Студопедия
Случайная страница | ТОМ-1 | ТОМ-2 | ТОМ-3
АрхитектураБиологияГеографияДругоеИностранные языки
ИнформатикаИсторияКультураЛитератураМатематика
МедицинаМеханикаОбразованиеОхрана трудаПедагогика
ПолитикаПравоПрограммированиеПсихологияРелигия
СоциологияСпортСтроительствоФизикаФилософия
ФинансыХимияЭкологияЭкономикаЭлектроника

Бишкекте 7-апрельде

СӨЗ БАШЫ | Куштун баары шумкар болбойт | Аксы күйүтү дале жүрөк өйүтөт | МСН» газетасы, 2005-жылдын 11- марты. | Http://mbrtwrw.turmush.kg/ru/news:5527 | Кыргызстандын экономикасы жөнүндө азыноолак сөз | Жалпы кыйроонун мезгили | Талкалануунун кесепеттерин жоюу | Энергетикадагы реформалар | Quot;Кумтөр" долбоору |


Менин оюмча, 2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуяларга толугу менен ар тараптуу саясий баа берилип, суроолуу маселелердин баарына чекит коюла турган учур да келет. Түшүнүктүү себептерге байланыштуу, мен бул китепте өзүмө белгилүү болгон бардык детальдар жана майда-чүйдө фактылар тууралуу айта албаймын. Мен буга өтө жалпыланган мүнөздөмө берип, эмне болгондугун, мунун баары кантип башталгандыгын жана да бүткүл өлкөнү жана элди кандай оор терс кесепеттерге алып келгенин гана айтамын. Чоң эсеп боюнча алганда, мен жашыра турган жана корко турган эч нерсе жок, мен дароо эле эл аралык деңгээлде объктивдүү иликтөө жүргүзүүнү сунуш кылганмын, ал ушуну баштагандарды жана катышкандарды баарын ачыкка алып чыкмак. Мен мындай сунуш менен БУУнун генералдык катчысынын ошол кездеги орун басары Ян Кубишке кайрылганмын. Бирок, бийликке келген Убактылуу Өкмөт бул сунуштан баш тартып койгон, ушунун өзү эле алардын өз аракеттериндеги кылмыштуулукту билип турушканына маанилүү далил болуп эсептелет. Чындыкты эч ким жашырып кое албайт, мен бул китеп биздин коомго ошондо болгон окуяларды түшүнүүгө түртөт деп үмүттөнөмүн.

 

Мен өзүм бийликте турган кезде мага оппозиция болушкан, азыркы бийликке карата болгон өзүмдүн жеке мамилем тууралуу азыноолак айтып кетишим керек. Мен президенттик бийликке келген учурдан баштап, 2005-жылдын жазынан 2007-жылдын күзүнө чейин бери эле болгондо үч ирет Өкмөт Үйүн басып алуу аракеттери болду. Мунун баары баягы эле көндүм болгондой болду. Топтошкон адамдар чыгып алышып, «Бакиев кетсин!» деп кыйкырышат бар болгону. Эмне үчүн, кандай себептер менен - мунун баары эч кимди кызыктырчу эмес. Бул чыгуулар, албетте, каржыланып турган, болбосо митингге эч кимди алып чыга алышмак да эмес. Жаштар “Ак Үйдүн” айланасында туу көтөрүп жүрүштү. Биз эч качан аларды күч колдонуп, кууган жокпуз. Мен мындай деп катуу тапшырма берген элем: «Митингге чыга беришсин, адамдар өз караштарын эркин билдирүүгө укуктуу, жада калса кыйкырып, айкыра да беришсин, а биз иштей берелик, иш менен алагды бололук». Биз, эреже катары, ошентип эле иштеп жүрдүк. Ошол 2007-жылдын күзүндө эле митингчилер мыйзам алкагынан чыгып кетишкен, алар тараптан милицияга таш ыргытуулар болгондо, укук коргоо органдары күч колдонушуп, үн чыгаруучу гранаталарды жана көздөн жаш чыгаруучу газды колдонушуп, аларды кууп таркатышкан. Бул бардык эле мамлекеттердеги тартипти жана мыйзамдуу бийликти коргоодогу нормалдуу иш тажрыйба. Милиция мыйзам бузгандарды кууп чыкканда, элдер балкондоруна чыгып, кол чабышкан: «Кудайга шүгүр, акыры аянтты булгашкан бул бекерчилерди кууп чыгышты» дешип. Эсимде, мен Бишкектин мэри Арстанбек Ногоевге таң аткыча бүт аянтты жууп, тазалоо жөнүндө тапшырма бергенмин. Ал муну аткарган. Кийинки күнү аянтта эч ким болгон эмес. Аянт тазаланып калган.

 

Митингге чыккандарга жеке мен өзүм мындай мамиле жасачумун - мейли, өз укуктарыңарды коргой бергиле, бирок, баарын тең мыйзамдын алкагында гана жасагыла. Ачыгын айтканда, мен 2010-жылдын 7-апрелинде болгон митинг деле мурда биз көрүп жүргөндөй, массалык акция болот деп ойлогон элем.

Бирок, бул жолу такыр башкача болду, - эч кандай плакат жана ураандар жок. Демонстрацияга чыккандардын көбүнүн колунда алар мурунку күнү 6-апрельде Таласта Ички иштер башкармалыгын талкалашып, тартып алышкан куралдар бар болчу. Баса, Таласта болгон окуя жөнүндө мен 7-апрель күнү эртең менен, борбор шаардын борбордук аянтында элдер чогула баштаганда гана билдим. Топтошкон адамдардын ичинде өзүнчө бөлүнүп көрүнгөн, жумшартып айтканда, өзгөчөлөнгөн адамдар бар эле. Муну көз көзү менен көргөндөрдүн көбү айтып чыгышты, – бийлик тараптагылар да, оппозицияга кошулуп кеткендер да. Коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева ошол күнү таңдан кечке чейин аянтта жүрүп, кырдаалды курчутууга абдан активдүү аракет жасады, бул документалдуу кинокадрлардан да көрүнүп турат, жада калса мына ошол киши дагы демонстрацияга чыгышкандардын ичинде жөнөкөй жарандарча кийинишкен көп адамдар жүрүшкөнүн, бирок алар жергиликтүүлөрдөн эмес, жакшы уюшулган, бардык аракеттерин чогуу жасаган адамдар болушкандыгын ачык айтып чыккан.

 

Албетте, топтошкон адамдардын ичинде ичип алышкан көп адамдар, ошондой эле психотроптук каражаттардын таасири астында болушкан жаштар көп эле, аларды андай нерселер менен жогоруда айтылган белгисиз адамдар камсыз кылышы толук мүмкүн болчу. Ушунун баары бул күнү аянтта алдын ала кылдаттык менен ойлонулуп чыккан, бийликти алмаштыруу боюнча атайын операция башталганын көрсөтүп турган. Жүрүштөгүлөрдүн алдыңкы катарына жаштар чыкканда, алардын акыл-эстери жайында болбой, көбү эч нерсени сезбей, өз башчылары эмне десе ошону аткарганга даяр турушканы көрүнүп турган. Жада калса, алар жаракат алышып, ооруканаларга түшкөндө да ооруну сезбей калышкан. Аларга ооруну басаңдатуучу каражаттарды сунуш кылышса, алар каткырып жатышкан. Бул жерде мындай атайын операцияларды өткөрүүдөгү иш тажрыйбасы барлардын профессионалдык даярдыгы менен болгон жетекчилик сезилип турган!

Ички иштер министрлигинин жетекчилигин иштен чыгаруу чечүүчү фактор болуп калды, анын башчысы Молдомуса Конгантиевди 6-апрельде Таласта чала өлүк кылган абалга жеткиргенге чейин сабашкан. Ошонун натыйжасында, ички иштер органдары борбордо мыйзамсыздыкка каршы туруп бере алышкан жок. Баса, Таласта деле башка жактан барышкан адамдар өз иштерин жасашып, психотроптук каражаттар пайдаланылган. Кийинчерээк Таластыктар Конгантиевдин алдында ага карата мындай ырайымсыз, адамгерчиликсиз мамиле болгону үчүн кечирим сурашкан, аны шылдыңга алып, сабашкандар кайдан-жайдан келишкени белгисиз адамдар болушканын, дал ошолор ушундай жапайы агрессияны баштап жиберишкенин моюндарына алышкан.

Албетте, мындай топ колдоруна мурда тартып алышкан көп сандагы куралды алып алышып, Өкмөт Үйүнө карай жөнөшкөнүнүн өзү эң эле трагедиялуу жыйынтыкка алып келбей коймок эмес. Демонстрацияга чыккандар Өкмөт Үйүн карай ата башташканда, бир ок ал тургай мен олтурган кабинеттин терезесин талкалап кирип, дубалга тийди. Бирок, ушундай кырдаалда да мен андай эч мааниси жок жоготууларга жол бербөө үчүн колумдан келгендин баарын жасадым. Ошол кезде борбордук аянтта эмне болуп жатканын түшүнгөндөр аз эле болду, дагы бир кыйла убакыт өткөндөн кийин гана кандуу төңкөрүштүн картинасы ачылып, кырдаал аздыр-көптүр түшүнүктүү боло баштады.

 

Мен дайыма ошол күндөр тууралуу жүрөгүм ооруганга чейин эстеп жүрдүм, бирок, мен өлкөдөгү өз бийлигимден ажыраганымдан улам эмес, шаардын ортосундагы дал ошол киши өлтүрүүлөрдү токтото албай калганым үчүн, Кудай өзү буга күбө болуп турат, бул мыкаачылыкты мен жана менин командам уюштурган эмес. Өлкө президенти өлкөдө болуп жаткан бардык нерселер үчүн жооп бериши керек. Ошол мкүнү шаарда жүзгө жакын жаш жигиттер курман болушту, миңге жакын адамдар ок атуулардан жаракаттарды алышты. Мен өз командам мындай кагылышууну жасоо үчүн эч нерсе кылбаганын билип турсам да, мамлекет башчысы катары ошол трагедиялуу күнү болгон бардык нерселер үчүн өз жоопкерчилигимди сезип турамын.

 

Мен бул жерде Бишкекте 7-апрельде ар кандай себептерден улам курман болгондор тууралуу бир аз сөз кыла кетким келет. Азыркы бийлик ошол жаштардын курман болгону үчүн ошол күнү Өкмөт Үйүндө олтурган өлкөнүн президенти катары мени айыптоого аракет кылып көрдү. Бирок, тарых эртедир-кечтир баары бир бул биздин тарыхтагы трагедиялуу эпизод боюнча чекит коюп, ошол тышкыбы, же ичкиби кара күчтөрдү жамынган саясатчы сөрөйлөрдү жана кылмышкерлерди ачыкка алып чыгат деп ишенемин. Алар, бийликти коргогон укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен демонстранттарды чагыштырып, ортосунда от койгон соң, Кыргызстанда криминалдык төңкөрүштү уюштурушкан өздөрүнүн колдоочулары тарабынан зомбиленген топтун таасири астында калган элди ошол тири укмуштай коркунучтуу кырдаалга алып келип, таштап салышпадыбы. Мен ошол күнү Бишкектин чок ортосунда митингге чыккандардын баары эле жашоодон өз ордун таппай калышкан бактысыз маргиналдар, криминалитеттин өкүлдөрү, эс-учтарын билбей калышканча чегип, ичип алышкан наркомандар, ичкич бандиттер болушкан деген ойдон өтө алысмын. Мамлекет башчысы катары, өлкөдөгү бийликти алмаштыруу боюнча атайын операция кандай сценарийлер боюнча өткөрүлөрү тууралуу менде жетишерлик толук маалыматтар бар эле. Инспираторлор – чагымчыл күчтөр катары элдин арасына профессионалдар ташталат, жаштардын белгилүү бир бөлүгүн зомбилештирүү болот, атайын психотроптук каражаттар адам организмине жана аң-сезимине оңолгус болгудай терс таасир этет. Мындай операциялар эреже катары адамдардын көптөгөн курмандыктарына алып келет, муну биз ошол күнү Бишкектин ортосунда каран түн түшүргөн күнү көрдүк.

 

Чынын айтканда, оппозиция лидерлери эптеп бийликке жетиш үчүн ушундай кадамдарга барышат деген ой мага үч уктасам түшүмө да кирчү эмес. Эми ошол трагедиядан бери ушунча жыл өткөн соң, алардын өз максаттарына жетүү үчүн бул жолго барып, кылмыштуу ыкманы алдын ала пландап, тандап алып, массалык курмандыктарды билип туруп жасашканы ачык эле билинип калды. Апрель окуясынан кийин дароо эле, абдан көп адамдар курман болушуп, жаракат алышканына карабастан, Убактылуу өкмөттүн лидерлери ошол эле мыйзамсыз жана кылмыштуу ыкмаларды, шантаж, дезинформация, коомдун аң-сезимине көз боемочулук кылып, криминалдык авторитеттерди жана лидерлерди колдонуу жолу менен түштүк регионунун калкын даярдоого киришишти. Эгерде апрель окуясында регионализмге таянышса, же жөнөкөйлөтүп айтканда, Бакиевди эптеп кызматтан кетирүү үчүн баарына барууга даяр турушса, кийинки Ошто жана Жалал-Абадда болгон этникалар аралык массалык кагылышуулардын алдында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү атайылап кыргыздар менен өзбектердин ортосунда от чыгарууга аракет кылышып, өзбек криминалитети менен билип туруп жакындашууга барып, аларды кылмыштуу аракеттерге барууга түртүшүп, өз ара бирин-бири колдоо тууралуу макулдашышты.

 

7-апрель окуялары боюнча сот азыркы күнгө чейин соңуна чыга элек, жана да бул бийлик турган кезде акыйкат жана мыйзамдуу чечим кабыл алынарына ишенүү кыйын. Ал эми андай чечим курман болгондордун туугандарына жана айыпталып жаткандарга жана да өлкөнүн бардык жарандарына керек, себеби, бул абдан маанилүү. Журналист Ырысбек Өмүрзаков, 2010-жылдагы окуя боюнча өз иликтөөсүн жүргүзүп, олуттуу китепти даярдаган, анда апрель окуясынын, өлкөнүн түштүгүндөгү этникалар аралык кагылышуунун сыры ачылган. «Седьмое апреля и кровавые июньские события 2010 года» деп аталган китепте окуянын ар бир мүнөтүнө чейин чагылдырган материалдар, документтер, фотосүрөттөр, эксперттердин жыйынтыктары окурманга сунуш кылынган. Соттук медэкспертизанын жана баллистикалык экспертизанын маалыматтары дыкаттык менен тандалып алынган.

 

7-апрельде “Ак Үйдө” Кыргызстандын бардык укук коргоо органдарынын өтө көп сандагы аскерлери жүрүшкөн: ИИМ, коргонуу министрлиги, УКМК, Мамкүзөт кызматы. Ар бир курал сөзсүз түрдө баллистикалык экспертизадан өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгы соттун эс-учун жыйдырып, тергөөгө жаңы суроолорду берүүгө мажбур кылышы керек болчу. Эгерде ошол “апрель революциясынын баатырлары” деген атка конушкан, курман болушкандардын ичинен бирөө дагы ак үйдү коргошкон аскер кызматчыларынын куралынан өлбөсө, анда аларды кимдер аткан жана революционерлердин өлүмүнө кимдер күнөөлүү, андай болсо ошол кезде бардык күч түзүмдөрүнүн Убактылуу өкмөттөгү куратору болгон Азимбек Бекназаров айткан колго түшкөн ондогон снайперлер кайда кетишкен? “Кара снайперлер” деп “революционер-укук коргочу” Токтайым Үмөталиева айткандар кайда? Снайперлердин кармалгандыгы жөнүндө убактылуу өкмөт башчысы Атамбаев айткан снайперлер кайда? Элдер аянтта кандай куралдардан жана кимдер тарабынан өлтүрүлдү? Бул суроолорго дал ушул суроолор сыяктуу эле түз жана так жооптор берилиши керек, муну мүмкүн болушунча, ошол окуя жөнүндөгү чындык жыл өткөн сайын жаңы жана фантастикалуу майда-чүйдө фактылар менен толукталып, мифологемага айланып кете элек кезинде, тезирээк ишке ашыруу зарыл. Албетте, мен бул болгон окуя үчүн моралдык жактан жоопкерчиликтүүмүн, бирок, мен өз элиме каршы ок атууга буйрук берген эмесмин. Өз бийлигимди кыргыздардын жашоосун кыюу жолу менен сактап калуу жөнүндө буйрук берген эмесмин. Бир эле мен үчүн гана эмес, бүткүл кыргыз элине эптеп кимдир бирөөгө жалаа жабуу эмес, чындык, акыйкаттык керек экенине ишенемин.

2010-жылдын июнь айындагы трагедиялуу окуя азыркы Кыргызстандын тарыхында “бүлүнткүчтөрдүн” колу менен жазылып калган эң коркунучтуу барак болуп калды. Келечекте мындай окуяларды болтурбай коюу үчүн толук аракеттер көрүлгөн жок. Июнь айындагы окуяларды иликтөө бир нече комиссиялар тарабынан бир жактуу жүргүзүлүп, өзбек коомчулугунун лидерлерине байланыштуу ойдон чыгарылган айыптоолор айтылды, ошол отчеттордо убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү тынчтык көгүчкөндөрүндөй көрүнүшөт. Ал эми эл аралык көз карандысыз комиссиянын отчету, ал Кыргызстандын өкмөтү тарабынан чакырылып, колдоого алынса да, негативдүү реакцияны пайда кылды, өлкөнүн парламенти аны мыйзамсыз жана объективдүү эмес, улуттар аралык бөлүнүп-жарылуучулукту жаратат деп тааныды. Оорулуу баштан соо башка ооруну оодара коюу, фактыларды өздөрү каалагандай бурмалоо – Атамбаевдин жана анын жакын жан-жөкөрлөрүнүн уят-сыйытсыз сапаты болуп эсептелет.

 

Мен “Манас” аэропортундагы АКШ базасы жөнүндө көп ойго батамын. Көптөрү менин бийликтен кетирилишимди, менин Россия жетекчилигине мурда берген экен деп айтылган кайсыл-бир убадамды бузуп койгонума байланыштырышат.

Мен жогоруда айтып өткөндөй, Акаевдин тушунда база Кыргызстанга жылына 2 млн доллар төлөчү. Бийликке келген соң, биз бир катар жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк да, америкалыктардын аренда үчүн гана, Кыргызстанга бул түзүм иштеп жатканына байланыштуу башка кошумча түшкөн кирешелерди эсепке албаганда, жылына 60 млн доллар төлөөсүнө жетиштик. Албетте, “Манас” аэропортунун аймагында АКШнын базасы, ал эми Кантта россиялык аскердик база турганы жөнүндө суроо ар кандай өңүттө апыртылып айтылып жүрдү. Моюнга алуу керек, Россия жетекчилиги тараптан нааразычылыктар болуп келген: көп чоң кызматтагы адамдар ишарат кылуу аркылуу, кээде ачык эле бул америкалык базаны чыгаруу керек, анын бул жерде турушу Кыргызстандын стратегиялык кызыкчылыктарына туура келбейт деген сыяктуу сөздөрдү айтышчу. Биз бул темада Дмитрий Анатольевич Медведев жана Владимир Владимирович Путин менен бир нече жолу сүйлөшкөнбүз. Акыры аягында, бул базаны чыгаруу зарылдыгы тууралуу чечим кабыл алынды.

 

Өкмөт аны чыгаруу жөнүндө токтом кабыл алды. Бирок, биз муну жасагандан кийин бир-эки күн өтпөй эле, Россиянын тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү өз аймагын АКШнын жүк ташуусу үчүн берүүгө даяр экендиктерин айтып чыгышты. Эсимде, мен буга аябай ачуум келген, телефондон Д.А Медведевге: «Силер эмне кылып жатасыңар деги? Мен базаны чыгарып жатсам, силер болсо транзиттик жүк ташуу үчүн өз аймагыңарды берип жатасыңар» дедим. Ал мага: «Жок, биз аймакты берген жокпуз, биз эл аралык терроризмге каршы күрөшүүдө колдоо көрсөтүп, аба мейкиндигин гана беребиз» деп жооп берди. Анда мен: «Демек, силер Афганистандагы террористтер менен күрөшүүгө жардам берет экенсиңер, ал эми Кыргызстан буга каршы экен да?» дедим. Бизге карата россиялык өнөктөштөрүбүз ушинтип анча сылык эмес мамиле жасап коюшту. Ошондо дагы бир суроо пайда болду: эми бул маселени эч кимди таарынтып албас үчүн, кантип чечүү керек?

 

Америкалыктар да базанын макамын өзгөртүү боюнча варианттарын сунуш кыла башташты, биз алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Ошонун натыйжасында, биз андагы мурда дипломатиялык макамга ээ болушкан аскерлердин макамын өзгөрттүк. Натыйжада алар шаарга куралчан чыга албай калышты, аскердик базанын өзүнүн макамын да өзгөрттүк – ал транзиттик жүк ташуучу Борбор болуп өзгөрдү. Кыскасы, биз америкалыктар менен сүйлөшүүгө жетишип, эми аскердик базаны эмес, Россия жана башка коңшулар сунуш кылышкан эле шарттарда ТЖБны өзүбүздө калтырдык. Кыскасы, база маселеси чечилип калды.

Эсимде, Россия берген кредит жөнүндө, мен жана менин үй-бүлөм аны жеке пайда көрүү максатында пайдаланышкан деген сыяктуу абдан көп сөздөр болгон – мунун баары, албетте, былжырак кеп болчу! Минскиге келгенден кийин мен пресс-конференция өткөрүп, журналисттерге сөз жүзүндө гана эмес, документалдуу түрдө да тактап бергенмин: 2010-жылдын 6-апрелинде россиялык артыкчылык берүүчү 300 млн АКШ доллар кредитинин ичинен 286 млн кредити Кыргызстанда бар болчу. Анын бир сому же бир доллары да уурдалган эмес. Убактылуу өкмөт деп аталган нерсе бул акчаны кантип пайдаланганы жөнүндө, банктарды кантип карактаганы жөнүндө, ишканаларды жана квартираларды кантип тартып алышканы жөнүндө жооп бериши керек.

 

Ал эми кредит суммасына келсек, пресс-конференция учурунда КР Өнүгүү Фондунун башкармалыгынын төрагасы Игорь Чудинов 300 млн. АКШ доллардык өлчөмдөгү кредитти пайдалануу жөнүндө отчет берген. Анын айтканына караганда, бул акча төмөнкүдөй жол менен бөлүнгөн (салынганына жараша алынган кирешелерди кошо эсепке алганда):

 

$100 млн кредит улуттук долбоор «Камбар-Ата 2»;

$17 млн Кыргызстандын коммерциялык банктарынын депозиттеринде болгон;

1,130 млрд сом дагы коммерциялык банктардын депозиттеринде болгон;

$171 млн 590 миң КР Улуттук банкынын, "АзияУниверсалБанкта" жана "KICB" эсебинде турган.

1 млрд 83 млн сом дагы КР Улуттук банктын жана "АзияУниверсалБанктын" эсебинде болгон.

Өнүгүү Фондунун республикадан сырткары аймакта эч кандай каражаты болгон эмес. РФ еврооблигацияларга салган каражаттар фонддун эсебинде турат.

Өнүгүү Фондуна Кыргызстандын өкмөтүнүн чечими менен россиялык 300 млн. АКШ доллары кредитинен 286,3 миллион АКШ долларын приоритеттүү республикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн бөлүнүп берилген. Кредиттик макулдашуунун шарттары боюнча, калган 13,6 миллион доллар Россиянын Внешэкономбанкында кыргыз тараптын негизги карызын жабуудагы биринчи төлөмдүн кепилдиги катары депонентке салынгандыгын, ал карызды төлөө мөөнөтүнүн башталышы 2016-жылга туш келгенин айтып коюу керек.

 

ЦАРИИнин түзүлгөндүгү жөнүндө жана биз эмне үчүн бул кадамга баргандыгыбыз жөнүндө дагы азыноолак айып коюу керек. Бул пункт да кычууга тийген факторлордун бири болуп, аны Бишкектеги массалык митинг учурунда оппозиция лидерлери жасалма түрдө көбүртүп-жабыртып жиберишти. Инвесторлор бир министрликтен экинчи министрликке, алардан чыгып алып дагы бир үчүнчүлөрүнө карай убакыт коротуп кыдырып жүрүшпөсү үчүн, Кыргызстанда түз инвестицияларды тартуу боюнча бирдиктүү орган керек болчу, чиновниктер аларга тоскоолдук кыла албай калышмак, тааныш-билиштик, өз ара жакын мамилелер, коррупцияны жараткан жагдай үчүн түзүлчү шарттар жоюлмак.

 

Дагы бир жолу 7-апрельдеги трагедиялуу окуяларга кайрылып, айтып койгум келет, - эгерде мен өз элим жөнүндө ойлонбосом, бийлигимди сактап кала алмакмын. Түштүктө олтура бермекмин, менин тегерегиме ансыз деле көп сандагы элдер чогулуп калышкан эле, алар мен үчүн катуу турушуп: «Биз сизди бербейбиз, сатпайбыз, сизди коргойбуз» деп айтып жатышкан. Бул абдан олуттуу конфликтке алып келиши мүмкүн эле. Ошол кезде мен Владимир Владимирович Путин менен телефондон сүйлөштүм. Ал мага ачык эле мындай деди: «Курманбек Салиевич, Өкмөт Үйүнүн жанында болгон окуя үчүн сизди эч ким айыптабайт, ал эми эгерде “Түндүк-Түштүк” регионалдык конфликти чыгып кете турган болсо, баарын сизге үйүп коюшат. Мен сизге өлкөдөн чыгып кетүүнү сунуш кыламын». Ал мага сөзмө-сөз дал ушундай деди. Мен ойго батып калдым. Чынында эле, эгерде мен андан ары да түштүктө кала берсем, ал жакта элементардык бир провокацияны уюштуруп кое алышмак, ал кезде мени көп миңдеген аскер топтоп алып, Бишкекке жүрүш баштайт экен деп сөз чыгара башташкан. Ар кандай ушак-айыңдар айтылып жатты. Эң эле жөнөкөйү, алар мындай кыла алышмак: менин атымдан жасалып жатат деп турушуп, Бишкекке 10-15 куралдуу адамдарды жөнөтүшүп, ал жакта ок атышуу болуп, отуз-кырк адам өлтүрүлмөк, а андан соң: бизди Бакиев өзү жөнөткөн деп айтып чыгышмак. Бул сценарийди ар бир каалаган адам жасай алмак. Путин менен болгон ушул сүйлөшүүдөн кийин гана мен эки кичинекей балам жана аялым менен кошо өлкөнү таштап чыгып кетүүнү чечтим.

 

Александр Григорьевич Лукашенкого ырахмат, ал мени ошол оор кырдаалда жана кыйын мезгилде мен үчүн, жалпы эле менин өлкөм үчүн, менин үй-бүлөм жана жакындарым үчүн достук жардам берген колун созду. Менин балдарым бул жерде окуй алышы үчүн мага үй-жай, шарт түзүп берди. Беларустун президенти менен жанаша жашап, көп сүйлөшкөн соң, мен аны мурдагыдан да жакшы билип калдым, бир гана күчтүү жетекчи жана мамлекеттик ишмер катары эмес, инсан, көкүрөгү эң эле таза адам катары да. Анын улуу муундагы адамдар жөнүндө кам көргөнү, менин кичинекей балдарым орусча жана белорусча ырларды окушканда, алардын ийгиликтерине ак дилден кубанганы эле анын мүнөзүн айкын көрсөтүп турат.

 

Эч кандай бийлик ал үчүн адамдардын канын төгүүгө арзыбайт. Мен өзүмдү оппозиция лидерлери бийликтен мыйзамсыз алып түшүшкөнүн билемин, алар өз максаттарына жетүү үчүн Кыргызстандын көп жарандарынын канын төгүүгө барыштан да кайтышкан жок. Албетте, менде да ишимде жаңылыштык кетирген учурлар болду, ошентсе да, беш жылдын ичинде мен жана менин командам мурунку жылдардагы негативдүү тенденцияларды жокко чыгарып, Кыргызстандын көз карандысыздыгын олуттуу түрдө бекемдей алдык, келечектеги дүркүрөп өсүү үчүн пайдубал түптөп койдук. Бирок, убактылуучулардын атынан айтылган сөздөрдүн ичинен баарынан дагы мага оор тийгени, 2010-жылдын 7-апрелинде борбордук аянтта кан төгүлгөндүгү үчүн мени айыпташкандары болуп эсептелет.

Ушуга байланыштуу, мен дагы бир жолу биздин соңку жаңы тарыхыбызда болгон айрым фактылар менен салыштырууларды келтирип кетким келет. Эсиңиздерде болсо керек, 1990-жылы Абсамат Масалиевди кызматынан мыйзамсыз жол менен кетирүү үчүн оппозиция жана көчө адамдары аны бардык ал жасабаган күнөөлөр үчүн айыптап чыгышкан. Аны трайбалист деп аташкан, ал эч качан андай адам болбосо да, аны Кыргызстандын түштүгүндө улуттар аралык конфликтти от алдырган деп айыпташкан, а бул толугу менен тантырагандык болчу. Менин дарегиме айтылган айыптоо сыяктуу эле абсурд, 2010-жылы жайында өлкөнүн түштүгүндө болгон кагылышууда менин атамдын үйү, жана туугандарымдын үйлөрү биринчи болуп жабыркаса да, ал өрттү мен чыгарган имишмин. Деги мени эмне деп гана айыпташкан жок! Эми болсо Масалиевдин эч кандай күнөөсү жок экендигин, ал абдан абийирдүү саясатчы болгондугун, аны эптеп бийликке жетүү үчүн баарына барууга даяр турушкан трайбалисттер жана интриган саясатчылар жаманатты кылышканын баары билишет. Менин өз элимдин алдында абийирим таза, эгерде мен күнөөлүү болсом, анда бир гана нерсе үчүн – убактылуулардын бийликке жетүүсүнө мүмкүндүк бергеним үчүн гана күнөөлүүмүн. Себеби, менде аларды жоопкерчиликке тартуу үчүн көп ыкмалар бар болчу, айрыкча мен башкарып турган алгачкы эки-үч жыл ичинде өлкөдө митинг, пикеттер басылбай, провокациялар жана бийликке төңкөрүш жасоо аракеттери болуп турган кезде. Бирок, мен дайыма жашоону урматтап, эптеп өз бийлигимди сактап калуу үчүн жок дегенде бир кишини да курмандыкка чалууга барган киши эмесмин. Менин Кыргызстандын азыркы жетекчилери менен болгон айрымам дал ушунда турат.

 


Дата добавления: 2015-11-15; просмотров: 134 | Нарушение авторских прав


<== предыдущая страница | следующая страница ==>
Жылдардагы Конституциялык реформалар| жылдын июнундагы трагедиялуу күндөр

mybiblioteka.su - 2015-2024 год. (0.016 сек.)