Студопедия
Случайная страница | ТОМ-1 | ТОМ-2 | ТОМ-3
АрхитектураБиологияГеографияДругоеИностранные языки
ИнформатикаИсторияКультураЛитератураМатематика
МедицинаМеханикаОбразованиеОхрана трудаПедагогика
ПолитикаПравоПрограммированиеПсихологияРелигия
СоциологияСпортСтроительствоФизикаФилософия
ФинансыХимияЭкологияЭкономикаЭлектроника

Энергетикадагы реформалар

СӨЗ БАШЫ | Куштун баары шумкар болбойт | Аксы күйүтү дале жүрөк өйүтөт | МСН» газетасы, 2005-жылдын 11- марты. | Http://mbrtwrw.turmush.kg/ru/news:5527 | Кыргызстандын экономикасы жөнүндө азыноолак сөз | Жалпы кыйроонун мезгили | Жылдардагы Конституциялык реформалар | Бишкекте 7-апрельде | жылдын июнундагы трагедиялуу күндөр |


Читайте также:
  1. Басындағы Қазақ хандығы.Тәуке ханның реформалары.
  2. Жылдардагы Конституциялык реформалар
  3. Ресей империясының 1867-1868 жж. Қазақстандағы реформалары және олардың нәтижелері.

 

Энергетика тармагындагы реформалар – энергетикалык компаниялар, бул тармакта иштешкен адистер үчүн, өкмөт үчүн, а эң акыр аягында, анын эң башкы керектөөчүсү болгон жалпы эл үчүн өтө оор жүк болуп эсептелет. Бирок, бул реформаларды, аларды жасоо канчалык түйшүктүү жана оор болбосун, баары бир баштап, аягына чейин чыгаруу керек! Дал ошондуктан улам, мен өз учурунда эч кандай олку-солку болбой туруп, мындай кадамды жасаганмын. Электроэнергиянын өзүнө турган наркы, мага өкмөт билдиргендей, салыктык төлөмдөрдү эске албаганда, 1 киловатт/саатына 1 сом 24 тыйын турчу. Ошол эле учурда, өлкөдө аны менен бир эле убакта баарын тең салык төлөөгө милдеттендирүү багытында, бирдиктүү калыпка келтирилип, салык системасы дагы реформаланып жаткан. Салыктардагы айрымачылыктардан улам, бир системадан экинчи системага акча которуу мүмкүнчүлүгүнө такыр тыюу салынды. Берилип жаткан электроэнергияга 1 киловатт-саатына 1.5 сомго барабар болгон нарк коюлган. Ошол эле учурда, калктын аз камсыз болгон жана социалдык жактан колдоого муктаж болгон катмарларына бул системада артыкчылыктар каралып, пенсионерлерге ай сайын атайын кошумча төлөмдөр орточо эсеп менен 200 сом өлчөмүндө төлөнүп турду. Айлыктары 5 миң сомдон аз болгон бюджет тармагынын кызматкерлери да ошол сыяктуу эле компенсация алып турушкан. Бюджеттен бөлүнгөн компенсациялардын жалпы суммасы 5 миллиард сомдон ашык деңгээлге жеткен. Ошонун натыйжасында, өлкөнүн энергетикасы иштеп чыгарылган электр энергиясынын өзүнө турган наркын гана жаап тим болбостон, бул баага кошумча дагы 10-15% дык энергетика тармагынын кирешеси киргизиле баштап, ал каражаттарды бул системаны өнүктүрүүгө шарт түзүлдү, инфраструктураны техникалык жактан реконструкциялоого кошумча каражаттарды тартууга, мурда пландашылган жаңы долбоорлорду иштеп чыгууга жана баштоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

 

Оппозиция техникалык жактан мунун ийне-жибине чейин түшүнбөй туруп, тарифтердин жогорулашын өзү үчүн оңтойлуу учур катары өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып, чуу көтөрүп чыгып, Токтогул суу сактагычынан суу уурдалып, сатылып жаткандыгы тууралуу ондогон уламыштарды ойлоп чыгарып жиберди. Айрыкча, иштелип чыгып жаткан электр энергиясынын өзүнө турган наркы киловатт-саатына 8 гана тыйын турат экен деген мифтин таркатылышы биздин оппоненттерибизге оңтойлуу болду. Мындай фантастикалуу арзан наркка жер жүзүндөгү бир дагы өлкө алиге чейин жете элек. Арийне, бул цифра карапайым адамдарга магиялык сыйкырдуу таасир бергенсиди. Алар буга ишенгиси келип, ишене да башташты, эң эле жөнөкөй арифметикалык эсептерди да эстерине алышкан жок. Мунун баары эмнеге алып келгендиги белгилүү. Мамлекеттик төңкөрүштү жасап, аны уюштурууга, оппозиция лидерлеринин айтуусу боюнча, электр энергиясына коюлган баанын акыйкатсыздыгы негизги себеп болгон. Эң эле маанилүү айыптоо - Бакиев электр энергиясына болгон төлөмдү эки эсеге көбөйтүп жиберди, анан дагы калкка тезек терүүгө сунуш берди деп айтылды. Мен бүгүн деле ошол сөздөрүмдөн баш тарта албаймын. Чарбакер айылдык кожоюн отун, көмүрдү камдоо менен бирге, тезекти да топтошу керек, бул дайыма эле болуп келген, анын ичинде советтик доор учурунда деле. Анан дагы, албетте, энергиянын башка булактары жана аны үнөмдөө жөнүндө, жана да өз турак-айын жылуу кармоо үчүн аларды кантип аралаштырып пайдалануу жөнүндө дагы ойлонушу керек. Бул Бакиевдин кесирленүүсү эмес, дүйнөлүк финансылык кризис доорунда абдан кымбаттап бара жаткан реалдуу жашоонун талабы, бардык өлкөлөрдүн калкынан жылуулукка, сууга жана электроэнергияга кетүүчү чыгымдарды азайтуу катуу талап кылынып жатат. Чыныгы реалдуулук улам өсүп бара жаткан муктаждыктар үчүн энергиянын ар түрдүү булактарын, анын ичинде шамал аркылуу иштетиле турган электр кыймылдаткычтарын жана күндүн нурунан кубат алуучу батареяларды пайдаланууну талап кылууда. Бардык өлкөлөр, анын ичинде өтө өнүккөндөрү да, дал ушул жол менен кетип бара жатышат. Биздин жарандардын аң-сезими, айрыкча улуу муундагылардыкы, мурдагы эле баарын даярдап, белен кылып бергенге көнүп калган да, бийликтен советтик тажрыйбага окшогон нерселердин улантышын күтө берет.

 

Жалпысынан алганда, ошол кездеги оппозиционерлердин, - азыркы бийликте тургандардын, - Кыргызстандыктарды алдоо жолу менен, бирөөнүн моюнуна минип алып, бейишке кирип алышканын калк түшүнүп калды. Эч кандай сыйкырдуу күч жардам бере алган жок, энергосистемада аудит жасашкан Дүйнөлүк банк жана башка финансылык институттар Бакиев жаңылышкан: электроэнергиянын өзүнө турган наркы 1 сом 24 тыйын эмес, 1 чом 36 тыйын болушу керек деген жыйынтык чыгарышкан. Эгерде азыр электр энергиясына болгон тарифти көтөрбөсө, анда тобокелчилик бир нече эсеге өсүп, энергетика системасын биротоло жоготуп алуу коркунучу жаралат же ал тек гана кыйрап түшөт. Жаңы кубаттуулуктар киргизилбей жатат, ал эми трансформаторлор, генераторлор, жогорку вольттогу жана төмөнкү вольттогу түйүндөр эбак эле эскирип бүтүшкөн жана жаңылоого муктаж. Чубалгылардын, зымкарагайлардын, өчүргүчтөрдүн, бөлүштүргүчтөрдүн бүт запасы пайдаланылып бүтүп, толукталбай калган. Электртүйүндөрүн иштетүүчү жана оңдоочу системанын алдындагы ишканалар абдан жаман абалда калышкан, алар да толугу менен модернизациялоого муктаж. Ачыгын айтканда, Кыргызстандын энергосистемасынын жабдыктары 25-30 жылдык техникалык эксплуатацияга эсептелген болсо, иш жүзүндө андан эки эсе узак убакыт бою иштеп келе жаткандыктан, олуттуу проблемалардын кучагынан чыга албай, абдан оор абалда калган.

 

Россиянын Саяно-Шушенская ГЭСиндеги авария учурунда, бул дүйнөдөгү эң ири гидроэлектростанцияда техногендик катастрофа болгондугу, Кыргызстандыктарды ойго салышы керек, - кыргыз энергосистемасында ушундай бир нерсе болушу мүмкүнбү? Жооп жайында болбойт: жип кайсыл жерде ичке болсо, дал ошол жерден үзүлөт эмеспи, ошондуктан, андай нерсе болушун жокко чыгарууга болбойт. Электр түйүндөрүн жалпы модернизациялоого, эскирген жабдыктарды алмаштырууга каражат бөлүнбөсө, энергетикалык система толугу менен жаңыланбаса, жеңил ойлуулук менен, баары өзүнөн өзү жүрө берет деп үмүт кылуунун кереги жок. Эгерде ушундай нерсе биздин өлкөдө болсо, - Кудай анын бетин ары кылсын, - анда биз эмне кыла алабыз? Кыргызстан – Россия эмес, ал ушундай оор катастрофаны да көтөрүп кетти. Эгерде биздеги Нарын дарыясында курулган ГЭСтердин биринде ушундай бир нерсе боло турган болсо, - бул жалпы өлкөгө таасир эткен коллапс болот. Кыргызстанда ушундай сценарийди болтурбоо жана трагедиялуу окуяны алдын алуу үчүн - башкача айтканда, гидроэлектростанцияларды реконструкциялоо жана электр менен камсыз кылуунун резервдик системасын түзүү, ички энергетикалык шакекче инфраструктурасын ырааттуулук менен куруу үчүн масштабдуу инвестицияларды талап кылган реформалар зарыл болчу. Мен Кыргыз Республикасынын президенти кезимде өкмөт дал ушул маселелердин үстүндө ырааттуу иш жүргүзгөн. Белгиленген өзгөрүүлөрдүн ийгилиги биринчи иретте электр энергиясына болгон ынанымдуу тарифтер менен өлчөнмөк.

Кечээки оппозиционерлер – азыркы жетекчилер, алар жасап жатышкан иштерине караганда, мамлекеттик төңкөрүштөн кийин алар өздөрү электр энергиясына тарифтер боюнча беришкен салтанаттуу убадалары жөнүндө такыр унутуп калышса керек. Бул канчалык таң каларлык болбосун, алар өздөрү дагы электр энергиясынын өзүнө турган реалдуу наркы боюнча ишене алгыс ачылыш жасашыптыр. Эсептеп көргөн соң, калкка жарык жана жылуулук берүү абдан кыйын нерсе экендигин түшүнүп, буга эптеп ишенишиптир. Анан калса, бул канчалык таң каларлык болбосун, электр менен камсыз кылуу маселелери боюнча коңшулар менен да макулдашуу керек экендигин түшүнүштү. Башкача айтканда, күтүлгөндөй эле, эми алар өздөрү иш жүзүндө энергетика, курулуш, газ менен камсыз кылуу, көмүр казып алуу жана башка дагы ушул сыяктуу жааттарда көп кырдуу маселелер комплекси менен бетме-бет келишти. Өкмөт ушундай узак жана кыйын ойго батуудан соң кандай чечим кабыл алган? Мынакей, катардагы керектөөчүнүн электр энергиясына болгон төлөмдөрү үчүн квитанциясынан алынган маалыматтар: 2015-жылдын май айында калк үчүн айына 700 киловатына 70 тыйын болсо, мындан ашкан көлөмгө киловатына 1 сом 82 тыйын төлөө каралган. Мурдагы премьер-министр Ж.Оторбаев 2017-жылга чейинки тарифтердин сеткасы боюнча токтомго кол койгон. Анда жыл сайын жылуулук, электр энергиясы үчүн баанын 20 пайызга көтөрүлүп турары белгиленген. Бул токтом кагаздагы эле нерсе эмес, иш жүзүндө аткарыла турган нерсе. Азыркы бийликтегилер биздин министрлер кабинети сунуш кылган чынчыл цифраларды 100 пайызга да эмес, дароо эле тымызын түрдө 300 пайызга көтөрүшүүдө. Алар андан да ашып түшүшүп, электр энергиясына болгон бааны 100% га эмес, толугу менен 300% га көтөрүүнү чечишти, эми бир киловатт/саатына эгерде сен өндүрүшчү же фермер болсоң, же жөнөкөй эле бюджетчи болсоң да, 70 тыйын эмес, 2 сомдон ашык төлөөгө туура келет. Ошол эле учурда, электр энергиясын кезектете өчүрүүлөр болбой тургандыгына убада беришип, жарандарды электр энергиясын абдан үнөмдөөгө чакырып жатышат, бирок андай куру убадаларга эч ким ишенбей калган. Жылуулук берүүчү сезон маалында өлкөдө күн сайын 120га жакын электр энергиясы боюнча үзгүлтүккө учуроолор орун алууда, аларды ремонт иштерине байланыштуу болуп жатат деп ишендирүүгө аракет кылышууда.

 

2010-жылдагы төңкөрүштүн баасы өтө эле кымбатка түштү. Анан дагы бул бааны Атамбаев жана анын жан-жөкөрлөрү эмес, аянтта эч күнөөсүз курман болушкан жаш жигиттер өз каны, өз өмүрлөрү менен төлөп беришти. Беш жарым миллион Кыргызстандыктар ал төңкөрүш үчүн болгон бааны күн сайын өз чөнтөктөрүнөн төлөп келе жатышат – кымбаттап кеткен нан, эт, ун жана башка негизги тамак-аш үчүн, кийим, кызмат көрсөтүү үчүн, анын ичинде электр энергиясы жана башка көп нерселер үчүн. Бир гана Атамбаевдин жана анын командасынын жашоосу жакшырды. Азыр аларда баары бар, анан ошол бардык нерселер үчүн ар бир орточо статистикадагы Кыргызстандык өз чөнтөгүнөн төлөп жатат, анын ичинде сүт азыктарын жана памперстерди пайдаланышкан эмчектеги бөбөктөр да.

Кыргызстан соңку беш жыл ичинде энергетикада техногендик катастрофа деп аталган түпсүз жарга өтө жакындап келип калды, эгерде кардиналдык өзгөрүүлөр жасалбаса, анда бул катастрофага сөзсүз учурайт. Бирок, дагы бир жолу кайталап коеюн, ал реформалар абдан татаал жана оор болот. Аларга бир гана өкмөт эмес, коомчулук да толугу менен даяр болушу керек.

Тазалоочу курулуштар жөнүндө

 

Инфраструктуранын эң эле бекем системасы канализация системасы болуп калды, ал мына жарым кылымдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жатат. Бишкектин– мурунку Фрунзенин, - тазалоочу курулуштары 500 миңдик калкы бар, бир миллионго чейин өсүп жете турган шаарга эсептелип долбоорлонгон. Шаар куруу планында алдын ала каралбаган көп кабаттуу үйлөрдүн жана офистик имараттардын саны Бишкекте абдан тездик менен өсүп жаткандыктан, бул жагдай энерго- жана суу менен камсыз кылуу жана да тазалоочу курулуштар системасында олуттуу бузулууга жана авариялык кырдаалдардын жаралышына алып келиши мүмкүн.

Эгерде канализация системасы иштен чыгып калса эмне болот? Бул канчага турат жана эмне болот? Бул абдан кымбатка түшөт, жалпы өлкө боюнча эскирген канализация түтүктөрүн реконструкциялап, жаңыларын куруу үчүн миллиарддаган доллар каражат талап кылынат. Бул системаны тартипке келтирүү үчүн көп убакыт жана күч талап кылынат. Анан дагы, эң эле коркунучтуусу, бизде бири бирибиз менен кандай кылуу туура болот, кандай туура эмес деп талашып-тартышууга да мүмкүнчүлүк калбай калат, биз тек гана өзүбүздүн булганыч таштандыларыбызга чөгүп кетүү тобокелчилигине чейин жетебиз.

Азыркы кезде Көк-Жаңгак, Кадамжай, Кажы-Сай, Кызыл-Кыя, Токмок, Чолпон-Ата сыяктуу чакан шаарчалрдын дээрлик бардык канализациялык системалары иштен чыгып калган. Алар өз ресурстарын иштетип бүтүшкөн, ал эми аларга түшкөн жүктүн салмагы оордогондон оордоп жатат. Бул жагдайдагы маселени кийинкиге калтыруу өлүмгө тете. Соңку 5 жылда бул тармакта такыр эч нерсе жасалган эмес, бир сантиметрге дагы алга жылуу болгон эмес, өкмөт эч иш жасабай олтуруп алды. Мындай маселелер жана татаал суроолор такыр жок сыяктуу түр көрсөтүп, аларга көзүн жумуп коюп олтуруп алды.

 

Өкмөттүн, президент баш болгон мамлекеттик органдардын ишинин бул тарабы жөнүндө сөз кылып жатып, мен өзүм мыйзамсыз жол менен бийликтен кулатылгандан кийин бийликке келишкен адамдар мамлекетти башкаруу деген эмне экенин такыр эле түшүнүшпөй, алардын алдында кандай милдеттер жана маселелер тургандыгын жана аларды чечүүнүн кандай жолдору бар экендигин такыр билишпей тургандыгын дагы бир жолу кайталап койгум келет. Мен бул китебимде өкмөткө эч кандай сунуштарды бергим келбейт. Мен өз максатымды өзүмдүн мекендештеримдин жүрөктөрүндө кабыл алынып жаткан тагдыр чечүүчү чечимдер үчүн болгон жоопкерчиликти ойготуудан, ошону менен бирге тандап алуудагы жоопкерчиликтен көрүп турамын. Бизди биз өзүбүз тандап алган адамдар башкарышат. Же, тандап албай эле, тек гана алардын шайлоо учурунда бурмалоолор жолу менен келип калышканына кол шилтеп, кайдыгер болуп койгондор башкарышат. Алар эски жана жаңы чакырыктарга татыктуу жооп берип, мезгил биздин алдыбызга коюп жаткан милдеттерди чече алышабы? Бул суроолорго жакынкы арада эле жооптор айтылат, ал учур жакындап калды.

Бактыга жараша, менин көптөгөн мекендештерим дүйнөнүн чартарабын кыдырып, башка өлкөлөрдө жашоого мүмкүнчүлүктөрү бар болгондуктан, ал жактагы өкмөттөр тигил же бул маселелерди кантип чечип жатышканын көрүп, талдай алышат. Жолдорду, суу менен камсыз кылууну, энергетиканы жашап кете ала турган деңгээлде кармап туруу, темир жол байланыштарын өнүктүрүү, жаңы вокзалдарды жана аэропортторду куруу, уюлдук байланыштарды, интернетке кирүүнү жаңылап өркүндөтүү, цифралык телекөрсөтүүдө, электрондук өкмөттүн иштеши үчүн шарттарды түзүү сыяктуу иштердин баары азыркы таптагы заманбап өлкөнүн мамлекеттик органдарынын көңүл борборунда тура турган эң эле маанилүү иштер экендигин алардын бийликтери жакшы түшүнүшөт. Ошондуктан, бул приоритеттик комплекстүү инфраструктураны кармап туруу жана өнүктүрүү ар бир өкмөттөн абдан жогорку деңгээлдеги жоопкерчиликти жана компетенттүүлүктү талап кылган чөйрө болуп эсептелет. Кыргызстандыктардын көбү мамлекеттик органдардын өз милдеттерин аткара алышы канчалык маанилүү нерсе экендигин азыркы күндө жакшы түшүнүп калышты. Биз муну жакшы түшүнгөндүктөн, биринчи иретте өлкө үчүн стратегиялык жактан маанилүү болгон долбоорлордүн үстүндө иштегенбиз. Эми аэропорттор жана вокзалдар жөнүндө сөз болуп калган соң, "Манас" аэропортун модернизациялоо өлкөдөгү абдан маанилүү объектилердин катарына кирип, анын иши менин учурумда башталып, бүткөрүлгөндүгүн дагы эскерип коюу ашыкчалык кылбас. Азыркы бийликтин бул ишке кийлигишүүсү болсо мамлекет бул эл аралык аэропортко ээлик кылуу укугунан толугу менен ажырап калуусуна гана алып келди.

 

«Ош-Бишкек» альтернативалуу жолу жөнүндө

Акыйкаттык үчүн айтып коюу керек, КР азыркы өкмөтүндө азырынча жалгыз болсо да, бирден-бир стратегиялык маанилүү долбоору бар. Арийне, түштүк менен түндүктү байланыштыра турган альтернативалуу жолду 800 миллион АКШ долларына куруу – бул чечимдин ойлонулбай жасалгандыгын көрсөтүп турат. Мен жогоруда айтып өткөндөй, «Ош-Бишкек» негизги жолун курууга өз учурунда 650 миллион доллар кеткен. Эми ошол трассанын андан эки эсе кыска болгон бөлүгү үчүн 800 миллион доллар коротуу туура болобу? Мындай кымбат сметага долбоорлоо маалында эле мамлекеттик масштабдагы ири өлчөмдөгү демейдеги эле уурулукту да кошуп салган чыгымдар дагы кирип кеткен деп болжолдоого болот. Эгерде ошончолук эле доордун из калтырган ишин жасагылары келип жатса, анда азыркы «Ош-Бишкек» автомобилдик трассасына эле кошумча дагы эки тилкени салуу толук реалдуу жана пайдалуу болмок. Анткени, анын айланасында дээрлик бардык инфраструктура бар, жана да бул “өмүр жолунун” боюнда тоолуу региондун негизги калктуу пункттары жайгашкан эмеспи. Дал мына ошол жерде бул инфраструктураны куруп, жакшыртууга болмок. Долбоорго өтө кымбатка турган, аны салуу үчүн бир нече километр аскалуу тоо бетин тешүү керек боло турган туннель-өтмөктү киргизүүнүн ордуна, эки тарапка тең бир тараптуу гана кете турган кыймылды киргизүү кыйла пайдалуу болмок, анан калса, алыска жетүүсү кыйын болгон региондун эли эч кандай муктаж болбогон көпүрөлөрдү куруунун канчалык зарылдыгы бар эле. Бийликтегилердин профессионал эместигинен улам, алардын өз амбицияларын гана канааттандыруну каалашкан аракетинен улам, бул маанилүү долбоорду ишке ашыруунун эсебинен өз жеке жыргалчылыктарын жакшыртып алууну көздөшкөндүгүнөн улам, өлкөнүн бардык жарандары өз чөнтөктөрүнөн төлөп беришерине мен ишенип турамын. Ошол эле учурда, мен Кыргызстандын түштүгү менен түндүгүн байланыштыра турган жаңы жолдун кереги жок болчу деп, тануудан такыр эле алысмын. Албетте, бул жол өлкө үчүн керек, бирок, бул алыскы келечекте гана, өлкө экономикалык жактан бутуна туруп, өзүнүн сырткы карыздарын азайтып, же биротоло минималдык чекке жеткирген кезде жасала турган иш болчу.

Мен өзүм президент болуп турган кезде болгон жетишкендиктер бир гана менин өзүмө байланыштуу болгон деп эч качан айткан эмесмин. Такыр андай эмес. Эң башкысы менин жетишкеним – профессионалдардан куралган активдүү команданы түзө алдым, мен муну менен сыймыктанамын! Бул биздин бардык команданын ишинин жыйынтыгы болуп калды, тигил же бул маселелерди талкуулаганда анын ичинде талаш-тартыштар жаралып, ал маселелерди өтө татаал механизмдер аркылуу алып өтүп керек болсо да, соңку чечимди жетишерлик тез арада чыгарчубуз. Азыр тарых өзү тастыктап жаткандай, ал чечимдер көп жагынан алып караганда туура кабыл алыныптыр.

Ал эми «Кытай-Кыргызстан-Өзбекистан» темир жолунун иштери жөнүндө айта турган болсом, ал ишке ашырыла турган баскычтан тек гана куру сөздөр деңгээлине чейин түшүрүлгөн. Акыры келип эле, Кыргызстан абдан кымбат убактысын коротуп жатат. Биз КЭРсы менен жана да коңшулаш чектешкен өлкөлөр Өзбекистан, Тажикстан жана Казакстан менен өз ара байланышты түзө алган достук мамилелерди пайдалануу зарыл болчу. Бул негизги стратегиялык багыт биздин тышкы саясатыбыздагы ураан болуп, - карама-каршылыктарды жоюп, коңшуларыбызга карата бурулуп, алар менен болгон байланыштарда эң эле жылуу мамилелерди курууга жетишүү керек эле. Кудай өзү ушундай кылгандыктан, биз байыркы кылымдардан бери коңшуларыбыз менен жанаша жашап, кубанычыбызды да, кайгыбызды алар менен тең бөлүшүп келе жатабыз, жана да Жер, тирүүлүк бар кезинде мындай жашоо улана бермекчи.

 

Салык жана бажы төлөмдөрү тармагын тартипке келтирүү

 

Биздин экономика узак убакыт бою жарым бүлүнгөн абалда болуп келгендигин тануу кыйын. Аны атайылап кысмакка алып, анын көмүскө абалга жетүүсү үчүн аракет кылып келишкен, анткени, көмүскө экономиканы тар чөйрөдөгү адамдардын кызыкчылыктарына иштетүүгө мажбур кылуу ачык жана айкын экономикага караганда алда канча оңой. Укуктук бузууларга жана кылмыштарга барып, мамлекеттен салыктарды жашырып калышкандарды оңой эле коркутуп, аларды текшерүүчүлөргө акча төлөөгө мажбур кылуу оңой болчу. 2005-жылдагы Элдик революцияга чейинки беш жылдагы жана андан кийинки беш жылдагы негизги экономикалык көрсөткүчтөргө калыс талдоо жүргүзүү кирешелердин, биринчи иретте, бажы төлөмдөрүнүн бир нече эсеге өскөндүгү боюнча объективдүү жыйынтыктарды чыгарууга мүмкүндүк берет. Базарларда иштегендердин баары тең – а андай жол менен биздин жарандардын көпчүлүк бөлүгү өз жашоолорун камсыздап калышкан, - ар кандай криминалдык жана жарым криминалдык, “крыша” түзүмдөргө акча төлөгөнгө мажбур болуп келишкендиктен, ошонун натыйжасында өлкө бюджети астрономиялык суммадагы каражаттарды жоготуп калган.

Аталган себептерден башка дагы, кошумча негиз болгон себептер бизди экономиканы көмүскө абалдан ачыкка чыгарууну ырааттуу улантууга, калктын жигердүү бөлүгүнө натыйжалуу, ыңгайлуу жана корголгон түрдө иш алып баруу үчүн шарттарды түзүүгө түрттү. Биз өз алдыбызга коомдун ортоңку классын түзүү жана чыңдоо максатын койдук, анткени, татыктуу жашоо деңгээли үчүн жетишерлик киреше алышкан ишкерлер – иштерман адамдар ар бир мамлекеттин негизги таянычы болуп, кубаттуулуктун негизин түзүп турушат. Ортоңку классты түзмөйүнчө, экономиканы өнүктүрүү жана өлкөнү узак мезгилден берки кармап турган стагнациядан чыгарууну максат кылуу мүмкүн эмес болчу.

Арийне, баары эле абдан жөнөкөй эмес эле, анткени, Эл аралык валюталык Фонд, Бүткүл Дүйнөлүк банк жана башка донорлор сыяктуу эл аралык уюмдар жана финансылык институттар менен түзүлгөн макулдашуулардын талаптарын аткаруу боюнча, ал мамилелер бир тараптуу жана көп тараптуу форматтарда куралгандыктан улам, айрым бир маселелер жана кыйынчылыктар жаралып жатты. Демек, Кыргызстан ошол өнүгүү стратегиясынын жана ошол мурда кабыл алынган программалардын алкагында кетүүгө милдеттүү болчу. Бул болсо Кыргызстандын өз саясатын жүргүзүүдө, анын ичинде экономикалык жактан да, толугу менен көз карандысыздыгы жок экендигин билдирип турган. Мен президент катары буга макул болуп кала алмак эмесмин.

Андай институттар менен өз ара мамилелердин кульминациясы Кыргызстандын ХИПИК программасына кирүүдөн баш тарткан учуруна туш келди. Бул теманы талкуулоо биздин коомдо адистер арасында да, жөнөкөй калк арасында да канчалык катуу жана драмалуу болгондугу эсимде. Өз өлкөсүнүн көз карандысыздыгы үчүн сыймыктануу жана анын өз баркын билүү сезими өскөнүнө жараша, биздин балдарыбыздын келечегин өз алдыбызча аныктоого болгон умтулуу бир тараптан болсо, экинчи тараптан донорлордун ой жүгүртүүлөрүндөгү өзүлөрүнүкүнөн башка бирөөнүн пикирине кулак салбай, өздөрүнүн гана ойлорун туура дешкен пикирлердин айтылып жатышы кээде ашкере чыңалган маанайды жаратып жатты.

Бир жолу өкмөт мүчөлөрү улуттук банктын мүчөлөрү жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөрдө эки тараптагылар абдан катуу карама-каршылыкка туш болушуп, мындай абалдан талкууга биротоло чекит кою аркылуу гана чыгуу керек болду. Бул чекитти мага коюуга туура келди. Бүткүл Дүйнөлүк банк менен Валюталык фонддун кезектеги обзордук миссиясы аяктап жаткан, ушуга байланыштуу мен ал делегациянын урматына кечки сый тамак бердим. Кыргыз тараптан ал кечки тамакта финансы министри Марат Султанов, вице-премьер Данияр Үсөнов, улуттук банктын төрагасы Марат Алапаевдер катышышты. Мындай президент атынан кабыл алуу деңгээлине карабастан, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан эки тарап - урматтуу донорлор жана менин командамдын мүчөлөрү - эч тынчтана алышпай, талашууну улантышты. Бүткүл Дүйнөлүк Банктын өкүл айымы өз көз карашын абдан катуу коргоп, биздин Кошумча нарк салыгын жана киреше салыгын төмөндөтүүгө акыбыз жок (баса белгилеп коеюн: акыбыз жок деди!) экендигин белгиледи. Ал өз көз карашын абдан эле жөнөкөй жүйөөлөр менен негиздеп, салыкты жыйноодо анын чогулбай калышына чоң тобокелдиктер пайда болорун айтып, ушунун өзү бюджеттеги чоң жетишпегендикке алып келет, биз мугалимдерге, врачтарга айлык төлөй албай калабыз, социалдык жактан камсыздоого муктаж болгондорго каражат таба албай каларыбызды билдирди. Биздин команданын мүчөлөрү өз пикирлерин коргоого алышып, дал ушул экономикалык эркиндиктерди кеңейтүү көмүскө экономика менен күрөшүүдөгү жыйынтыкты реалдуу көрүүгө мүмкүндүк берет, дал ушул экономиканы көмүскө абалдан алып чыгуу бюджеттик позициялардын көп эсе жакшырышына алып келет деп айтып жатышты.

Бул эки команданын талашы абдан катуу, айыгышкан карама-каршылыктарга өтүп кеткенин көрүп, анын үстүнө, биздин эл аралык уюмдардагы досторубуз белгилүү бир чектен өтүшүп, бизге кандай жашоо боюнча өз пикирлерин таңуулай башташканын көрүп, мен алардын талашына кийлигишүүгө мажбур болдум. «Кечирип коюңуздар – дедим мен, - мындай бир суроону коюуга уруксат бериңиздерчи - бул өлкөдө ким президент – сиздерби же менби?» Стол үстүндө оор жымжырттык өкүм сүрүп, абдан ыңгайсыз жымжырттык кыйла узакка созулуп кетти. Акыры аягында Бүткүл Дүйнөлүк банктын өкүл айыма эптеп жооп берди: «Кечирип коюңуз, мырза президент, албетте, Сизсиз».

Ошондо мен мындай дедим: «Бул өлкөдө биз кандай деп чечсек, баары дал ошондой болот. Биз сиздердин пикириңиздерди абдан жогору баалайбыз жана да андан азырынча баш тартпайбыз. Бирок, соңку чечимди баары бир биз өзүбүз кабыл алабыз!»

Ушундан кийин өкмөт жана парламент кыска мөөнөттүн ичинде салык тармагы жаатында олуттуу реформаларды жасашты. Кошумча нарк салыгы бюджеттин киреше бөлүгүнүн эң башкы салыгы 20%дан 12%га чейин төмөндөтүлгөнүн эсиңиздерге салып коеюн. Кирешеге болгон салык да эки эсеге азайтылып, ал дагы 20% дан 10% пайызга чейин төмөндөтүлдү. Ал эми жол салыгы деп аталган салык тегеретүүдөн 0.8% дан (адистер мунун абдан чоң сумма экендигин билишет) толугу менен жоюлду. Өзгөчө кырдаалдар үчүн болгон 1.3% өлчөмүндө болгон салык да толугу менен жоюлду. Жер салыгынын баскычтары да олуттуу түрдө төмөндөтүлүп, эң эле көп болгон жер салыгы түндүктүн өрөөндүү райондорунда сугат жерлер үчүн бир гектарына 400 сом өлчөмүндө, же айына бир гектары үчүн 30-40 сом гана болуп калды. Суусамырда жайыт жерлерин пайдалануу үчүн бир гектарына жылына 8 сомду түзсө, бул айына бир сомдон да аз болуп калды. Биз бизнес үчүн жеңил шарттарды сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө түзүүнү кааладык.

Чакан ишканалардын көбүн патенттик негизде иштөөгө өткөрдүк: унаа жуугуч, чачтарач, тиш сала турган кабинеттер, сауналар, мейманканалар, унаа оңдоочу жайлар, ачкычтарды даярдоочулар – алардын баарын санап бүтүү да мүмкүн эмес. Башкача айтканда, өздөрү үчүн өздөрү жумушчу орундарын түзүп, өз үй-бүлөлөрүн багып, ал аз келгенсип, мамлекетке дагы жардам берип жаткандардын ар биринин артынан кубалап жүргөндүн ордуна, биз аларга эркиндик берип: төлөп коюп, патенттин алкагында эмне керек жана пайдалуу деп эсептесеңер ошону жасай бергиле дедик. Ал патенттердин баасы да шарттуу гана болуп, айына - 50-100 сом болуп калды. Башкача айтканда, айына бир-эки доллар, же болжолдуу алганда бир пачка тамекинин акчасын гана төлөйт да, бир ай иштей бергиниң, эч ким сага тоскоолдук да кылбайт. Патентке базарлардагы контейнерлерде соода кылгандар, тандырларда нан бышырып саткандар, өз жеке чарбаларында өндүрүлгөн жумуртка жана каймак саткандар да өткөрүлдү.

Өз көз карандысыздыгыбызды жарыялагандан бери эле, мен өзүм мурдатан эңсеп жүргөндөй, элге эркиндикти берүүдө мен өзүмдү жоопкерчиликтүү, милдеттүү сездим. Өз жашоолорун өз колдору менен жакшыртуу эркиндигин берүүгө милдеттүү өзүмдү сездим. Эгерде биз өкмөт катары адамдарга жумушчу орундарын түзүп бере албасак, завод фабрикаларды кура албасак, анда биз биринчи иретте чакан жана орто ишкерлерге эркиндикти беришибиз керек. Тобокелчилик бар беле? Ооба, тобокелчилик бар болчу, фискалдык саясатта мындай терең реформаларга баруу менен бирге, биз мамлекеттик финансылык саясатын кыйратып алышыбыз да мүмкүн болчу. Бирок, биз бардык кемчилдиктерди жана оң жактарды эсептеп көргөн соң, ушундай тобокелчиликке бардык да, мындан утуп чыга алдык! Акаевдин тушунда бюджеттин киреше бөлүгү 18 млрд. сом болсо, ал эми 2009-жылы биз бюджеттин киреше бөлүгүнө 57 млрд. сом топтодук, башкача айтканда, өсүш 300% ды түздү, ошол эле учурда бул өсүш салыкты абдан төмөндөтүп, эки эсе азайтуудан кийин болуп жатпайбы.

Мен бажы позициялары боюнча өзгөчө белгилеп койгум келет. Бул жагынан алып караганда, Кыргызстанда постсоветтик мейкиндиктеги уникалдуу чечим кабыл алынды - товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү бажы аркылуу өткөрүү, биринчи иретте, Кытайдан өткөрүү килограммдап эсептеле баштады. Өлкөгө эмне алынып келип жатканына карабастан: тапочкаларбы, текстильдик материалбы, мектеп үчүн буюмдарбы, же телевизорлорбу - ушунун баары таразага тартылып көрүп, ал жүктүнар бир килограммы үчүн 15 центтен бажылык төлөмдөр улуттук банктын курстук эсеби боюнча алына баштады. Бул болсо өз кезегинде эл аралык сооба байланышы тармагында ишкерликтин эркиндигин жана жөнөкөйлүгүн аныктады.

Бажы салыгынын жөнөкөй жана жеңил шарттары менен кагазга түшүрүлүшү “Дордой”, “Кара-Суу” базарларынын - орто азиялык регионалдык соода борборлорунун, же азыркыча айтканда, соода хабдарынын түзүлүшүнө өбөлгө түздү. Кытайдан алынып келинип жаткан товар агымынын 90-95% зы андан соң Тажикистан, Өзбекистан, Казакстан, Азербайджан, Туркменияга жана Россияга кетип жатты. Биздин жарандар мындан каражат табышып, байый башташты. Эч кандай апыртып айтуусуз эле, бул киргизилген жаңычылдыктар Кытай менен болгон соода байланыштарынын дүркүрөп өсүшү үчүн чечүүчү факторлордун бири болуп калды, а бул болсо биздин улуу коңшубуз менен болгон мамилебиздин жакшырышына да алып келди.

 

Базарда ар кандай товарлар менен соода кылышкан адамдар өздөрүнө ыңгайлуу үйлөрдү курушуп, балдарын чет өлкөлөрдөн окутууга реалдуу мүмкүнчүлүктөрдү алышты, ал эми иштери өтө эле ийгиликтүү жүрө баштагандары Алматыдан, Москвадан квартираларды сатып ала башташты. Муну баары көрүп турушту. Адамдардын канын төгүп, көз жашын агызып келишкен азыркы бийликтегилер жарандардын жашоосун дароо бир нече эсеге жакшыртып жиберебиз дешкен убадаларын такыр унутушуп, эми болсо уятсыздык менен кыргыз элинин терисин тескери сыйрый башташты. Мен эмне жөнүндө айтып жатамын? Азыркы бийлик бажы төлөмдөрүн 300% га көтөрүштү, азыркы кезде товарларды бажы өтмөгүнөн өткөрүү үчүн адамдар мурдагы менин учурумдагыдай 15 цент эмес, бир килограмм үчүн 45 цент төлөп жатышат. Мен ошол эле Араб Эмираттарынан товарларды алып келип жатышкан бизнесмендерди, "Манас" аэропортунда мурдагы 45 центтин ордуна эми ар бир килограмм үчүн 1.5 доллардан төлөп калышканы үчүн абдан аяймын. Башкача айтканда, бажы салымдары дароо эле 300% га көбөйтүлдү. Өлкө Евразиялык экономикалык коомчулукка кирери менен бул жөнөкөйлөтүлгөн бажы салымдарын төлөө дагы токтойт. Кыргызстан өзүнүн башка бардык өнөктөштөрү сыяктуу эле, товарларды бажылык өтмөктөрдөн алып өтүүдө расмий эсептик-дүмүрчөктөр боюнча төлөөгө өтүшү керек болгондуктан, демек, бизнесмендерге бул сөзсүз жасалышы керек болгон жол жобо үчүн бир нече эсе көп төлөшкө туура келет. Биздин ишкерлерге иштөөдө абдан чоң кыйынчылыктар жаралгандан сырткары, эң эле коркунучтуу нерсе – ушунун баары үчүн катардагы сатып алуучу өз чөнтөгүнөн төлөй баштайт. 300 - 500 пайызга өсүп кеткен бажы төлөмдөрү азыртан эле республика калкынын баары үчүн жеткиликтүү болбогон товарлардын өзүнө турган наркына түздөн-түз таасир этип калат. Бул тууралуу ойлоо мен үчүн оор, анткени, мен өзүмдүн бийлигим тушунда кандай болгондугун, элдин жашоосун жакшыртуу үчүн кандай чечимдерди кабыл алууга туура келгендигин абдан жакшы билгендиктен, азыркы бийлик башындагылар өлкөнү кайсыл тарапка алып бара жатышканын ачык көрүп турамын. Бирок, бул бийликти кандай болгон күндө да эл өзү тандап алгандыктан, эч кандай каршы сөз айтуу, өкүнүү пайдасыз.

 

Сырткы карыз

 

Экономикалык саясаттын бир артыкчылык берүүчү багыты катары мен эң эле жөнөкөй принципти - өз каражатыңа жараша жашоо керек дегенди кабыл алдым. Бул принцип мамлекеттик каражаттарды үнөмдөп, башкаруу аппаратын ырааттуу түрдө кыскартып, башкаруунун сапатын жакшыртуу стратегиясына алып келди, бирин бири кайталагандарды жоюп, жергиликтүү бийлик органдарынын ролун күчөтүп, республикалык органдардын ишин оптимизациялоо керек болду. Арийне, өз каражатыңа жараша жашоо деген бир гана үнөмдөөнү билдирбестен, республиканын сырткы карыздардан болгон көз карандысыздыгын мүмкүн болушунча азайтып, аларды оптимизациялоону дагы билдирет. Туура, мен бийликке келгенде өлкөнү өзүмдөн мурда башкарган Акаевден Кыргызстанды жалпы мамлекеттик карызы 2,5 миллиард АКШ долларына жакын жеткен абалда кабыл алган элем. Бирок, менин башкаруум аяктаган 2010-жылдын 1-январына карата мамлекеттик карыз 2 миллиард долларга жакын ылдый түшкөн, башкача айтканда, 500 миллион АКШ долларына азайган. Сырткы карыздын азайышы мамлекеттин алтын валюталык резервинин тез өсүшү менен байланыштуу болду. Акаев Бакиевге улуттук банкта бар болгону 500 миллион АКШ долларына жакын резервди “калтырса”, Бакиев Атамбаевге улуттук банктагы резервдерди 2 миллард АКШ долларына жакын акча менен “өткөрүп берген”. Демек, Кыргызстандын алтынвалюталык резервдери менин бийлигим тушунда үч эседен ашуун көбөйгөн. Мурда сырткы карызды алуу бюджетти каржылоонун жана ири инфраструктуралык долбоорлорду аткаруунун бирден бир гана жолу болуп келген. Азыр болсо экономисттер дал менин бийлигим тушунда бюджет эң эле тең салмактуу болгон деп эсептеп жатышат. Бюджет тартыштыгы, карыздык милдеттерди аткара албай калуу, пенсия жана жөлөкпулдарды төлөй албай калуу деген коркунучтуу көрүнүштөр болгон эмес. Тескерисинче, айлык акылар өз учурунда төлөнүп, пенсиялар өз учурунда берилип, бардык экономикалык көрсөткүчтөрдүн ырааттуу өсүшү белгилене баштаган.

Акаевдин сиңирген эмгеги катары, албетте, улуттук валютаны киргизүү жана өлкөнүн Бүткүл Дүйнөлүк Соода Уюмуна киришин айтууга болот. Бул алдыга жылуулар постсоветтик мейкиндикте биринчилерден болуп жасалгандыктан, ушунун өзү Кыргызстанга айрым артыкчылыктарды алып келди. Бирок, өлкөнүн өнүгүүсүндөгү тандалып алынган туура эмес багыт, өнөр жай жана агросекторду реформалоо жөнүндөгү жаңылыш жасалган кадамдар, менчиктештирүүнү жасоо ыкмалары, айрыкча айыл чарбасында, өлкө экономикасынын бардык негизги бөлүктөрүн кыйратууга алып келди.

Улуттук валюта ушунчалык кара мүртөз мүнөздөгү инфляцияга тушукканы, бул болсо Кыргызстандык карапайым жарандардын жашоосундагы өтө катуу оорчулуктарга алып келгени таң калычтуу деле эмес. Себеби, сом киргизилип жатканда 1993-жылдын май айында сомдун расмий курсу 0,25 АКШ долларына барабар болчу. Арийне, ошол жылдын аягында эле сомдун наркы 50 пайызга түшүп кетти. Улуттук валютанын курсунун төмөндөшү тынымсыз жүрүп олтуруп, 1997-жылы бир доллар 15 сомго чейин өстү, ал эми Акаевдин бийлигинин соңку учурунда, 2005-жылы кыргыз сому бир долларга 45 сом болгон деңгээлге чейин түштү. Бир гана айлык акыга карап жашап жатышкан өлкө жарандарынын маанайы кандай болуп калгандыгын элестетүү деле кыйын эмес. Эртең менен кассадан алган акча кечке чейин эле реалдуу күчүн жоготуп, айлык маянага үй-бүлөнү бир жумага гана эң зарыл нерселер менен камсыз кылуу мүмкүн болуп калган.

Мен бийликке келгенде улуттук валютанын курсу бир долларга 45 сом болуп калган, а мен бул кызматтан кеткен кезде доллар 5 жыл ичинде бар болгону үч сомго өсүп, бир доллар 48 сомго бааланган. Ушунун өзү эле биздин инфляцияны ооздуктап, улуттук валютанын түшүп кетпешин рекорддук деңгээлде кармай алганыбызды көрсөтүп турат. Эгерде бюджетке болгон кирешелерди эсептеп көрүп, же ички дүң продукцияны эсептей турган болсок, реалдуу курстук эсептөө боюнча алганда, мурунку беш жылдыктагы жетишкендиктерди кийинки беш жылдагы экономикалык жыйынтыктар менен салыштырып көрө турган болсок, анда Атамбаевдин экономикадагы “абдан чоң жетишкендиктерине” өтө калыс баа берилет: эч кандай өсүш жок, бир гана кыйроо жана стагнация гана бар. Дегеле, бул сомдун курсунан деле көрүнүп турбайбы. Соңку беш жылда эле улуттук валюта бир долларга 48 сомдон 63 сомго чейин түшүп кетти. Мындан ары ушундан да жаман боло берет. тез аранын ичинде чараларды көрүп, өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүү керек.

 

Кыргызстандын карыздарынан кутулууга мүмкүнчүлүктөр бар, эгерде терең ойлонулган, жаратмандык принциптерге негизделген экономикалык саясат жүргүзүлө турган болсо, ал карыздар кайтарылып берилет. Биз ишене албай турган ийгиликке жетише алганыбызды өзгөчө белгилеп койгум келет. Менин бийлигим тушундагы беш жыл иштеген учурда бюджет кирешелери кескин өсүп, ошол эле учурда салык да кескин түрдө кыскарган, ойлонулбаган сырткы карыздардан баш тартып, Эл аралык валюталык фонд жана Бүткүл Дүйнөлүк банктын таңууланган талаптарынан баш тартуу менен бирге, ири долбоорлордун негиздерин түзүп, иштеп чыга алдык. Биз анклавдарды айланып өтүп, Исфанага автомобильдик байланыш жолун кура алдык. Бул тууралуу биз Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Баткен областында өткөн эки жолку жолугушууда макулдашууга жетиштик. Тажикстан менен кышкы жана жайкы мезгилдерде электр энергиясын алмаштыруу боюнча суроолор дагы ошондой эле ийгиликтүү чечилген, ал эми Лейлек районунун тургундары энергетикалык туюктан чыгышкан. Ошондо эле анклавдарды айланып өтүүчү көпүрөлөрдү жана жолдорду куруу башталып, ошол эле учурда эки республиканын тең чектешкен аймактарында суу менен камсыз кылууну жакшырта алдык. Тажик өнөктөштөрүбүз менен айыл чарба жайыттарын чогуу пайдалануу аркылуу биз өзүбүздүн Алай району аркылуу Тоолуу Бадахшанга жүк ташууну мыйзамдаштырып, кыйла жөнөкөйлөштүрө алдык. Биздин байыртан берки жакын коңшубуз Тажикстан менен болгон өз ара мамилелерди жакшыртуудагы стратегиялык маселелерди чечүүдө жасалган нерселердин баарын эсептей да албайсың.

 

Азыркы кезде чектешкен аймактардын жаңылыктарын окуу коркунучтуу жана жүрөк оорутат. Ал жаңылыктар согуш талаасынан келип жаткан маалыматтарды эске салып: тиерде өлтүрүп кетишти, бул жерде чабуул коюшту, алжакта атып кетишти, ал жерде чек араны талашып жатышат, тигинде макулдаша албай жатышат деген сыяктуу жаңылыктарга толгон. Деги кайда баратабыз? Биздин коңшулар менен менен болгон өз ара мамилелерибизде жетишилген тынчтыкты кантип ушундай жоопкерчиликсиз бузууга болсун?

 

Мен 2005-жылы бийликке келген алгачкы жумалардан баштап эле, ЛЭП-110 «Айгульташ-Самат» курулушун баштоо пландалган болчу, “Датка” көмөкчү станциясын куруу боюнча даярдык көрүү, “Датка-Кемин” электр өткөргүч линиясын, «Кемин» көмөкчү станциясын куруу иштери башталган. Менин тапшырмам боюнча, жалпы суммасы 350 АКШ доллары болгон долбоордук иштерге кол коюлган, ал боюнча кредитти кытайлык Эксим Банк бере турган болгон. Азыркы бийликтин жалгыз гана жетишкендиги – анын дал ошол келишимге кайрадан кол коюшу болуп калды, андагы сумма 390 млн. АКШ долларына көбөйтүлдү. Башкача айтканда, долбоор эл үчүн 40 млн. долларга түшүп калды. Мындан сырткары, мен Бишкек Жылуулук берүүчү Электр борборун реконструкциялоо боюнча долбоорду, Тамчыдагы аэропортту реконструкциялоону, Кызыл-Кыядагы цемент заводун (бул долбоор 2007-жылдын августунда колдоого алынган) баштаган элем. “Ош-Бишкек” магистралдык трассасынын экинчи жана үчүнчү фазаларын реконструкциялоо болгон. «Джунда» (2009-жыл) нефти иштетип чыгаруучу заводунун курулушу башталган, “Кумтөр” боюнча маселелерди реструктуризациялоо жана чечүү башталып, башкача шарттардагы жаңы келишимге кол коюу маселелери чечилген, АКШ менен “Манас” авиациялык базасы боюнча өз ара мамилелер оптималдаштырылды. Бул аталган нерселерге дагы бир топ өлкө үчүн жетишерлик маанилүү болгон долбоорлорду кошууга болот.

 


Дата добавления: 2015-11-15; просмотров: 57 | Нарушение авторских прав


<== предыдущая страница | следующая страница ==>
Талкалануунун кесепеттерин жоюу| Quot;Кумтөр" долбоору

mybiblioteka.su - 2015-2024 год. (0.018 сек.)