай, өлкөнү башаламандыкка жана менчик мүлктөрдү талашуу чуусуна бөлөгөн жокпуз. Кыргызстандын соңку жаңы тарыхын изилдешкен эксперттер, тарыхчылар жана да өлкө жарандары Кыргызстанда менин тушумда жана мен кеткенден кийин эмне болгондугун эң сонун билишет деп ойлоймун.
Мени премьер-министрлик кызматка жана президенттин милдетин аткаруучу кылып Жогорку Кеңештин эки курамы бекитти, ал жакка мен Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова алып барды. Натыйжада, парламенттин мөөнөтү бүтүп, кетип бара жаткан курамы да, алардын ордуна шайланып келишкен жаңы курам да менин талапкердигимди басымдуу бөлүгү колдо добуш беришти. Ошентип, 2005-жылы мен мамлекеттин башына келип, менин ыйгарым укуктарымды жана легитимдүүлүгүмдү Жогорку Кеңештин эки курамы тең колдоп чыгышты, мындай нерсе Кыргызстандын тарыхында эч качан болгон эмес. Алгачкы күндөрдөн баштап эле, мен бардык бийлик бутактары конституциялык чегинде болуп, бардык чечимдер мыйзамдуулуктун бекем сакталышы менен кабыл алынышы үчүн колдон келгендин баарын жасадым.
Ошентсе да, мен жаңы президенттик жалпы элдик шайлоого даярдана баштадым. Анын үстүнө, Феликс Кулов менен бир тандем болуп чыгууну чечтим. Эмне үчүн мен мындай кадамга бардым? Себеби, мен жана менин командам шайлоодо Куловсуз деле жеңишке жетишмекпиз, муну баары эң сонун түшүнүп турушкан. Бирок, мен коомдук аң-сезимдин маанилүү элементи болгон, биздин байыркы элибиздин оң жана сол канаттарга, урууларга жана регионалдык белгилери боюнча бөлүнгөн айрымачылыктарын эске алуу менен, терең ойлонуп туруп чечим кабыл алдым. Мурдатан эле ушундай болуп келген, эми болсо бул ого бетер күчөдү. Акаев республиканын түндүгүнүн өкүлү болуп, өлкө президенти катары 15 жыл иштеп келсе, эми мен республиканын түштүгүнөн талапкер болуп чыгып жатканмын.
Менин командамдын көп мүчөлөрү бул тандемге каршы болуп чыгышты. Мен ансыз деле жеңип чыгарыбызды түшүнүп турганмын, бирок, түндүк-түштүк болуп, жана да ар кайсыл урууларга бөлүнүү жакшы эч нерсеге алып барбай тургандыгын адамдарга көрсөтүү үчүн, Кулов менен чогуу бир тандем болуп шайлоого барууну туура көрдүм. Менин өлкө биримдигине басым жасап, Кыргызстан күчтүү өлкө болуп, эл биримдиктүү болушуна басым жасай турганымды көрсөтүү маанилүү болчу.
Россияга окууга кеткенден баштап эле, армияда Украинада кызмат өтөп, мен Кыргызстандан сыртта 13 жыл жашадым. Менин адистик жана инсандык жактан калыптанышым Россияда жүргөн учурума туш келди. Кайра Кыргызстанга кайтып келип, мен өз ара бөлүнүшүү деген эмне экендигин такыр билишпеген заводдордо иштедим. Сен түштүктүксүңбү, түндүктөнсүңбү, урууң кайсыл деп, кимдин кайсыл жактан экендигин эч ким сурачу да эмес. Ар бир эмгек коллективинде көп улуттардын өкүлдөрү иштеше турган. Ал кезде Кыргызстандын түштүгүндө орус тилдүү калк көп эле: биздин заводдо кыргыздар, орустар, өзбектер, уйгурлар, татарлар, еврейлер, белорустар, украиндер иштешчү. Эч ким эч качан кимдир бирөөнү улуту боюнча бөлүп карачу эмес, биздин баарыбызда бир гана милдет – планды аткаруу, мамлекеттик заказды аткаруу, союздук республика аларга жөнөтүлө турган продукцияларды чыгарып, иштин жогорку сапатына жетишүү эле.
Мен көпкө чейин урууларга жана жердешчилдикке карап бөлүнүү деген эмне экендигин билген да эмесмин, - кийин гана парламентте иштей баштаган соң, бул кыйкымчыл маселелерди бир аз түшүнө баштадым. Баса, 2005-жылы мен премьер-министр болуп иштеп, президенттин милдетин аткарып жаткан кезимде өкмөт куралып, анын курамына КЭКнын штаб мүчөлөрү киришти: Үсөн Сыдыков – администрация жетекчиси, Дастан Сарыгулов – мамлекеттик катчы, Отунбаева Роза – тышкы иштер министри, Акылбек Жапаров - финансы министри, Азимбек Бекназаров - генералдык прокурор, Исмаил Исаков - коргонуу министри болушуп, жана башкалар да киришти. Өзүңүздөр көрүп тургандай, ошондо эле өкмөттүн курамында регионалдык жактан эч кандай калпыстыктар болгон эмес.
2005-жылы биздин колубузга тийген өлкө экономикалык жактан абдан оор абалда эле (цифраларды кийинчерээк келтиремин). Бийликтин бардык тепкичтериндеги коррупциянын жогорку деңгээлге чейин өсүп жетиши - негизги маселе болчу. Кадрлар менен иштөөдө, тигил же бул кызматка талапкерлерди тандап алууда алардын адистик жана ишкердик мүнөздөмөлөрүн эске албай туруп жүргүзүлүп калган эле. Такыр башка белгилер маанилүү боло баштаган. Муну тастыктоо иретинде төмөнкү мисалдарды келтирейин. Мен Жалал-Абад областында губернатор болуп иштеп турган кезимде Базар-Коргон районунун акимин мага айтпай туруп алмаштырып салышты. Губернатор өзү жетектеген областтын районунун жетекчиси алмашкандыгын массалык-маалымат каражаттары аркылуу билген мындай учурлар сейрек учурабай калган. Баары Бишкекте, Өкмөт Үйүндө чечилип калган. Ал жакка жете ала турган чыйыр жол тапталып калган болчу, ал жол менен чоң кызмат орундарын ээлөөнү эңсешкен капчыгы чоң адамдар өздөрүнүн тартууларын жана баалуу белектерин алып алышып, тынбай каттап турушкан. Эгерде ал акчанын көлөмү ошол дайындоолор боюнча маселелерди чече турган адамдар үчүн жетиштүү болсо (албетте, президенттин жана анын эл арасында “кадрлар бөлүмү” деген атка конгон жубайынын макулдугу менен), губернаторго мунун себептерин жана шылтоосун эч айтпай туруп эле, бир акимди экинчи башка бир адам менен алмаштыруу жүрүп калган. Мындай бир мисал келтирейин. Мен Чүй областында губернатор болуп иштеп турган кезимде, дал ушундай жол менен жогортон эле Токмоктун мэри Жаңыл Түмөнбаева кызматтан алынды. Эгерде менин эсимде калган нерселер так болсо, аны 30-декабрда, же 31-декабрда кызматтан алышты. Бир кишиге жаңы жылдык белек жасагандай болушту!
Баары ушундай болуп калган. Ал күнү мага президент администрациясынан телефон чалышты: «Курманбек Салиевич, Токмоктун мэрин алмаштыруу керек». Мен, албетте: «Мында кандай зарылчылык бар, Түмөнбаева жакшы эле иштеп жатпайбы?» - деп сурадым. Мага: «Жогору жактан ушундай буйрук берилди, алмаштыруу керек!» деп жооп беришти. Мен анда: «Мейли андай болсо, эгерде жогору жактан буйрук берилсе, мен аны аткарамын, бирок, бул суроону чечүүнү жок дегенде Жаңы жылдан кийинкиге калтыра турбайлыбы!» дедим. «Жок, дал эртең алмаштыруу керек!» дешти. Мен бул тааныштырууга баргым да келген жок, бирок кызматтык милдетим боюнча барууга туура келди. Жаңыл Түмөнбаевны дал ошол айтылган мөөнөттө кызматтан кетиришти. Ал көпкө чейин мен анын кызматтан кетишин мурдатан билбегениме ишенбей, аны алдын ала эскертип койбогондугум үчүн бир жыл бою мага таарынып жүрдү.
Анын кызмат орду Акаевдин кайсыл бир адамына керек болуп калгандыгы ачык эле байкалып турат. Мындай мисалдар мамлекеттеги коррупциянын масштабдары жөнүндө таасын күбө болуп турбайбы. Ал коррупция иштеги бардык чөйрөлөргө - укук коргоо, сот органдарына, коргонуу системасындагы ведомстволорго чейин жеткен, ал эми саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарын айтпай эле коелук. Мамлекеттеги эң эле жаман нерсе - коррупция өлкөнү жогортон эң төмөнкү деңгээлге чейин ириткенде болот, бул экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндөшүнө сөзсүз таасир этип, өндүрүштү басаңдатып, элдин жашоо деңгээлин начарлатууга алып келет. Жада калса офицердик наамдарды дагы белгилүү бир мөөнөттөгү үлгүлүү кызматы үчүн эмес, жогоруда олтурган командирге кандайдыр бир тартууларды жасоо жолу менен алып калышканга чейин жетишкен эле. Кыргызстан 2005-жылы коррупция боюнча дал ушундай тири укмуштай жаман деңгээлге чейин жетип калган болчу! Бийликтин жогорку эшелонунунун үнсүз макулдугу жана колдоосу аркылуу ушундай болгондугу түшүнүктүү дечи.
Менин мамлекет башчысы кызматындагы эң башкы милдетим өлкөдөгү жооптуу кызматтарга дайындоодо акча жана пара берүүлөр эч нерсени чечпеси үчүн, коррупция менен күрөшүү болуп калды. Бул коркунучтуу социалдык көрүнүштү алиге чейин эч ким толугу менен жеңүүгө жетишпесе да, өлкөдө жарандар өздөрүнүн чыгармачылык потенциалын ишке ашыра алыша турган шарттарды түзүүгө болот жана ошондой болушу керек, аларга бизнесте чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып, мамлекеттик кызматты алда канча кызыктуу жана перспективалуу кылуу керек – ошондо гана коррупциянын көрсөткүчтөрү сөзсүз азая баштайт.
Менин командамдагы кишилер эбегейсиз чоң шыктануу менен, өтө берилүү менен иштеше турган, алардын арасында өзүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн жалпы кызыкчылыктарды сатып кете тургандар жокко эсе болчу. Бирок, бир жолу мен өз өмүрүмдөгү эң чоң жаңылыштыкты жасап, - өлкө жана элдин жыргалчылыгы үчүн иштөөнү максат кылбай эле, тек гана жогорку кызматка эптеп жетүүнү көксөгөн адамды кызматка алганмын, ал - Алмаз Атамбаев болчу. Ал КР премьер-министри болуп 7 ай иштеди. Анын бул кызматта иштеген учуру эсте калган адамдардын баарында тең бул адамдан абдан жаман таасир гана калды. Бери эле болгондо тартиптен баштаганда деле, ал жумушка өз учурунда келбей, каалаганда кетип калып жүрдү. Ошол эле учурда өзү иштеген кабинетинде эле арак ичип алууну көндүм адатка айландырып алды. Ыраматылык Медет Садыркулов, - ал кезде президент администрациясынын жетекчиси болчу, - мындай эч алдын ала болжоп айтууга мүмкүн болбогон адам жана жетекчи - премьер-министр менен кантип иштешти билбей, айласы куруду. Анан мага мамлекеттик иштерди талкуулаш үчүн, Атамбаевди соо кезинде кармай албай жаткандыгын ачык эле айтты.
Мына, эми тагдырдын тамашасынан уламбы, же чындыкка жакыныраагы, шылуун интригалардын натыйжасында бул киши мындан беш жыл мурда биздин өлкөнүн башчысы болуп калды. Жогорку рангадагы мындай жетекчинин саясатынын жана чарбалык ишмердигинин маңызы бир гана коррупция, иритүү жана мурда жетишилген ийгиликтерди жок кылуу гана болушу мүмкүн. Анан калса, бул кишиден андан башка дагы эмнени күтүүгө болмок? Атамбаев кандай пайдалуу иштер менен алектене алмак? Өндүрүштү жана айыл чарбасын көтөрүп, бизнести өнүктүрмөкпү? Ал бул сыяктуу иштерге такыр эле жөндөмсүз, а бирок, мамлекеттин эсебинен байуунун ыкмаларын өздөштүрүү боюнча өз талантын абдан эле эрте ачып, уят-сыйытсыз алдамчылык жолу менен, кымбат баалуу станокторду жана жабдыктарды чет өлкөгө металл сыныктары катары сатуу жолу менен жеке өзүнүн байлыгын арттырууну билген адам. Мындагы эң эле кайгылуу нерсе, мындай президент өз командасын курууда да жеке кызыкчылыктары үчүн баарына барууга даяр турушкан, өзүнө окшогон “адистерди” жана авантюристтерди тандап алат.
Газеталык билдирүүлөрдөн:
"Жакында Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев "7 каналга" интервью берип, анын бийлиги тушунда Жазуучулар Союзуна бөлүнүп берилген 50 млн. рубль уурдалып кеткендигин билдирди. Эгерде сиздердин эсиңиздерде болсо, ал кезде рубль доллардан кымбат болчу.
Акаевдин айтышына караганда, Чыңгыз Айтматовдун өтүнүчү боюнча Кыргызстандын Жазуучулар Союзуна Россия 50 млн. рубль бөлүп берген. Ошондон бир аз убакыт өткөндөн кийин, Ч. Айтматов А. Акаевге бул акчалар Атамбаевге берилгендигин, ал болсо акчаны бир нече заводду өз менчигине сатып алуу үчүн коротуп салгандыгын айтып арызданган. Белгилүү болгондой, ал заводдор алиге чейин Атамбаевге жана анын үй-бүлөсүнө таандык болуп эсептелет.
Эгерде А. Акаевдин сөзүнө ишене турган болсок, анда Атамбаев ушундай булганыч ыкма менен өз үй-бүлөсү үчүн заводдорду менчиктеп алып, Жазуучулар Союзун карактап, аларды куржалак калтырган."
Дата добавления: 2015-11-15; просмотров: 58 | Нарушение авторских прав
<== предыдущая страница | | | следующая страница ==> |
МСН» газетасы, 2005-жылдын 11- марты. | | | Кыргызстандын экономикасы жөнүндө азыноолак сөз |