Студопедия
Случайная страница | ТОМ-1 | ТОМ-2 | ТОМ-3
АрхитектураБиологияГеографияДругоеИностранные языки
ИнформатикаИсторияКультураЛитератураМатематика
МедицинаМеханикаОбразованиеОхрана трудаПедагогика
ПолитикаПравоПрограммированиеПсихологияРелигия
СоциологияСпортСтроительствоФизикаФилософия
ФинансыХимияЭкологияЭкономикаЭлектроника

Жалпы кыйроонун мезгили

СӨЗ БАШЫ | Куштун баары шумкар болбойт | Аксы күйүтү дале жүрөк өйүтөт | МСН» газетасы, 2005-жылдын 11- марты. | Http://mbrtwrw.turmush.kg/ru/news:5527 | Энергетикадагы реформалар | Quot;Кумтөр" долбоору | Жылдардагы Конституциялык реформалар | Бишкекте 7-апрельде | жылдын июнундагы трагедиялуу күндөр |


Читайте также:
  1. A) жалпы маркетинг
  2. A) жалпылама ақпарат жүйесі
  3. Дәріс 5. Қорытпалар туралы жалпы түсінік.
  4. Жалпы асқыну
  5. Жалпы медицина факультетінің 1-курс студенттеріне информатика пәні бойынша № 1 аралық бақылау сұрақтары
  6. Жалпы медицина» мамандығы бойынша І курс студенттеріне арналған дифференциальды сынақтың тест сұрақтары.

 

Советтер Союзунун кыйрашы мурда чогуу болуп келген бирдиктүү өндүрүштүк экономикалык инфраструктуранын үзүлүщүнө гана алып келбестен, Кыргызстандын экономикасынын да олуттуу зыянга учурашына алып келди. Ошол мезгилдеги республика жетекчилигинин абдан компетентсиз, жоопкерчиликсиз болушу буга кошумча дагы бир терс фактор болуп калды. Ошонун натыйжасында, мурунку ондогон жылдар ичинде окутулуп, үйрөтүлгөн, кыргыз жумушчу классынын сөңгөгү болгон жүз миңдеген шаардыктар жумушсуз көчөдө калышты. Завод, фабрикалардын иши токтоп, жабдыктары, станоктор, механизмдер уурдалып, металлолом болуп сатылып кетти. Ал тургай, тоолордогу кашарлар жана чабандардын үйлөрү эптеп эки метр арматураны металл сыныгы катары сатуу үчүн пайдубалына чейин бузулду. Бул кез жалпы кыйроочулуктун учуру болуп калды.

 

Биздин жарандардын үчтөн эки бөлүгү иштешкен агрардык сектор бир аз болсо да азыраак кыйрады. Биздин колхоздор жана совхоздор эмне болгондугу жалпыга белгилүү, «реформалар» - менчиктештирүү, мамлекеттик мүлктү бөлүп алуу жана башка дагы ушул сыяктуу кадамдар кыйратуучу мүнөздө жүргүзүлдү.

 

Биз баарына белгилүү болгондой, Кыргызстан үчүн оор кесепеттерге алып келген иштин көзүн билбеген, чала сабат чарбачылдык жөнүндө сөз кылып жатабыз. Бирок, келтирген кесепет зыяндары көп мезгил өткөндөн кийин гана сезиле турган, өзгөчөлөнгөн кыйратуучу процесстер жана кубулуштар да болот, алардын айрымдары азыр гана, биздин көз карандысыздык алганыбыздан бери чейрек кылым убакыт өткөндөн кийин гана билине баштады, дагы узак жылдар бою өтө кыйын тоскоолдук катары терс таасир этүүсүн уланта берет. Мен коммуникациялар жана инфраструктуралар жөнүндө айтып жатамын. Алар -жолдор, суу менен камсыз кылуу, канализация, энергия менен камсыз кылуу системасы. Аларды талапка ылайык деңгээлде кармап туруу үчүн мамлекет абдан чоң каражаттарды салып турууга милдеттүү, бул үчүн инвесторлор, тартылышы керек, анткени, жеке сектордун мвйда чыгымдарга барууга кудурети жетпейт. Жалпы иштин көлөмү ага кеткен чыгымдар менен эле өлчөнүп кала бербейт. Ар бир адамдын жашоосундагы зарыл болгон нерселерди камсыз кылып турган бул системалардын маанисин ашыра баалоо мүмкүн эмес. Эгерде мамлекет бул маселелерге жеткиликтүү көңүл бурбаса, анда эртеби, же кечпи жалпы түйүндөрдүн иши токтоп калган абалга жетет, бүт организм шал болгон сымал болот.

 

Советтер Союзу кулаган соң, миң ирет жерден алып көргө, көрдөн алып жерге урулган өнүккөн социализм учурунда эң эле алыскы тоодогу кырманга, чабан үйүнө чейин салынып берилген асфальт жолдору алгачкы курмандыгы болуп калды. СССР кулагандан кийин Кыргызстандын экономикасы жаңы жолдорду курмак турсун, даяр турган жолдорду өз убагында оңдоп, калыбына келтирип, өз калыбында кармап туруу үчүн жетишерлик каражат бөлүүгө кудурети жетпей калды. Техниканы сатып алууга акча жок эле, мен жогоруда бир мисал келтирип кетпедимби, акаевдин мезгили тушунда транспорт министрлиги жолдорду кармап турууга жылына 150 миллион сом бөлчү, а биз болсо бул сумманы 10 эсеге көбөйттүк деп, бирок, ушунун өзү да абдан аз болчу. Акаевдин тушунда курулган жалгыз жол – “Ош-Бишкек” трассасы Кыргызстан үчүн 650 миллион АКШ долларына турду. Анын айрым участокторун реконструкциялоо азырга чейин уланып келе жатат. Жакында эле Атамбаевдин өкмөтү узундугу 60 чакырым болгон “Бишкек-Кара-Балта” трассасындагы участокту оңдоо үчүн гана 120 миллион АКШ долларын сарптоо боюнча макулдашууга кол койду. Мезгил өткөн сайын баалар да өсүп жатат, ал эми жолдорду карап, оңдоп туруу керек, бул өтө эле кымбатка түшө баштады.

 


Дата добавления: 2015-11-15; просмотров: 63 | Нарушение авторских прав


<== предыдущая страница | следующая страница ==>
Кыргызстандын экономикасы жөнүндө азыноолак сөз| Талкалануунун кесепеттерин жоюу

mybiblioteka.su - 2015-2024 год. (0.005 сек.)