Студопедия
Случайная страница | ТОМ-1 | ТОМ-2 | ТОМ-3
АрхитектураБиологияГеографияДругоеИностранные языки
ИнформатикаИсторияКультураЛитератураМатематика
МедицинаМеханикаОбразованиеОхрана трудаПедагогика
ПолитикаПравоПрограммированиеПсихологияРелигия
СоциологияСпортСтроительствоФизикаФилософия
ФинансыХимияЭкологияЭкономикаЭлектроника

МСН» газетасы, 2005-жылдын 11- марты.

СӨЗ БАШЫ | Куштун баары шумкар болбойт | Кыргызстандын экономикасы жөнүндө азыноолак сөз | Жалпы кыйроонун мезгили | Талкалануунун кесепеттерин жоюу | Энергетикадагы реформалар | Quot;Кумтөр" долбоору | Жылдардагы Конституциялык реформалар | Бишкекте 7-апрельде | жылдын июнундагы трагедиялуу күндөр |


Бийлик тараптан болгон ушундай провокациялардан, демонтрацияга чыккандарды күч колдонуп кууп чыгуу аракеттеринен улам, карама-каршылык ого бетер курчуй берди. Ал эми бийлик түн ичинде областтык администрацияга чабуул жасап, анын ичиндеги активисттерди сабашып, камакка алышкандын эртеси күнү Жалал-Абадда ошол кезге чейин болуп көрбөгөн митинг болду. 40 миңге жакын адам аянтка чыгышып, мындай чоң каршылык көрсөтүүдөн улам областтагы бүт бардык бийлик толугу менен элдин колуна өттү.

 

Март революциясынан алдындагы күндөрдө Жалал-Абаддагы болгон окуялардагы менин ыраматылык иним Жусуп Бакиевдин өзгөчө маанилүү ролун айрыкча белгилеп кетишим керек. Ал элдин эбегейсиз колдоосуна ээ болуп, абдан күчтүү уюштуруучулук сапаттары бар эле. Көп жагынан алганда, анын ушундай кыйынчылыктарга туруштук бере алган, таасир этүүчү күч-кубатынан улам гана жарым айдын ичинде эч кандай ашыкча чыр-чатактар жана тополоң болгон жок. Анын таасиринен улам, Кыргызстандын түштүгүндө эл менен бийликтин ортосундагы карама-каршылыкты тынч жол менен чечүү үчүн көптөгөн иш-аракеттер көрүлгөн болчу. Бирок, кырдаал өзүнөн өзү эле турукташып кетет, Жалал-Абадда тынчтык орнойт деп ойлоо саясий сокурчулук болчу. Бишкекте олтурушкан президент жана өкмөт митингчилердин талаптарына олуттуу кароодон баш тартып туруп алышты. Ошондо бар болгону бир гана нерсе керек болчу, - Аскар Акаев Жалал-Абадга келип, аянтка чогулган элдин талаптарын угуп, аларга макулдугун бериши керек эле. Ушунун өзү эле элдик толкундоолорду басып, карама-каршылыкты токтото алмак.

 

Митингчилер кандай талаптарды коюп, эмнеге умтулуп жатышкан эле? Мен жогоруда айткандай, ал талаптар 7-8 негизги фигуралар – оппозиция лидерлери боюнча болуп өткөн шайлоолордогу орой бурмалоолорду моюнга алып, ошол участоктордо кайра шайлоо өткөрүүнү дайындоо жөнүндө болчу. Ушундай эң эле жөнөкөй жол менен ошондогу кризистик кырдаалды чечүүгө болмок! Аскар Акаев элдин алдында өзү 2005-жылдын күзүндө өтө турган президенттик шайлоого – төртүнчү ирет өз талапкердигин койбой тургандыгын убада кылса, бүт бардык толкундоолор дароо басылмак. (А эгерде 1991-жылдагы референдумда элдин президентке көрсөткөн ишенимин тастыктоону эсептесек, анда бешинчи ирет. Ошол эле кезде, 1993-жылдагы КР Конституциясы бир эле адамдын президенттик кызматка эки жолудан ашыкча шайланышына тыюу салган.) 2002-жылдагы Аксы трагедиясынан соң, Акаев бир нече жолу өзүнүн сөздөрүндө жана пресс-конференцияларда 2005-жылы өз талапкердигин койбой тургандыгын айткан. Арийне, шайлоого бир жыл калганда, ал өзүнүн мындай убадаларын бергенди гана токтотпостон, ал тууралуу анын эсине салгандардын баарын тең абдан куугунтуктай баштады. Эл күтүүсүздөн ага каршы көтөрүлдү, анткени, 15 жыл башкарган соң, Аскар Акаев өзүн түбөлүк президент кылып дайындоону ойлоп калгандыгын түшүнгөн эле. Акаевдин жан-жөкөрлөрү кандай гана сөздөрдү айтышпасын, фактыларды кантип бурмалашпасын, баары бир 2005-жылдын 24-мартында чыныгы тынчтык революциясы болуп, бийлик тынч жол менен, кан төгүүсүз кулагандыгын төгүнгө чыгара алышпайт. Митингчилердин жана нын лидерлеринин өлкөдөгү бийликти басып алуу максаты жок болгон, алар өлкөнүн шаарларынын аянттарына куралсыз чыгышкан.

 

Эми ошол март айындагы күндөрдө Бишкекте болуп өткөн окуяларды дыкаттык менен эскерип көрөлүк. Албетте, борбор шаар ошол кезде эле бийликтин региондордогу провокациялык аракеттерине нааразы болгон элдерге толуп кеткен болчу. Мен жогоруда айткандай, Назаралиевдин медициналык борборунун жанында болуп өткөн митингден соң, элдер Өкмөт Үйү тарапка жөнөштү. Жолдо бара жатканда бул жүрүш жасагандарга дагы эбегейсиз сандагы бишкектиктер кошулуп кетишти, ал коллонада борбордук аянтка келип жеткенде жыйырма-отуз миңдеген адамдар чогулуп калган. Аларга Совет көчөсүнөн ылдый Өкмөт Үйү тарапка карай агылган элдердин колоннасы келип кошулду. Колонналар Өкмөт Үйүнүн жанына келип токтошту. КЭКнын бардык мүчөлөрү Акаев режимине каршы катуу сындарды айтып сүйлөштү. Бирок, мен кайталап айтып коеюн: биздин эч кимибизде Өкмөт Үйүн басып алуу планы жок болчу! Мен муну КЭКнын расмий лидери катары айтып чыкканмын. Аянтта чыгып сүйлөгөндөн кийин, мурдатан эле саат 15.00 гө белгиленгендей, Данияр Үсөнов менен жолугушканы кеткен элем. Ошол кезде мага телефон чалышып, элдин Өкмөт Үйүнө кирип кетишкендигин билдиришти.

 

Бул жаңылык мени абдан катуу таң калтырды. Борбордук аянтка келип, ал жерде чын эле абдан көп эл топтолуп калганына ишендим. Алардын бир бөлүгү Өкмөт Үйүн курчап турган тосмонун ичине кирип кетишиптир, ар кайсыл кабаттардагы терезелерден кубанычка батышкан адамдардын кебетелери көрүнүп, алардын айрымдары колдорундагы туулары менен жеңиш салтанатын тастыктап, желбиретип жатышты. Көрсө, укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен демонстрациячылардын ортосунда тирешүүлөр болуп, аны ортодогу “ак шапкечендер” деп аталгандар – Акаев тарабындагыларды колдоп чыгышкан, ак кепка, ак бейсболкачан атайын даярдалган жаш жигиттердин тобу, - куйтулук менен тутандырып жиберишиптир. Ошонун натыйжасында, кыжырлары кайнап, жеткен чегине чейин жеткен демонстрациячылар эбегейсиз көп элдин массасына таянышып, башкаруудан чыгып кетишиптир. Аларды эми токтотууга эч мүмкүн болбой калгандыктан, алар тосмо аркылуу ашып өтүшүп, Өкмөт Үйүнө кирип кетишиптир.

 

Түндөсү башаламандыктар башталды. Көзөмөлдөн чыгып кетишкендиктен, топтошкон адамдардын абдан чоң тобу магазиндерди, соода борборлорун талкалай башташты – алар ошол объектилердин баарын Акаевдин үй-бүлөсүнүкү же анын жакындарыныкы деп ойлошкон эле. Мындай абал бир эле учурда шаардын бардык тарабында орун алып, болуп жаткан окуяны көрүү абдан жагымсыз эле. Муну токтотуу да абдан кыйын эле. Кан төгүүлөрдү болтурбоо, мыйзамсыздык биротоло сайран курбашы үчүн биз ар кандай чараларды көрүп, ар кандай ыкмаларды жана каражаттарды пайдаланып жаттык. Мага элдер «Айчүрөк» Борбордук универсалдык магазинине карай жөнөшкөндүгүн айтышканда, биз Феликс Кулов менен чогуу борбордук универмагды коргоп калганы бардык. Кулов орусса сүйлөдү, мен кыргызча сүйлөдүм. Биз жаштарды тынчтанууга, провокациялуу мародерчулуктарды жасабоого чакырып, мунун баары мыйзамсыз аракеттер экендигин түшүндүрдүк, айтор, ошондо биз эбегейсиз кыйынчылыктар менен элди токтотуп кала алдык.

 

Алгачкы 10 күн ичинде, мен Улуттук коопсуздук кызматынын имаратында олтурган кезде, иш чачтан көп болуп, стресстик кырдаалдар арбын учурады. Бир күндө 2-3 сат гана уктаганым болбосо, тамакты жегенимди же жебегенимди да билбей калдым. Автоматтык режимдеги сыяктуу иштеп, такай ар кандай абдан чуулгандуу жайларга барууга туура келип жатты. Кырдаалды такай көзөмөлдө кармап, ар бир пайда болгон маселеге, коркунучка жараша иштерди жасап, элдер менен жолугушуп, күтүүсүздөн пайда болгон кризистик жагдайларды чечүү талап кылынды. Өлкө ал кезде боркулдап кайнап жаткан казанды эске салып турган, - элдин көңүл түпкүрүндө мамлекет башчысынын жана мамлекеттик чиновниктер тарабынан жасалган мыйзамсыз иш-аракеттерге карата болгон кыжырдануулары толуп-ташып турган. Бийликке болгон кыжырдануусунан жана да жеңип алган эркиндик деминен улам өрөпкүп турушкан адамдарды ойлонулбаган кадамдарга баруудан токтотуп калуу үчүн абдан чоң далалат талап кылынды. Жарандар күнөөкөрлөрдү дароо жазалоону, өз маселелерин тез аранын ичинде чечүүнү, жумушсуз жүргөндөрдү татыктуу жумуш менен камсыз кылып, жерлерди бөлүп берүүнү талап кылып жатышты, айрым топтор өз бет алдынча басып алууга аракет жасай башташты. Бул пайда болгон маселелерди дароо ордунда чечүү абдан чоң кыйынчылыктарга туруп жатты. КЭКнын штабы тыныгуу дегенди билбестен, абдан жигердүүлүк менен иштеп жатты, ошентип, кырдаалды жөнгө салып, мыйзамдуулук жолуна сала алдык. Дагы эки күн өткөн соң мага Владимир Владимирович Путин телефон чалып: «Иштер кандай? Кандай жардам керек?» деп сурады. Мен ага: «Кудайга шүгүр! Баары турукташып бара жатат! Эч кандай жардамдын кереги жок. Өзүбүз эле жасайбыз. Бирок, колдоо көрсөтүп жатканыңыз үчүн сизге чоң ырахмат» дедим.

 

Газеталык билдирүүлөрдөн:

 

«Шейшемби күнү, 29-мартта, Евросоюзда төрагалык кылган Люксембургдун тышкы иштер министринин орун басары Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин бийликтен кулатылышын демократиянын жеңиши деп атады.

Европарламентте сүйлөп жатып, Николас Шмидт Евросоюзда Кыргызстанда болуп жаткан демократиялык өзгөрүүлөргө кубанып жатышканын билдирди. "Кыргызстандагы демократиянын жеңиши бекем түптөлүшү үчүн, эми биз бу өлкөгө жардам беришибиз керек", - деп айтты Люксембургдун тышкы иштер министринин орун басары.»


Дата добавления: 2015-11-15; просмотров: 63 | Нарушение авторских прав


<== предыдущая страница | следующая страница ==>
Аксы күйүтү дале жүрөк өйүтөт| Http://mbrtwrw.turmush.kg/ru/news:5527

mybiblioteka.su - 2015-2024 год. (0.006 сек.)