Студопедия
Случайная страница | ТОМ-1 | ТОМ-2 | ТОМ-3
АрхитектураБиологияГеографияДругоеИностранные языки
ИнформатикаИсторияКультураЛитератураМатематика
МедицинаМеханикаОбразованиеОхрана трудаПедагогика
ПолитикаПравоПрограммированиеПсихологияРелигия
СоциологияСпортСтроительствоФизикаФилософия
ФинансыХимияЭкологияЭкономикаЭлектроника

жылдын июнундагы трагедиялуу күндөр

Куштун баары шумкар болбойт | Аксы күйүтү дале жүрөк өйүтөт | МСН» газетасы, 2005-жылдын 11- марты. | Http://mbrtwrw.turmush.kg/ru/news:5527 | Кыргызстандын экономикасы жөнүндө азыноолак сөз | Жалпы кыйроонун мезгили | Талкалануунун кесепеттерин жоюу | Энергетикадагы реформалар | Quot;Кумтөр" долбоору | Жылдардагы Конституциялык реформалар |


Читайте также:
  1. МСН» газетасы, 2005-жылдын 11- марты.

2010-жылдын 7-апрелинен кийин мен өлкөдөгү зордук-зомбулуктарга жол бербөө үчүн өз үй-бүл0м менен Кыргызстанды таштап чыгып кеттим. Менин тарапкерлерим түштүктө да, түндүктө да көп экендигине карабастан, мен кан төгүүнү болтурбоо үчүн өлкөнү таштап чыгып кетүүгө мажбур болдум. Асыресе, мыйзамды бир жолу бузуп, Бишкекте массалык түрдө кан төгүүгө барышкан адамдар кийинки жасаган иштерине караганда, өздөрүн токтото да албай калышты окшойт. Кыргызстандын түштүгүндө мен жок кезде абдан коркунучтуу нерселер болду, – массалык этникалар аралык кагылышуу болуп, ал көптөгөн бейкүнөө адамдардын өлүмүнө алып келип, биздин Мекенибизди улуттук катастрофанын чегине жеткирди.

Ал трагедияга алиге чейин өзүнүн толук баасы бериле элек, бул деле түшүнүктүү. Түштүктөгү окуялар үчүн ким күнөөлүү экендиги жөнүндө суроого жооп табуу 2010-жылдын 7-апрелинде Түндүктө, Бишкекте болгон кандуу кылмыштардын чыныгы күнөөкөрлөрүн табуу сыяктуу эле кыйын нерсе. Анын үстүнө, бул эки окуя тең бири-бири менен тыгыз, ажырагыс байланышта турат, өлкөнүн түштүгүндөгү этникалар аралык кагылышуулар Кыргызстандагы бийликтин күч колдонуу менен алмашуусунун түздөн-түз уландысы болуп эсептелет.

А. Эркебаев башында турган улуттук комиссия да, К.Кильюнен башында турган эл аралык комиссия да эң башкы суроого жооп беришкен жок, муну жасай да алышмак эмес, анткени, аларда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн дыкаттык менен суракка алуу үчүн тиешелүү ыйгарым укуктар жок болчу. Алар чыгарган жыйынтыктардагы так эместиктер дал ушундан улам болгон. Эң башкы айыпкерлер көңүл борборунан сыртта калышып, ал эми бардык жоопкерчилик «жергиликтүү бийликтердин жоопкерчиликсиздигине», коомдогу реваншисттик маанайдын бар экендигине, жана да сырткы күчтөрдүн издери бардыгына үйүлүп калган. Ошол эле учурда Кильюнендин комиссиясы үчүнчү тараптардын кийлигишүү фактысын аныктай алган эмес, бирок, трагедиянын бардык маңызын Кыргызстандын түштүгүндөгү этникалар аралык карама-каршылыктарга жана саясий талащ-тартыштарга алып барып такап салган. Бирок, чындык көзү начар көргөн адамга деле ачык көрүнүп турбайбы. Убактылуу өкмөт кылымдардан бери бул региондо чогуу жашап келе жатышкан элдерди кагыштыруу үчүн колунан келгендин баарын жасаган, ал эми бул үчүн күнөөнү мага жана менин тарапкерлериме оодарып салууга аракет кылган.

 

Ош окуяларын иликтөө боюнча А.Эркебаев баштаган Улуттук комиссия Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад областтарында жалпы курман болгондордун саны 426 адам, жаракат алгандар 2000ге жакын киши деп эсептеген. Өздөрүнүн чектелүү ыйгарым укуктарына карабастан, К.Кильюнен башында турган эл аралык комиссия да, А. Эркебаев башында турган улуттук комиссия да, кыйыр түрдө болсо да Убактылуу өкмөт 2010-жылдын жайында Кыргызстандын түштүгүндө болгон окуялар үчүн жоопкерчиликтүү экендиги жөнүндө күбөлөндүрүшкөнү мүнөздүү нерсе. Өзбекстандын президенти Ислам Каримов дагы Кыргызстандын түштүгүндө кыргыздар да, өзбктер да күнөөлүү эмес, ал эми жоопкерчилик ошол кан төгүүнү болтурбай кое албаган бийликте жатат деп айтканы белгилүү. Ошол эле учурда, өзбек лидеринин айтканына караганда, бул окуяларды сырт жактагы күчтөр тутандырган.

Мамлекеттик комиссиянын отчетунда бийликтин жоопкерчилиги көрсөтүлгөн:

"Убактылуу өкмөттүн жетекчилери, түштүк областтарынын жана шаарларынын жетекчилери даярдалып жаткан улуттар аралык кагылышуу тууралуу маалыматка жана аны токтотуп калуу үчүн керектүү убакытка ээ болушкан. Улуттук коопсуздуктун аймактык кызматтары, тагыраак айтканда, УКМКнын Ош областтык жана Ош шаардык башкармалыктары 2010-жылдын апрелинен баштап июнь айына чейин область губернаторуна 12, мэрияга – 4, УКМКнын борбордук аппаратына – 34 маалыматтык кат жөнөтүшкөн. Ошол берилген маалыматтардын негизинде, УКМК 9 жолу Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнө кайрылган. Ал улуттар аралык кагылышуулар коркунучу жөнүндө бир нече жолу эскертүүлөргө карабастан, калкты жана аймактарды чукул кырдаалдарга даярдоо боюнча эч кандай чараларды көргөн эмес. 2008-2009-жылы Ошто Орозо майрамы учурунда, 2009-жылы Ноокатта болгон экстремисттик уюмдардын чыгууларынан сабак алынган эмес.

Ошондой эле, Убактылуу өкмөттүн жетекчилери жана мүчөлөрү И. Исаков, Ө. Текебаев, А. Бекназаров, А. Атамбаев жана Р. Отунбаевалардын Кадыржан Батыров менен – Кыргызстандагы өзбек коомчулугунун лидерлеринин бири менен болгон байланышы бардыгы аныкталган, анын 2010-жылдын июнундагы этникалык толкундоолорду уюштуруудагы ролу дагы иликтөөнү жана изилдөөнү талап кылат. Алар баары телефон аркылуу К. Батыров менен улуттар аралык жана саясий маселелерди талкуулап турушкан, алар өздөрү дагы муну тастыкташып, сүйлөшүүлөр кеңири форматта жүргөндүгүн билдиришти. Кийинчерээк КРдагы Өзбек маданий борборунун төрагасы, Жалал-Абаддагы университеттин негиздөөчүсү Кадыржан Батыров, өзүнүн интернет-кайрылуусунда Р.Отунбаева жана башка Убактылуу өкмөт мүчөлөрү ага бир нече жолу Курманбек Бакиевди түштүктөгү өзбек калкы тарабынан колдоого жол бербөөнү суранып кайрылышкандыгын, ага өкмөттөн кызмат ээлөөгө сунуш кылышканын жазып чыкты. А кийин болсо аны жана башка өзбек маданий борборунун ири ишмерлерин өлкөнүн түштүгүндө улуттар аралык бөлүнүүнү чыгарышкандыгы үчүн айыпташкан. (http://kabarlar.org/?newsid=1516)

Алгач интернетте Өмурбек Текебаев, Кадыржан Батыров жана Алмаз Атамбаевдин ортосунда болгон сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат чыккан. К. Батыров Ош жана башка райондордогу өзбектерди аралаштырууну убада кылган, ал эми А. Атамбаев болсо конфликт чыгаруу керек, эгерде ал чыр-чатакта беш-алты жинди өлүп калса коркунучтуу деле эч нерсе болбойт деп белгилейт. http://www.gezitter.org/society/33627_kogda_budet_dana_politicheskaya_otsenka_oshskim_sobyitiyam_na_kotoryie_otunbaeva_zakryila_glaza_i_pro_kotoryie_zabyil_atambaev/

 

К.Кильюнен башында турган эл аралык комиссиянын отчётунда да ошол кездеги бийликтин эч кандай чараларды көрбөгөн ишмерсиздигине терс баа берилген.

"Убактылуу өкмөт Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаалды туура баалай албай, бул регионду натыйжалуу көзөмөлдөй алган эмес, жергиликтүү кыргыздар өзбектердин аракеттерин мамлекеттүүлүккө карата түзүлүп жаткан коркунуч катары баалашкан. Убактылуу өкмөттүн кайрылууларында бардык кыргыздар Бакиевдин тарапкерлери катары баалангандыктан, алар өзбектерди өз бийлигинин негизи катары эсептешкен. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өздөрүнүн өзбек лидерлери менен өзүнчө жүргүзгөн сүйлөшүүлөрү түштүк кыргыздарына кандай таасир этерин билишкен да эмес. Анын ордуна, алар өзбектерден өздөрүнүн оппонеттерине каршы күрөшүүдөгү кошумча ресурсту көрүшүп, аларды Бакиевдердин мүлктөрүн өрттөгөн тарап катары жооп бере турган тарап катары кабылдашкан. Бул өзбектердин нааразычылыгын жараткан жана кыргыздардын бийликке болгон ишенимин жок кылган".

Албетте, тигил да, бул да комиссия Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүн түздөн-түз айыптап чыга алган эмес, бул үчүн аларда мындай мүмкүнчүлүктөр да болгон эмес. Бирок, коомчулук Оштогу окуяларда Р.Отунбаева баш болгон Убактылуу өкмөт айыптуу экенин билет. Бул тууралуу азыр жетишерлик сандагы макалалар жана аналитикалык иликтөөлөр жазылган. Баса, эл аралык комиссиянын жетекчиси Киммо Кильюненге бул отчетту жарыялап жибергендиги үчүн Жогорку Кеңеш Кыргызстанга кирүүгө тыюу салып койгон.

 

Трагедияны болтурбай коюуга болот эле, бул үчүн республиканын УКМКсынын натыйжалуу иши жетиштүү болмок. Себеби, бул мекеме өлкө кызыкчылыгын сактап, сепаратисттер жана алардын пландары жөнүндө билиши керек болчу. Ош окуялары күтүүсүздөн эле жаап, башка түшкөн кардай болгон жок. Өлкөнүн түштүгүндө көзөмөлдөн чыгып кеткен коркунучтуу процесстер каптап калганга чейин, узакка созулган алдын ала даярдык жүргөн: жашыруун жолугушуулар болуп, кагылышуулар болгон, экстремисттик чакырыктарды жана ураандарды жазып, жасалгалоо иштери жүргөн. Кайсыл бир убакта түштүк калкынын өзбек бөлүгүнүн псевдолидерлери өздөрүн адам тагдырларын чече турган күчкө ээбиз деп ойлоп алышып, алар каалаганын жасай берсе болот, кыргыз бийлиги жана эли урматтого татыксыз деп калышкан.

 

Мен өзүм да, менин туугандарым да запкы тартышты: Бишкектеги менин үй-бүлөмдүн жана жакындарымдын мүлктөрү уурдалып тонолду, ал эми менин атама – Улуу Ата мекендик Согуштун ардагерине, - жана башка Жалал-Абаддагы туугандарыма таандык болгон үйлөр өзбек диаспорасынын криминалдык лидерлери менен тил табышып алышкан Убактылуу өкмөттүн лидерлери тарабынан күлү көккө сапырылып, өрттөлдү, мен кеткен соң алар ал жерде кандуу вакханалия жасашты.

Албетте, мезгил баарын өз-өз ордуларына коет, акыры аягында келип эл трагедиянын чыныгы күнөөкөрлөрүн билип, аларды жоопко тартат. Эгерде мен Кыргызстандын президенти катары соттоло турган болсом, анда бир гана нерсе үчүн - өзүмдүн бийликтен кулатылганыма, муну тири укмуштай мыйзамсыз жол менен жасашып, өлкөнүн бейкүнөө жарандарынын канын төгүшкөн убактылуучулар келишкендигин көрүп турсам да, жарандык согуш оту тутанып кетпеси үчүн гана буга көз жумуп, өлкөдөн чыгып кеткендигим үчүн соттолушум мүмкүн. Бирок,алар тез эле Кыргызстандын түштүгүндө андан да ашып түшкөн массалык кан төгүүлөрдү жасашты, аны сепаратисттерге каршы чогуу биригишкен кыргыз жана өзбек элдеринин акылмандыгы жана каармандыгы аркылуу токтотууга мүмкүн болду. Арийне, Убактылуу өкмөт бийликте кала берди, жана да андан кийинки жылдарда деле ошол эле элге каршы саясатын, өзүнүн бардык кетирген кемчилдиктери үчүн мурунку бийликти айыптоону улантып келе жатат. Кыргызстандын түштүгүндө болгон окуяларды толук жана объективдүү иликтөө Атамбаевди жана УӨттүн мүчөлөрүн бийликтен кетиргенден кийин гана болушу мүмкүн.

 

Элдин тарыхый тандоосу жөнүндө

Алмаз Атамбаев кантип бийликке келип калды? Албетте, биринчи иретте, иштегенди билген адамдарга каршы демагогдордун жана интригандардын бийлик үчүн биригүүсү болду, бирок, кан төккөн куралдуу көтөрүлүштүн эң чечүүчү фактору - тышкы күчтөр тараптан жасалган көп тараптуу колдоо болуп калды. Убактылуу өкмөт дал ушул кыртыштан өнүп чыкты, баары экономика маселелеринен, саясий карама-каршылыктан же кандайдыр бир принципиалдуу келишпестиктерден жана талаш-тартыштардан эмес, дал ушундан келип чыкты. Мен шарттуу түрдө бардык адамдарды бүлүнткүчтөр жана жаратмандар деп атап, өз өмүрүндө курулуш, жер айдоо, эгин эгүү, кийим тигүү, токуучулук сыяктуу иштер менен алектенип, материалдык байлыктарды жараткандарга жана да тегерегинде дайыма чыр-чатактар чыгып, көп чуу болуп, куру убадалардан башка да, өз оппоненттеринен дарегине опуза айтуудан башканы билбегендер катары бөлүп караймын. Алардын артында алдамчы куру сөздөрдөн жана өзүн өзү пиар кылуудан башка эч нерсе калбайт. Өзүмдүн Беларуста берген биринчи маектеримдин биринде эле мен элди алдап, кан төккөн куралдуу мамлекеттик көтөрүлүш аркылуу Кыргызстанда бийликке келгендер менин өлкөмдө жакшы эч нерсе жасай алышпайт деп айткан элем. Убактылуу өкмөт мүчөлөрү өздөрү убада беришкен нерселердин ичинен эмнени аткара алышкандыгы тууралуу азыркы кезде ар бир адам өзү жыйынтык чыгара алат. Менимче, жашоо алда канча оордоп, эми ал туруксуз жана алдын ала айтууга мүмкүн болбой калган абалга жетти. Башкача болушу да мүмкүн эмес болчу, себеби, бул компания жаратмандар эмес, толугу менен бардыгы тең жалаң гана бүлүнткүчтөрдөн куралган. Муну түшүнүү үчүн беш жыл коротконубуз аянычтуу. Мен болсо муну мурдатан эле билип, айтып да келгенмин. Балким, алгач мен деле Кыргызстандын бүт эли сыяктуу, качандыр бир кезде учур келет, анан алар дагы өлкө кызыкчылыгын коргоп, өлкө кызыкчылыгы үчүн, иштей башташат деп үмүттөнүп жүргөндүрмүн. Эми болсо баары үчүн айкын болду, ал үмүттөр акталган жок.

Менин көз карашымда, бүлүнткүчтөр “тукумунан” чыккандардын эң эле белгилүү, таанымалдары, мен мурда айтып өткөндөй, А.Бекназаров жана да Ө.Текебаев. Мына, дээрлик чейрек кылымдан бери ал депутат, дээрлик чейрек кылымдан бери ал оппозиционер. Текебаев жеке жоопкерчиликти талап кылган кичинекей иштен дагы коркуп, эң соңку жыйынтыкты талап кылуучу бардык иштерден качып турат. Аны бардык жерде, дайыма чыр-чатактар коштоп, өзүн өзү пиар кылуу, алдамчы сөздөр коштоп жүрөт, - бул эми сыртынан гана көрүнүп тургандары.

Роза Отунбаева – бүлүнткүчөрдүн ичиндеги аялдан чыккан өзгөчө бир түрү. Аял менин түшүнүгүмдө дайыма жаратмандык, сүйүү, акылмандык менен ассоциацияланып келген. Бирок, дал ушул Отунбаева мен үчүн ушак-айыңдарга, чыр-чатактарга байланыштуу бардык терс сапаттар жыйылган, адамдагы эң эле жаман сапат – сатып кетүүчүлүктүн үлгүсү катары туюлат. Сөз бир гана мени сатып кеткендиги жөнүндө болуп жаткан жок. Бул айым үчүн эч кандай моралдык тоскоолдуктар жок. Эгерде олуттуу колдоосу жок болсо, эч качан жете албай турган ушундай бийиктикке чейин өзүн көтөрүп чыккандардын баарын ал оңой эле сатып кетти: Акаевди, Айтматовду, Шеварднадзени жана алардын катарында мени дагы.

 

Анан дагы, албетте, бүлүнткүчтөрдүн эң эл чыгаан үлгүсү Атамбаев болуп эсептелет. Мен айрым адамдар аны бизнесмен деп аташканына таң каламын. Мага белгилүү болгонуна караганда, анын бардык болгон бизнеси Кыргызстан жазуучулар Союзунун акчасына анын "Кыргызавтомаштын" бир нече заводун сатып алып, анын көпчүлүк бөлүгүн демонтаж кылып, Кытайга жөнөтүп, түшкөн акчасын Турцияга инвестиция жасаганынан турат. Мен аны өнөр жай министри кылып дайындаган элем, ал иштей албай койгон, чарчап-чаалыккан соң, митинг жасаганы кетип калган, кайра келип, көпүрө болуп берейин деди. Мен аны премьер кылып дайындадым - иштей алган жок, дагы чарчап калды, кетип калды, митингдерге чыгып жүрдү. Эч ойлонулбаган, айгайлаган, куру кыйкырыктуу билдирүүлөрдү жасаганды жакшы көргөн, бирок айтылган сөзү үчүн жоопкерчиликти өзү сейрек учурларда гана соо болгон кезинде да сезбеген неме.

Булар мамлекеттик төңкөрүштүн башында турушкан Убактылуу өкмөттүн бар болгону бир нече персонасы. Алардын ар бирине кыскача мүнөздөмөнү биздин эл гана бере алат. Алдыда келе жаткан шайлоолордун алдында муну түшүнүү билүү абдан маанилүү, анткени, Кыргызстандын эли каалайбы, каалабайбы, баары бир бүт өлкөнүн келечек тагдырына байланышкан тандоо жасашы керек болуп турат.

 

Мен үчүн саясатчы катары, мамлекет башчысы катары биздин өлкөнүн темирдей бекемдигин сактоо, Түндүк менен Түштүктүн бир бүтүн нерсе катары турушун камсыз кылуу эң башкы милдет болчу. Биздин көпчүлүк жарандарыбыз, анын ичинде, ушул китептин окурмандары да, эч кандай бийлик адам канына татыбай тургандыгын терең түшүнүп турушат, ошондуктан, кыргыздар эч качан "Түштүк-Түндүккө" бөлүнбөшү керек. Атамбаевдин келиши – бул мен үчүн гана болгон жаза эмес, бүткүл кыргыз элине болгон жаза болуп калды. Мен ушул жазадан кыргыз эли кандай чыгат экен деп көп ойлонуп, абдан кайгыга батамын. Дал ошондуктан улам, ушул китепти жазууну чечтим. Тарыхтан сабак алуу керек да, алдыга жаштарды чыгаруу керек, мейли, алар чоң саясатта тажрыйбасыз болушса да. Жаш, жаңыча ой жүгүрткөн, билимдүү, патриот адамдар өлкөнү өз ара каршылашкан региондорго бөлбөйт.

Азыр Кыргызстанда биз өз учурунда жана туура чечим кабыл алганыбызга эч ким шектенбейт болушу керек. Мына, эми Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өздөрү ошол кадамдарга барууга аргасыз болушту да, электр энергиясына болгон бааны менин учурумдагыдан дагы кымбат баага көтөрүп салышты.

Дегеле, биз баарыбыз тең ойлонбой тез жыйынтык чыгара салуудан жана бири-бирибизди айыптоодон качышыбыз керек. Китебимдин аягында мен сиздердин көңүлүңүздөрдү оппозиция лидерлеринин менин дарегиме айтышкан негизги айыптоолоруна дагы бир ирет бургум келет.

 

Каркыра

Оппозиция лидерлери мен тууралуу эмнелерди гана айтышкан жок, кандай гана оор айыптоолорду тагышкан жок? Анын натыйжасы эмне болду? Ошол эле 2010-жылы апрельде өлкөдө кандуу төңкөрүш жасашкан адамдар өздөрү бийликке келишкен соң, ушул өткөн жылдар бою жалпы мародеорчулук катары гана мүнөздөөгө ылайыктуу болгон коомдук мүлктү карактоо жана республиканын стратегиялык ресурстарын сатуу, анын экономикалык жана саясий көз карандысыздыгына зыян келтирүү сыяктуу саясатты гана жүргүзүп келе жатышат. Кыргызда осурган кыз осурбаган кыздын бетин аймап алыптыр деген лакап бар.

Ошол эле логиканы курал кылып алышып, алар мени Каркыра маселесин чечүүдө да Кыргызстандын кызыкчылыгын сатып жиберген деп айыптап келе жатышат.

Дүйнөлүк тажрыйбада территориалдык маселелер эки тараптуу тартипте чечилет: кимдир бирөө аймактын бир тарабында чегинүүгө барат, а экинчиси аймактын башка бир тарабында чегинет - биз деле дал ошондой кылдык. Каркыра боюнча биз эч нерсе уттурган жокпуз. Парламент депутаттары ал жакка барып, баарын көрүп, иликтеп көрүшкөн, ошол жерде жашашкан элдер менен сүйлөшүшкөн. Адамдар Казакстан эгерде бизге тигил жана бул жерлерди берсе жакшы болмок дешкен. Казакстан биздин талабыбызды орундатып, жергиликтүү калк сураган жерлерди берген. Каркыраны биз сатып жибергенбиз деп жөн эле куру сөздөрдү айта берүү – бул былжыраган сөз.

Бир дагы мамлекет өзү каалагандай кылып чек арасын чийип, анын ичиндегини өз аймагы деп жарыя кыла албайт. Чек ара маселелери эки тараптуу сүйлөшүүлөр аркылуу гана чечилет.

Бул иштердин башынан аягына чейин катышкан, билген КР Коопсуздук Кеңешинин катчысы Токон Мамытовдун сөзүн келтирейин.

«Каркыра участогун берүү туура эмес болгон деп айтып, ушуга байланыштуу саясий оюндарды уюштуруунун өзү туура эмес. Оппозиция лидерлеринен айрымаланып, мен Каркыра жери менен жакшы таанышмын. Мен Ысык-Көлдө чоңойгонмун жана бул жерлерди билем, ошондуктан биз ал жерлерди казактарга берип койдук деп айтуунун кереги жок.

Кыргыз-казак чек арасы жөнүндө сөз кылуудан мурда, келгиле, мындан бир нече жыл мурдагыга кайрылалык. 2001-жылдын 15-декабрында Астанада Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кыргыз-казак чек арасы жөнүндөгү келишимге кол коюлганын биз баарыбыз билебиз. Ошол келишимге ылайык, 2003-жылдын 31-декабрында Казакстандын тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигине ички жол-жоболордун баары сакталгандыгын, бул келишим Казакстан тарабынан ратификациялангандыгын билдирет. Ошондон бери, 2003-жылдан 2008-жылга чейин бул маселени Кыргызстан чечпей келген. Мына, эми жакында гана бул келишим биздин парламент тарабынан ратификацияланды, ошондуктан, акыры келип бул ишке чекит койсок болот. Бирок, ушуга карабастан, оппозициялык күчтөр бул суроону Талас, Чүй областтарындагы жер маселелери боюнча, ошондой эле Каркыра боюнча жана Ысык-Көл областындагы төрт пансионат боюнча улам-улам көтөрүп жатышат. Төрт пансионат боюнча макулдашуу дагы ратификацияланган. Айрым адамдар ал пансионаттар бекер берилди деп эсептешет. Мен буга макул эмесмин. Жер 49 жылга арендага берилген. Өз учурунда ал пансионаттарды Казакстан курган. Макулдашууга ылайык, пансионаттар жыл бою иштеши керек, ал үчүн аларды үч-төрт жылдыздуу отельдердин деңгээлине жеткирүү керек. Казакстан бул максатта канча каражатты сала алат? Биз ушуну карап чыгышыбыз керек. Мындан сырткары, пансионаттардын кызматкерлеринин 80%ы кыргыз жарандары болушат. Менин оюмча, пансионаттар маселеси туура эле чечилген.

Ал эми Каркырага келе турган болсок, анда 1998, 1999, 2000 – жылдарда - Казакстан менен Кыргызстан тараптын өкмөттөр аралык комиссиясында 600 гектар жер маселеси каралган. Мындай комиссиялардын курамына сөзсүз түрдө жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү дагы киргизилерин сиздер жакшы билесиздер, мисалы, губернатор же анын орун басары. Мындан сырткары, айыл өкмөт башчылары комиссиянын наамына ошол аймактар боюнча өздөрүнүн доолору барбы, же жокпу, билдирип кат жазышат. Мына ушулардын негизинде комиссиянын биргелешкен иши жүргүзүлөт.

Маселен, Түп районунда, Каркырада, Санташ айылында 4-чү ферма бар. Ал жерде жашаган адамдар жана айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, областтык администрация ошол жерди өздөрүнө берүүнү суранып комиссияга жазышкан, себеби, ал жер Санташ айылына жакын экен, жергиликтүү калк ал жерде мал жайып, малы үчүн чөп жыйып алууга ыңгайлуу. Биз ал жерди ченеп көрдүк, анын аянды 1150 гектар болуп чыкты. Ал эми Казакстанга биз 620 гектар жер бердик.

Мен ушул суроолорду көтөрүп жатышкан адамдар өздөрү Каркырада эч качан болушкан эмес деп ойлоймун. Бул туура эмес. Баары биригип 620 гектар жер берилген, анын үстүнө чек арага жакын Кеген постуна жакын жер берилген. Ошол эле учурда биз 1150 гектар жерди Санташ айылына жакын жайгашкан 4-чү ферманын жанынан алабыз. Ошондуктан, бул стратегиялык жаңылыштык деп айтуу туура болбой калат. Бул суроо ички кызыкчылыктарды эске алуу менен, коңшулаш өлкө менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилген”.

Мени Кытайга Үзөңгү-Куушту берүүдө жана Аксы окуялары боюнча жана 2005-жылдын мартында чет өлкөлүк кандайдыр бир спонсорлордун колдоосуна таянып алып, мамлекеттик төңкөрүш жасоого барган деп айыптап келе жатышат. Бул китепти көңүл коюп окуган адам кимдин тигил же бул окуя же кадамдар үчүн айыптуу экендигин тез эле түшүнөт. Дал ошол сыяктуу эле, мени трайбалист, регионалист деп, жана башка ушул сыяктуу ойдон чыгарылган айыптоолорду тагып жүрүшкөндөрдү да мен абсолюттук түрдө четке кагамын. Мен бул китепте жазгандай, 40 жашка чыкканга чейин мен дегеле кыргыздардын урууларга жана региондорго бөлүнүшөрү тууралуу эч түшүнүгүм да болгон эмес, менин командамдагы адамдар иштиктүү сапаттары жана иштей алышкандыктары үчүн тандалып алынып турган.

Биз баарыбыз тең бет келип калган айрым тарыхый процесстер жана окуялар эле татаал, кыйчалыш жана чырмалышкан сыяктуу болот. Ошентсе да, көңүл коюп, терең ойлонуп көргөн адам көп нерсени түшүнө алат, ал эми мезгил өткөн соң эң эле тереңде катылган сырлар да ачылып, ачыкка чыгат.

 

Башкаруунун формасы жана шайлоолор жөнүндө

Соңку жылдарда биздин өлкө жана коом баштан кечирген бардык коркунучтарды жана сыноолорду, - регионалдык жактан бөлүнүү, трайбализм, улутчулдук жана экстремизм, жана башка көп нерселерди эске алганда, эриксизден өлкө азыр күчтүү жана жоопкерчиликтүү президенттик бийликке абдан катуу муктаж болуп турат деген жыйынтыкка келесиң. Биз баарыбыз тең өзүбүздүн жеке амбицияларыбызды тыйып, демибизди басып, партиялык башкаруу системасы жана парламентаризмдин таза түрү жөнүндө убактылуу болсо да унутуп коюшубуз керек. Азыркы учурда биздин регион үчүн бир гана президенттик башкаруу формасы оптималдуу экендигин турмуш өзү тастыктап жаткандыгын эми баары эле түшүнүшкөндөй болушту окшойт. Буга Казакстан, Өзбекстан, Беларустун экономикалары кандай өнүгүп жаткандыгын карап көрүү эле жетиштүү болот. Россиянын тажрыйбасы дагы президенттик бийлик натыйжалуу иштей аларын далилдеп жатат: жада калса глобалдуу санкция учурунда да бул өлкөнүн экономикасы токтоп калган жок. Ал тургай АКШ деле – дүйнөдөгү эң биринчи экономика – президенттик башкаруу формасындагы өлкө. Же болбосо дүйнөдөгү экинчи, а балким, көптөгөн параметрлери боюнча эмитен эле биринчи экономика боло баштаган Кытай Эл Республикасын алып карап көргүлөчү – ал деле, чын чынына келгенде, катаал президенттик башкаруу формасын карманып келе жатпайбы. Партиялык тизме боюнча шайлоодон толук бойдон баш тартууга мүмкүн болбой калган кезде деле, мен депутаттардын жарымы партиялык тизме боюнча, жарымы мажоритардык система боюнча шайланыша турган аралашма шайлоо системасын сунуш кылар элем.

Учурдагы конкреттүү кырдаалда парламентаризмден баш тартуу жети жылдык мөөнөтү дагы эки жылдан кийин аяктап жаткан Кыргызстандын азыркы президентине интригалардын жана ар кандай алдамчылык айла-амалдардын натыйжасында кайрадан бийлик чокусунда олтуруп калышына жол бербей тургандыгы менен дагы өзүн өзү актай алат. Алмаз Атамбаев Текебаев экөө чогуу иштеп чыгышкан конституция боюнча экинчи ирет жети жылдык мөөнөткө шайланууга укугу жок. Арийне, ал президенттиктен кеткенден кийин Кыргызстандын премьер-министри боло алат, ал эми президенттик кызматка өзүнүн кишисин түртө алат. Ошентип, ал дагы 7 жыл өткөн соң дагы бир ирет – эми экинчи жолу - Кыргызстандын президенти болуп шайланып алуу үчүн, иш жүзүндө өлкөдөгү өзүнүн бийлигин сактап кала алат. Мындай ойрон кылуучу трансформацияларга жол бербөө үчүн, президенттик башкаруу формасын киргизип, парламентаризм менен, партиялык система боюнча шайлоолорду өткөрүү менен ойногонду токтотуш керек, алар коррупция, махинациялар жана жоопкерсиздик үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү гана көбөйтөт.

Эгерде биз Батыш Европанын калыптанып калган парламенттик демократия чөйрөсүндө жашасак, биз өзүбүзгө ошол сыяктуу эксперименттерди жасап көрүүгө мүмкүндүк бере алмакпыз, бирок, жада калса ал жакта деле парламентаризм таза түрүндө кезикпейт. Францияны президенттик-парламенттик өлкө деп атоого болот; жада калса Германия сыяктуу ушундай таза парламенттик өлкөдө да канцлерден сырткары абдан күчтүү таасир этүүчү өлкө президенти кызматы каралган.

Ошондуктан, бизге аздыр-көптүр тааныш болуп калган президенттик башкаруу формасын жеткиликтүү кылып жакшыртуу маанилүү, себеби, парламентаризм азыркы кездеги шарттарда баары бир кыйроого учуроого тушугат. Сиздер өзүңүздөр деле Атамбаев менен Текебаевдин Кыргызстанда парламенттик бийлик формасын түзүүнү каалагандыгынын жыйынтыгы кандай болгондугун көрүп туруп, айта аласыздар. Биздин өлкө азыр мурдагыдан эффективдүү, азыраак коррупцияашкан өлкө болуп, көз карандысыз сот, көз карандысыз Массалык маалымат каражаттары, акыйкат шайлоо системасы түзүлдүбү?

Аттиң, андай абдан так иштей турган демократиялуу система жөнүндө берилген убадалардын ордуна, кандайдыр бир коркунучтуу монстр пайда болду, азыр ушундай мамлекеттик түзүлүш жаралып, эч ким эч нерсеге жооп бербей калды, бирок, бардык бийликте турган партия лидерлери өз байлыктарын арттырып алуу менен алек болушуп, портфелдерди, стратегиялык ресурстарды, бөлүштүрүшүп, эч кандай жоопкерчиликке тартылбайт. Өлкө президенти азыркы конституцияга ылайык, өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин ишине кийлигише албайт, бирок ал муну такай жасап, бардык жерге өз кишилерин коюп келе жатат. Көз карандысыз сотторду, телекөрсөтүүнү түзүү, шайлоо системасын реформалоо боюнча убадалардан эч нерсе чыккан жок. Парламенттик республиканы куруу аракети массалык түрдөгү жоопкерчиликке, партиялык-кландык вакханалиянын өзүм билемдигине айланды. Коррупциянын жана уурулуктун аталышы башкача кылып өзгөртүлүп, ал эми өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын сатууну аргасыздыктан жасалган иш деп, же ал абдан прогрессивдүү тарыхый кадам деп ата койгондон эле жасалган кылмыштын маңызы өзгөрүп кетпейт. Эртедир-кечтир тарых баары бир уятсыздык менен коомдук менчиктин эсебинен, жеке менчик бизнеске рэкетчилик кылуу жана эбегейсиз чоң масштабда каракчылык кылуу менен байыгандарды жоопко тартпай койбойт.

 

Биздин көп саясатчылардын административдик-аймактык аталыштарды өзгөртүүгө жана кайра атоого абдан эле ашыкча, тим эле ооруп калгандай кызыгышканы да мени абдан тынчсыздандырат. Мына бир нече жылдан бери кимдир бирөөнүн областтарды жоюу керек, райондорду гана калтыруу керек деген сунушун угуп келе жатамын, ал мындай чара чиновниктер аппаратын кыскартып жана мамлекеттик органдардын натыйжалуулугун күчөтөт деп ак дилинен ишенип алыптыр. Кыргызстандын картасын өзгөртүп, азыркы 40тан ашуун район жана 7 областтын ордуна 15-20 аймакты калтыруу керек деп сунуштагандар да көп. (Ал тургай, Кыргызстанга областтар да, райондор да, жада калса Жогорку Кеңештин да кереги жок, ал жерде 120 бекерпоз олтурат деп чын дилинен ишенип алышкан демагогдор да бар – аларды эркине койсо, бул түзүмдөрдүн баарын таркатып жиберип, алардын ордуна эл менен иштеген бир гана президент калат да, бардык иш эң сонун жүрөт.)

Мындай «рационализаторлор» бул сыяктуу трансформациялар жана жаңылыктар жакшырууга, же ал тургай, мамлекеттик органдардын ишиндеги кескин түрдөгү сапаттык өсүүгө алып келет деп ишенишет. Азыркы учурда өлкө үчүн мындай псевдожаңылоолордон коркунучтуу жана акылсыз нерсени элестетип көрүү да мүмкүн эмес! Областтык түзүмдөрдү жоюп жиберүүдөн ким утушка ээ болот? Элестетип көрүңүздөрчү, күндөрдүн бир күнүндө эле Баткен же Нарын областы жок болуп калганын? Биз тек гана узак жылдардан бери областтык түзүмдөрдө ийгиликтүү иштеп келе жатышкан тажрыйбалуу кадрлардан гана айрылбастан, бул органдарсыз региондорду башкаруу мүмкүн болбой калган абалга жетебиз. Ал эми жоюлган түзүмдөрдүн ордуна жаңыларын түзүүгө коп убакыт жана күч талап кылынат. Областтык түзүмдөрсүз Ош, Ысык-Көл сыяктуу чоң областтарды кантип башкарууга болорун элестетип көрө аласызбы? Балким, эгерде бардык областтык түзүмдөр жана ведомстволор жоюлса Чүй областы эптеп иштеп, жашап кете алар. Ал борборго жакын аймакта жайгашкандыктан, качандыр бир кезде республикага баш ийген аймак болуп эсептелген. Өлкөнүн калган бардык региондору анархияга жана башаламандыкка толуп кетет.

Областтык түзүмдөрдү жоюу же аймакка окшогон түп-тамырынан бери жаңы аймактык түзүмдөрдү уюштуруу сыяктуу псевдореформалар бир гана административдик хаос жана башаламандык менен чектелип калбай, бирок биздин коомдогу ансыз да терең болгон кризистик маанайды күчөтөт. Жоюлган административдик түзүмдөрдүн мүлкү жана аткарган милдеттерин талашып, алар үчүн аягы жок күрөш башталат, бул болсо заматта эле бизге жакшы тааныш болгон прихватизация деп аталган коомдук байлыкты чачып жок кылууга алып келип, бүтпөгөн чыр-чатактар, соттошууларга алып келет.

Саясатта жана башкарууда ойлонбой ойрон кылып салбоо үчүн, дайыма эң эле чекке жеткен чечимдерден качуу керек. Менин оюмча, биздин эл көп нерсени башынан өткөрдү, ар кандай тигил же бул жакка калчай берүүлөрдөн улам, эксперименттерден улам чарчап турган кези. Мындай чектен ашкан категориялардын катарына мен Атамбаев менен Текебаевдин өлкөгө парламенттик башкаруу формасын киргизүү аракетин гана эмес, сунуш кылынып жаткан Улутту сактап калуу Курултайын чакыруу жана бийлик түзүмүн уюштуруу жөнүндөгү сунушту жана Жогорку Кеңешти уруулук бөлүнүүнүн негизинде түзүү сыяктуу такыр эле акылга сыйбаган ойлорду жана ойдон чыгарылган фантазияларды киргизер элем.

Улам такыр жараксыз варианттарды ойлоп таба берүүнүн эч кажети жок, тек гана биздин өзүбүздө бар жана биздин элге мүнөздүү болгон нерселердин ичинен пайдалуу жана жашап кете ала тургандарын өнүктүрүү керек. Жаңылануулар, реформалар, албетте керек. Бирок, алар ырааттуу түрдө, улам ары-бери ыргыбастан, керексиз секирүүлөрү жок эле жүргүзүлүшү керек. Радикализм саясатта деле, маданиятта деле, динде деле, башка эч кандай чөйрөлөрдө деле жакшы эч нерсеге алып келбейт. Мыкты, абийирдүү жетекчи, өлкө президенти кайсыл бир деңгээлде бир чоң үй-бүлөнүн акылман атасы сыяктуу болушу керек. Мен көп балалуу үй-бүлөдө өсүп чоңойдум, ошондуктан бул салыштыруу мен үчүн абдан түшүнүктүү жана жагымдуу. Менин атам менен апам дал ошондой ата-энелерден болчу, биздин баарыбызды тең багып өстүрүп, бутубузга тургузушту, бул үчүн мен жана менин инилерим – баарыбыз тең аларга ыраазыбыз. Мына ошентип, ата менен апанын биринчи катардагы жана эң эле маанилүү камкордугу болуп дале болсо... экономика эсептелет, үй-бүлөнү тамак-аш менен камсыз кылып, нормалдуу жашоого шарт түзүлүшү керек. Андан соң гана билим берүүгө, маданиятка, спортко, көңүл ачууларга көңүл бурууга болот. Мамлекет башчысы да биринчи иретте экономика маселелерин чечүү жөнүндө ойлонушу керек, ал эми билим берүү жана тарбия бул максатка жетүүгө баш ийдирилиши зарыл. Башкача айтканда, реформаларга жана демократияны өнүктүрүүгө багыт алынган болсо, булар элдин материалдык жыргалчылыгын көтөрүүгө көмөкчү болушу керек. Экономика маселелерине байланышпаган реформалар менен гана алектенип олтуруп алуу логикага сыйбайт жана да керектүү жыйынтыктарга жеткирбейт, бул баягы аттын алдына арабаны коюп салуу аракетин гана элестет.

Мен кээде өз дарегиме маданиятка, тарыхка, кыргыз тилди өнүктүрүү маселелерине, динге жана башка ушул сыяктуу нерселерге жеткиликтүү көңүл бурган эмессиң деген жемелерди угуп каламын. Айрым адамдар, ал тургай мени патриоттук сезими жок деп айыптоого да ыкташат. Бул, албетте, туура эмес. Менин инсандык калыптануум интернационалдык чөйрөдө болгондугу – бул менин патриот эмес дегендикке эч жатпайт. Мен окурмандардын эсине салып коеюн, мен бийликке келгенден кийин дароо эле мен курултайды уюштурууга, жана да коомдук ишмерлер тобуна Бедел ашуусуна барып, 1916-жылкы Үркүндө курман болгондордун сөөгүн көмүүгө жардам бергенмин. Биз мындан 100 жыл илгери падышалык жазалоочулардын колунан курман болушкандарга урмат көрсөтүп, чоң иш жасадык. Жусуп Абдрахмановго, Абдыкадыр Орозбековго, Ишеналы Арабаевге жана башка репрессияга туш болгон кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнө арналган конференциялар мамлекеттик жогорку деңгээлде өткөрүлдү. Кыргыз тилинин мамлекеттик макамын чыңдоодо дагы маанилүү жетишкендиктер болду, кыргыз тили региондордо гана эмес, Бишкекте дагы кагаз, документация иштерин жүргүзүүдө көбүрөөк колдонула баштады. Дал менин тушумда биздин армиянын солдаттары кыргыз тилинде сүйлөй башташты. Маданиятка, республиканын Жазуучулар Союзуна, диний уюмдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп турду. Мен Кыргызстан мусулмандарынын муфтиятынын ишин чыңдоого колумдан келген салымымды коштум. Эске салып коюшум керек, азыр курулуп бүтөйүн деп калган Бишкектеги борбордук мечиттин пайдубалы да менин тушумда эле түптөлүп, курулушу башталган болчу. Мен 2008-жылы эле анын бардык маселелерин комплекстүү түрдө чечүү каралган жарлыкка кол коюп, жер бөлүп берүүдөн баштап, финансылык каржылоого чейинки маселелер чечилген болчу. Бирок, мен дагы бир жолу кайталап айтып коюшум керек, өлкө жетекчисин биринчи иретте экономика маселелеринин ийгиликтүү чечилиши жана иштеп кете ала турган команданы тандап алуу толкундатышы керек, ошондо гана бардык маанилүү маселелер иш тартибинин алкагында чечиле баштайт.

 

Өлкөгө кандай жетекчи келгендиги жарандардын өздөрүнө, алардын келечек жөнүндө ойлоруна, алардын ишенимине, акыйкаттыгына, чынчылдыгына жана башка моралдык сапаттарына көз каранды болот. Мына, Беларусь президенти Александр Григорьевич Лукашенкого жана жалпы эле ушул өлкөгө жана да бул жактагы адамдар кандай жашап жатышканына, кандай деңгээлде ой жүгүртүшүп, өздөрүн кандай алып жүрүшкөнүнө өзүңүздөр карап көрүңүздөрчү. Кандай таза жана камкордукка бөлөнгөн өлкө! Көчөлөрдө жана парктарда, ал тургай токойлордо да идеалдуу тартип орнотулган. Албетте, алардын башчылыгына күчтүү сабаттуу чарбакер адам келип калышы белорустар үчүн ооматтуу иш болгон, ал совет бийлигинин 70 жылдык мурасын гана сактап калып, өз элинин жыргалчылыгы үчүн активдүү пайдаланып гана тим болбостон, колдо бар өндүрүштү ал азыркы заманбап батыштык технологиялар менен байытууга жетишкен деп айтар элем. Мурда даңкы чыккан советтик тракторлорду чыгарган заводдор азыр заманбап айыл чарба техникасынын моделдерин Германиянын жана башка Батыш өлкөлөрүнүн машина куруучу корпорациялары менен тыгыз кооперациялашып чыгарып жатышат. Лифттердин өндүрүшүндө, турмуш-тиричилик электроникасында - телевизорлорду, муздаткычтарды чыгарууда да ушундай эле болгон. Бардык жерлерде мурдагы инфраструктура тек гана сакталып калбастан, азыркы учурдун талаптарына жараша модернизацияланган. Мына ушунун өзү эле чарбакердик мамиле жана таланттуу жетекчинин ишмердигинин жемиши деп аталат! Жеңил өнөр жайынын, тамак-аш индустриясынын, агрардык сектордун продукциялары жөнүндө айтпай эле коеюн. Бардык магазиндер, базарлар, гастрономдор, универмагдар бийик сапаттагы атамекендик продукцияларга толуп турат, алар өнүккөн өлкөлөрдүн ушул сыяктуу эле товарларынан эч кем калбайт жана тиешелүү деңгээлде кооздолгон кутучаларга салынып, жасалгаланган.

Беларусь Республикасынын элине дайыма, бардык жерлерде абийирдүүлүккө, тазалыкка, жупунулукка умтулуу мүнөздүү. Жөнөкөй жарандардын коомдук жайларда өзүн алып жүрүүсү бийик үлгү сыяктуу, көчөдө же паркта сейилдеп жүрүп бир дагы катуу чыккан үндү укпайсың, кимдир бирөөлөр ачуулана талашып, же сөгүнүшү, же спирттик ичимдиктерди ичип алып, коомдук жайларда жаңжал чыгарышы мүмкүн эмес. Мындайды бул жерде элестетүүгө да мүмкүн эмес. Белорустар өз өлкөсүнүн мыйзамдарын сыйлаган адамдар, алар өз бийликтерин жана өлкө президенти Лукашенкону сыйлашат. Биз дагы бийлик түзүмдөрү менен элдин ортосундагы ушуга окшогон модельге умтулушубуз керек. Такай эле карама-каршылыкта тура бербей, бири-бирибизге жардам берип, колдоого аракет кылышыбыз керек.

Кыргызстанда гүлдөгөн жана толук кандуу мамлекет болуусу үчүн бардык зарыл нерселер бар. Ал кооз табигаты, абдан бай табигый ресурстары, тарыхы жана кыргыз улутунун менталитети менен айрымаланып турат. Бул жөнүндө баарынан калыс, так бааны чет өлкөлүктөр берип келе жатышат. Алар ушулардын баарына четтен байкап, көз салып турушкандыктан, алардын пикирине объективдүү көз караш катары карасак болот. Алардын жалпы пикирлерине караганда, биздин өлкө Борбордук Азиядагы бардык өлкөлөрдүн ичинен эң эле коозу жана өзүнө тартып турганы болуп эсептелет. Кыргызстандын тарыхы да абдан байыркы жана бай тарых болуп, көп жагынан алиге чейин изилдене элек. Албетте, биз революция, митингдер жана демонстрациялардын саны боюнча дүйнөлүк рекордго жакындап калдык. Арийне, 2010-жылдын апрелинде болгон окуяларга байланышкан бардык негативдүү нерселерди алып салсак, анда эркиндикти, акыйкаттыкты жана демократияны сүйүү кыргыз жанынын жана менталитетинин негизги байлыгы деген жыйынтыкка келүүгө болот. Биз өзүбүздү төмөн таштап жиберүүгө акыбыз жок, биз сөзсүз түрдө биздин эң мыкты жана байыркы этностун жашоосундагы позитивдүү жана артка кайрылгыс өзгөрүүлөргө жетише алабыз. Мен бир жолу бул элдин президенти болуп, анын ээ-жаа бербеген күчтүү эркине баш ийип, бийликтин эң жогорку чокусуна жеткенмин. Мен муну башкаларга караганда жакшы билемин.

Жыл.

 

Мазмуну

Сөз башы.............................................................................. 2 бет.

Коңшуларды Кудай берет…................................................ 6 бет.

Аксы күйүтү дале жүрөк өйүтөт........................................... 10 бет.

Март революциясы жөнүндө................................................... 14 бет.

Кыргызстандын экономикасы жөнүндө азыноолак сөз..........48 бет.

Жалпы кыйроонун мезгили..................................................... 54 бет.

Сырткы карыз...........................................................................81 бет.

«Кумтөр» долбоору....................................................................85 бет.

АКШнын «Манастагы» базасы жөнүндө................................90 бет.

«Кыргызгаз»..............................................................................93 бет.

Негизги социалдык-экономикалык

мүнөздөмөлөр (таблица)..............................................................95 бет.

2006-2007-жылдардагы Конституциялык реформа........................98 бет.

Убактылуу Өкмөттүн декреттери жөнүндө..................................111 бет.

Бишкекте 7-апрельде…..................................................................117 бет.

2010-жылдын июнундагы трагедиялуу күндөр................................131 бет.

Элдин тарыхый тандоосу жөнүндө…............................................137 бет.

Каркыра …....................................................................................140 бет.

Башкаруунун формасы жана шайлоолор жөнүндө.............................144 бет.

 


Дата добавления: 2015-11-15; просмотров: 80 | Нарушение авторских прав


<== предыдущая страница | следующая страница ==>
Бишкекте 7-апрельде| Существительное. Глагол.

mybiblioteka.su - 2015-2024 год. (0.028 сек.)